Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

КМШда биринчи аял президент Кыргызстандан чыгабы?


Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөт төрайымы.
Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөт төрайымы.

Убактылуу өкмөттү жетектеп келген Роза Отунбаева президенттин да, өкмөттүн да милдетин аткармай болду. Бул боюнча “Өткөөл мезгилдин президенти” деген декрет кабыл алынып, ал жобо катары Конституциянын жаңы долбооруна киргизилди. Бул маселе 27-июнга белгиленген референдумга коюлмакчы.

Бирок Убактылуу өкмөттүн мындай чечими айрым эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын сынына кабылууда.

Убактылуу өкмөт кабыл алган “Өткөөл мезгилдин президенти” декретине ылайык, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага президенттин жана өкмөт башчынын ыйгарым укуктары берилет. Президенттин кызмат мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген.

Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары, Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев бул сунуштун референдумга киргизилишин өлкөдөгү азыркы кыйын кырдаал менен байланыштырат:

- Кыргыз Республикасынын өткөөл кездеги президентинин укугу чоң болот. Ал бүгүнкү Конституцияда каралган президенттин жана өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын толугу менен өзүнө алат. Эгерде референдумда бул долбоор жактырылып, өткөөл мезгилдин президенти дайындалса, кошуна өлкөлөр биздин элдин эрки менен эсептешкенге мажбур болушат. Анткени бул эл шайлаган президент болот.

Референдумда элге бир гана суроо чыгарылат. Бул - "Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жана Конституцияны ишке киргизүү боюнча мыйзамды кабыл аласыңарбы?" деген суроо. Мына ошонун ичинде өткөөл мезгилдин президентин дайындоо боюнча жобо да бар. Демек жаңы Баш мыйзамды колдогон адам өткөөл убактын президентин да колдоду дегенди туюндурат.

Муну Конституциялык кеңешменин катчылыгын төрагасы Данияр Нарынбаев да бышыктады:

- Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда жана Конституцияны ишке киргизүү боюнча мыйзамында бул өзүнчө жобо болуп кирди. Бирок референдумга бир гана суроо чыгат.


Анкен менен айрымдар референдумда "Өткөөл мезгилдин президенти" деген суроо өзүнчө болушу керектигин айтышууда. Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Токтайым Үмөталиева Конституцияда убактылуу мезгил деген түшүнүк болбойт деген пикирде.

- Биз кеңешменин акыркы вариантында Убактылуу өкмөттү жана Убактылуу өкмөттүн президенти деген теманы киргизген эмеспиз. Добушка да койгон эмеспиз. Ошондуктан декретте жазылып жаткан биринчи пункту – бул Текебаевдин өзүнүн жазган калпы. Бул элди да, Роза Отунбаеваны да абдан ыңгайсыз шартка келтирип койду. Конституциялык нормада Убактылуу өкмөт деген түшүнүк болбойт, Конституция деген – бул туруктуу нерсе.

Өткөөл мезгилдин президенти кандайча тандалган?

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Убактылуу өкмөттүн башында турган 13 эркек лидер Р.Отунбаеваны өткөөл мезгилдин президенти болуп берүүсүн суранышкан. Мындай президент болуш үчүн Роза Отунбаева кандай шарттарга көнүш керек эле?

Өмүрбек Текебаев буларга токтолду:

- Өткөөл мезгилдеги президент өзүнүн саясий келечегин тобокелге салыш керек. Мен Кыргызстандын келечеги, ынтымагы, адилет шайлоо үчүн өзүмдүн саясий келечегимди токтотом. Андан кийин эч кандай бийликке умтулуп, доомат койбойм деген адам керек эле. Ал адам саясий партиялардан чыгып эч бир партияга сөзү менен, кыймыл-аракети менен, ишаараты менен жан тартпастан адилет тура алам деген киши болуш керек эле. Мына ошондой адам деп биз арабыздан Роза Отунбаеваны тандадык.

Ал эми Роза Отунбаева бул чоң жоопкерчилик экенин белгилеп, ишеничти актоого толук бойдон аракет кыларын айтты. Бирок ал ошону менен саясаттан кетер, кетпесин ачыктаган жок.

- Мен муну тарыхый миссия деп айтаар элем. Мен сиздердин ишеничиңиздерди актаганга толук бойдон аракет кылам. Бул Убактылуу өкмөттүн декрети менен гана эмес, референдум аркылуу чечилиши керек. Ошондуктан алдыда дагы чоң сыноо турат.

Мына ушул себептүү 21-майда Р.Отунбаева Социал-демократтар партиясынын катарынын чыккандыгын жарыя кылды.

Өмүрбек Текебаев болсо мындай чечим Кыргызстан эмес жалпы Борбор Азиянын тарыхында маанилүү кадам экенин белгилөөдө. Ал референдумга башка атаандашы жок бир адамды алып чыгуу - демократиялык принциптен алыстагандык эмес экенин айтып чыккан.

Деген менен чет элдик серепчилер башкача пикирде. Deutsche Welle радиосуна берген маегинде немис эксперти Беате Эшмент муну демократиялык көз караш менен алганда көйгөйлүү чечим деп баалаган. Бирок Кыргызстандагы соңку кырдаалга жараша кабыл алынган чечим болсо керек деген оюн билдирген.

Ошентип парламенттик шайлоолордон кийин өткөөл мезгилдеги президент өзүнүн ыйгарым укуктарынын көбүнөн ажырайт. Ал эми жаңы парламент 45 күндүн ичинде жаңы өкмөттү түзүп, президент премьер-министрдин милдетин аткаруудан ажырайт. Президенттик шайлоо өткөндөн кийин бир жарым жыл убакыт мамлекетти башкарып турган өткөөл убактын президенти өз кызматын жаңы шайланган президентке өткөрүп берет. Бирок бул бир гана Кыргызстандын эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги биринчи аял президент болуп тарыхта кала берет.

XS
SM
MD
LG