Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

БЭК: Ачкачылык акциялары токтотулбайт


Алайдагы нааразылык акциядан бир көрүнүш. 14-январь, 2010-жыл.
Алайдагы нааразылык акциядан бир көрүнүш. 14-январь, 2010-жыл.

Сегиз жылга кесилип, абакта жаткан генерал Исмаил Исаков кыргыз элине, саясий үзөңгүлөштөрүнө жана тарапкерлерине кайрылуу жасап, ачкачылык акциясын токтотууну өтүндү. Бул арада анын боштондугун талап кылган ачкачылык акциясына дагы эки киши кошулуп, нааразылык чара токтотулбасын билдиришүүдө.


Генерал талапкерлерин ачкачылыкты токтотууга чакырды

И. Исаковдун кайрылуусу 19-январда жазылган. Анын мазмунун кечээ абакта жаткан генерал менен жолугушуп чыккан А. Бекназаров бүгүн коомчулукка жарыя кылды. Адвокаттын айтып бергени боюнча кайрылууда И. Исаков өзүнүн камактан бошотулушун талап кылып, ачкачылык акциясына барып жаткан тарапкерлеринен иш-чараны токтотууну суранган:

- И. Исаков кайрылуусунда минтип айтыптыр: “Бүгүнтөн тартып, мындан ары да ачкачылыкты токтотууңуздарды, эч кандай мыйзам бузууга барбооңуздарды суранам. Андан көрө менин камалышым – саясий буйрук экенин, жасалма иш менен камоо болгондугун, менин иш-аракеттерим коррупцияга каршы, өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу, сиздердин турмушту жакшыртууга болгон аракет экендигин ар бир коргоо комитеттеринде, айыл-кыштактарда, райондордо элдин, окуу жайларда студенттердин арасында жайылтып, түшүндүрүп берүүңүздөрдү өтүнөм”.

Саясий камактагыларды бошотуу талабы менен жарыяланган ачкачылык акциясынын демилгечиси болгон БЭК иш-чаралар токтотулбай, күрөш улантыла берерин билдирүүдө.

Оппозициянын нааразылык чараларын токтотуу ниети жок

Бүгүн Исаков болсо эртең дагы башка бирөө камалат. Ошондуктан саясий акциялар токтобойт.Д. Чотонов
“Ата Мекен” партиясынын жетекчисинин орун басары Дүйшөн Чотонов Исмаил Исаков гана эмес, бийликтин саясий куугунтугуна туш болгон бардык адамдар толук акталмайынча акциялар токтотулбастыгын айтат:
Бишкекте ачкачылык жарыялагандар. 13-январь, 2010-жыл.

- И. Исаковду коргоо комитети да, оппозициялык кыймыл да ачкачылык акцияларын токтотпой, уланта берүүнү чечтик. Анткени бүгүн баарынын көзү жетип турат, азыр И. Исаков болсо, эртең дагы башка бирөө камалат. Ошондуктан, саясий акциялар токтобойт, мындан ары дагы башка кадамдар жасалат.

Мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы И. Исаковго кызмат абалынан пайдаланып, офицерлердин балдары үчүн Жаңы жылдык балаты уюштурган, 8-мартта аскердеги аялдарга майрам уюштурган, коргоо министрлигине тиешелүү 2 бөлмөлүү батирди уулуна берип койгон деген айыптар менен кылмыш иши козголуп, Бишкек аскердик гарнизондук соту тарабынан генерал-лейтенанттык чининен ажыратылып, 8 жылга кесилген. Сот И. Исаковго козголгон кылмыш иштеринин ичинен майрамдар үчүн акча бөлгөнү мыйзам бузууга жатпайт деген чечим чыгарган.

Бирок ошол эле сот 2 бөлмөлүү батир И. Исаковдун башка жакта жүргөн уулуна эмес, коргоо министрлигинде 8 жылдан бери иштеген офицерге берилгенин, андан да тышкары ал батирди И. Исаков өзү министр болуп турган учурда кайрадан уулунан алып, көп балалуу аскер кызматкерине бергендигин эсепке алган эмес. Муну баса белгилеген анын тарапкерлери И. Исаков азыркы үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы чыкканы үчүн бийлик тарабынан куугунтукталды деп бекемдеп келет.
Бул иштерди саясатка байлоонун кереги жок.
Б. Абдырасаков

Ошентсе да Исмаил Исаковго жана башка сот жообуна тартылып жаткан оппозициялык ишмерлердин ишин саясатка байлоого болбойт, бардыгы мыйзам чегинде жүрүп жатат деген пикирлер да жок эмес. мындай пикирдегилердин бири “Ак жол” партиясынын парламенттеги өкүлү Бейшен Абдырасаков:

- Ар ким мыйзамдын алдында бирдей, ал президент болобу, министр болобу, депутат болобу же карапайым адамдар болобу, мыйзамды бузса, тиешелүү жоопкерчилигин тартышы керек. Кыргызда сөз бар, “колуң менен кылганды мойнуң менен тарт” деген. Ошондой эле иш бул дагы, муну саясатка байлоонун эч кереги жок. Андан көрө экономиканы көтөрүүгө көптөп киришкенибиз оң болмок.

Ошентип И. Исаковду жана башка саясий камактагыларды бошотуу талабы менен башталган саясий ачкачылык уланууда. Бүгүн Бишкекте беш киши, Сопу-Коргондо 9 киши ачкачылык кармап жатышат. Сопу-Коргондогу И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зикиров генерал толук акталып чыкмайынча нааразылык иш-чаралары токтотулбасын “Азаттыкка” билдирди.

Исмаил Исаковдун кайрылуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:54 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG