Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Р. Отунбаева: Өлкөгө бүлүк салгысы келгендерге каршы турганга күчүбүз жетет


Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева өлкөдө баш-аламандыкты уюштургусу келип, стабилдүүлүктү бузганга аракет кылган күчтөргө каршы турууга Убактылуу өкмөттүн күчү жетээрин жана даярдыгы бар экенин билдирди.

Роза Отунбаева эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен болгон конституциялык реформа боюнча бүгүнкү талкуудан кийин өлкөдөгү кырдаал тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

- Роза айым, Ошко барганда сиздин айрым орунбасарларыңыз, ошол жерде Убактылуу өкмөттүн курамында болочок башкаруу формасы боюнча биримдик жок экени билинип калды. Маселен Исмаил Исаков менен Бекназаров Ошко барганда биз президенттик башкаруу үчүнбүз, биз парламенттик башкарууга даяр эмеспиз деп чыгышты?

- Мындай да, биз азыр Конституцияны талкуулап атканда көп эле адамдар президенттик башкаруу да керек деп айтып атышат. Талаш сөздөр болуп атат, ошондой көз караштар бар. Түштүктө да 600 киши отурду залда. Ошол жерден да чыгып айтып калышты, биз абдан катуу президенттик башкарууга дуушар болуп атабыз деп. Мен ошол жерде отурдум, ошондо экөө тең айтып калышты, биздин да өзүбүздүн долбоорлорубуз бар, биз өзүбүдүн долбоорубузду чыгарганга дайыма даярбыз деп, ошондой көз карашын айтышты. Муну качан эле айтышкан болчу. Мисалы, башында эле президенттикке талапкерлигин коюп атканда Исаков ошону айткан болчу. Бирок мен айтат элем сиздерге, бул көз караш ар бир жеке адамдыкы, булар инсандар абдан бышкан, чыгаан саясатчылар. Бирок мен ишеничтемин, биз баарыбыз, убактылуу өкмөт мүчөлөрү азыркы болуп аткан долбоордун аркасында болобуз.

- Исхак Масалиев кечээ кармалгандан кийин айтпадыбы, бир гана мыйзамдуу бийлик, бул Жогорку Кеңеш деп. Сиздер Жогорку Кеңеш менен иштесесиздерби, дегеле Масалиевдин кармалышы боюнча эмне айта аласыз?

- Биз Жогорку Кеңешти таратканбыз. Мыйзамдуу бийлик деген ал эл колдогон бийлик. Кыргыз эли азыр «Ак жолду» колдойбу, же жокпу деп сурап көргүлө. Мына ошондо биз көрөбүз кимиси мыйзамдуу экен, кимиси мыйзамсыз экен. Исхак Масалиевдин кечээ кармалышы биз үчүн күтүүсүз нерсе болду. Мен өзүм кийин кеч угуп калдым ал жөнүндө. Чынында И.Масалиевди бирөө кармап, бир жака отругузайын деген жок болчу. Ал суракка чакырылган болчу. 6-апрелде Жогорку Кеңеште биздин эле фракция болгон жок ал жерде, алтысында талкуу болду эки фракция - акжолчулар жана коммунисттер отуруп алып, Таласта болуп аткан окуяларга баа берип, көз караштарын айтып, басыш керек, жоготуш керек, камаш керек деп аткандарды элге дагы бир жолу көрсөткөнгө, айтканга мүмкүнчүлүгү дайыма бар. Бирок мен айтат элем, ошол боюнча азыр биз бир топ депутаттарды сурап атабыз. Алардын көз караштарын сурап атабыз. Ал суракка алынган болчу. Бул өзүнчө чоң окуя болуп кетти. Бирок ал боюнча биз прокуратурадан да сурайбыз.

- Чек ара эмне болуп атат?

- Чек араны он биринде ачабыз деп Казакстанда чечим кабыл алынган болчу. Бирок өзүңүздөр көрүп атасыздар, Кыргызстанда мындай окуялар пайда болуп, аларга да таасир этип атат, бизде тынчсыздануу болуп атат. Ошондуктан биз канчалык тезирээк тынчтансак, ошончолук тезирээк чек ара ачылат.

- Жакынкы арада ар кандай күчтөр өз талаптары менен чыгаары айтылууда, эгер ала чыкса сунуштарын укканга даярсыңарбы, же кандай иш чараларды жүргүзөсүңөр?

- Кечээ күнкү болгон окуялар боюнча мен аларды мындай деп таржымалайт элем. Кечээ биз шейит кеткен балдардын аза күтүүсүндө болдук эле, ыйык күн. Биз үчүн бул балдар канын төгүп, ата-энелери кан жутуп турган учурда кечээ бийликке келе албай, умтулуп, бийликке жутаган адамдар кечээ өздөрүн кыйын экенин көрсөтүп Жогорку Кеңештин алдында турду. Карап көрсөңүз, ошолордун арасында мисалы Барктабасов дейт, Барктабасовдун кишилери, мен жакшы түшүнбөй атам, бул кишинин жасагандарын, же ойлорун. Бул кишини Бакиевдин бийлиги өткөндө сотко тартты эле. Мына азыр болсо Бакиев жок болуп атат, мүмкүнчүлүк ачылып атат.

Экинчиден, «Ак жол» партиясы Коммунисттер менен бирге биз эле легитимдүү дегендер... Азыр элден сурасын, канчалык алар легитимдүү экенин. Легитимдүү деген сөз бүгүн эл кимге ишеним берсе ошолор легитимдүү. Бизди эл колдоп атат. Эң биринчиден жанагы 86 шейит кеткен балдардын ата-энеси бизди колдоп турушат бүгүн. Бирөө да айтып аткан жок, силер үчүн булардын каны төгүлдү деп. Алар “Мекенибиз ушул туңгуюктан чыгып кетсин, Кыргызстан гүлдөсүн”, деп айтып атышат.

Ошондуктан азыр жанагыдай күчтөр келип, бизге тоскоолчулук жасап, Кыргызстанды артка тартып, баарыбызды бөлүп-жаруу аракетинде болсо, биз да ошого туруштук бергенге толук күчүбүз да, даярдыгыбыз да бар.

XS
SM
MD
LG