Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Муфтият активисттердин айыптоосун четке какты


Максатбек ажы Токтомушев
Максатбек ажы Токтомушев

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы активисттер Акин Токтоналиев менен Келдибек Аскаралиевдин муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин дарегине айткан кептерин четке какты.

Аталган эки активист муфтийдин жогорку билими жок экендигин, Пакистандагы медресени эле аяктаганын билдирип, бул кызматта отурганы мыйзамсыз деп маалымат жыйынын курушкан эле.

Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Максатбек ажы 1991-95-жылдары Скрябин атындагы айыл чарба институтун “зооинженер” адистиги боюнча аяктаганы, 1998-2003-жылдары Пакистандын Лахор шаарындагы “Ал Арабия” университетинен исламдын ханафи мазхабы боюнча жогорку диний билим алганы белгиленет.

Токтомушев муфтий кызматына 2014-жылы үч жылдык мөөнөткө шайланган.

4-апрелге белгиленген Кыргызстан мусулмандарынын курултайында жаңы муфтий шайланат. 24-февралга чейин талапкерлерди каттоо жүрүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG