Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Сахаров сыйлыгы туткундан качып чыккан укук коргоочуларга ыйгарылды


Укук коргоочу Надиа Мурад Баси
Укук коргоочу Надиа Мурад Баси

Андрей Сахаров атындагы “Эркин ой жүгүртүү үчүн” сыйлыгы Ирактык укук коргоочулар Надиа Мурад Баси жана Ламийя Аджи Башарга ыйгарылды.

Экөө тең езид азчылыгынын укугун коргоо менен алектенишет. Алар ошондой эле “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлеринин туткунуна түшкөн аялдарга жана балдарга жардам берип келишет. 2014-жылы Надиа Мурад менен Ламийя Аджи Башар өздөрү да террордук топтун туткунуна түшүп, сексуалдык кулчулуктун курмандыктардына айланышкан. Бир нече айдан кийин кыздар барымтадан качып чыгышкан.

2015-жылдын декабрь айында Надиа Мурад Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде сөз сүйлөп, езиддердин кыргыны жана адам аткезчилиги тууралуу баяндама жасаган.

Ушул жылдын октябрь айында укук коргоочу Вацлав Гавел атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.

Советтик диссидент Андрей Сахаров атындагы “Эркин ой жүгүртүү үчүн” сыйлыгы Европа парламенти тарабынан 1988-жылдан бери жыл сайын ыйгарылат. Адам укуктары жана сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн жеңүүчүгө 50 миң евро берилет. Тапшыруу аземи 10-декабрда өтөт.

XS
SM
MD
LG