Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Ө. Текебаев: Г. Павлюк өлкөдөгү саясатты өзгөрткүсү келген


Киши колдуу болгон журналист Г. Павлюктун Интернетке жарыяланып кеткен долбоорунун маани-маңызы тууралуу “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө. Текебаевди сөзгө тарттык.


- Өмүрбек мырза, Геннадий Павлюк тирүү кезинде жазган долбоорлору, айрым каттары Интернетке жарыяланып кетти. Алардын арасында сиз менен да пикир алышкан каттар бар экен. Бул материалдар канчалык деңгээлде чындык экендигин жана андагы көрсөтүлгөн негизги маселелер тууралуу айта кетсеңиз?

- Биринчиден, Геннадий Павлюктун электрондук дарегиндеги материалдардын баары казак полициясынын колунда. Бул Геннадийдин үй-бүлөсүнүн макулдугу менен тергөө иштерине жардам берүү максатында тапшырылган. Геннадий Павлюктун долбоорлору боюнча мени менен кат алышкан материалдардын бир бөлүгү интернетке чыгып кетти, биз мунун жарыяланышын туура деп эсептейбиз. Анткени ал катта Геннадийдин жеке маселеси каралган эмес, элге, коомго маанилүү болгон маселелер каралган. Геннадийдин киши колдуу болуп өлгөнүнөн кийин бул кат жарыяланышы керек эле. Анткени Геннадийдин ким экендигин, эмне үчүн ал тобокелде жашагандыгын, эмне үчүн күрөшкөндүгүн көргөзүп, жарандык кайратын элге тааныта турган материал. Экинчиден, Геннадийдин туугандары, достору сыймыктана турган адам экендигин тастыктоочу документ. Үчүнчү жагынан, Геннадийди ким өлтүрдү, өлтүрүүнүн мотиви, себеби эмнеде деген суроолорго бул каттар жооп бериши мүмкүн эле.
Г. Павлюктун долбоорунда өлкөдөгү саясатты, идеологияны, бийликти өзгөртүү маселелери конкреттештирилип каралган эле.

Анткени Геннадийдин долбоорунда массалык маалымат каражатын, гезит же сайт ачууда эмес, өлкөдөгү саясатты өзгөртүү, идеологияны өзгөртүү, бийликти өзгөртүү маселелери конкреттештирип каралган. Ошондуктан бүгүнкү бийлик Геннадийге өчөшкөндүгүн, анын өлүмүнө кызыкдар болгондугун далилдей турган документ. Экинчиден, ал өлкөдө орус тилдүү массалык маалымат каражатын чыгарып, Кыргызстан эле эмес дүйнөлүк чөйрөгө таасир эткенге аракет кылган. Орус мамлекети менен Кыргыз мамлекетинин ортосундагы мамилелерди бекемдөө үчүн өзүнүн чоң долбоорлору болгон. Мен ойлойм, Геннадийди өлтүргөндөр анын долбоорлору масштабдуу, реалдуу экен, аны колдой турган күчтөр Кыргызстандан эле эмес сырттан да чыгышы мүмкүн деген ойдон чочулап, анын өмүрүнө кол салган болуш керек. Ошондуктан бул документтин жарыяланышы - кылмышкерлердин жүзүн ачканга, аларды тактаганга коомчулукка жардам берет деп ойлойбуз. Өзгөчө бул казак кызматтары “Геннадийди кыргызстандыктар өлтүрдү, жөн эле кыргыз жарандары эмес Улуттук коопсуздук кызматынын контр чалгындоо бөлүмүнүн офицерлери” деп айткандай кийин Геннадийдин бул каты коомдук чоң мааниге ээ.

- Ушул жазылган долбоорлорго караганда Геннадий Павлюк “Ата Мекен” партиясынын идеологу эмес беле?

- Негизинен акыркы алты айда ал “Ата Мекен” партиясынын идеологиялык жана маалыматтык саясатын алып барып жаткан адам болуп калган болчу.
Анын өлүмүнө оппозицияны колдоосу, "азыркы бийликти алмаштырганга аракет жасайм" дегени себеп болду го деп ойлойм

- Сиздин оюңузча, Геннадий Павлюктун өлүмүнө дал ушул долбоорлор себеп болгон жокпу?

- Биз, “Ата Мекен” социалисттик партиясы өзүбүздүн позициябызды билдирип, бул өлүм - саясий өлүм, аны буйругандар бүгүнкү Кыргызстандагы бийлик режими деп ачык айттык. Геннадийди биз жакшы билебиз, ал карапайым, жөнөкөй журналист анын бизнеси дагы, чоң иштери да болгон эмес. Анын өлүмүнүн себепкери мына ушул көз каранды эмес, оппозициялык массалык маалымат каражаттарын ачуу жана оппозициялык күчтөрдү, ошонун ичинде “Ата Мекенди” түздөн-түз колдоп, “бүгүнкү бийликти алмаштырганга аракет жасайм” дегени болдубу деп ойлойм.

- Геннадий Павлюктун бул долбоорлору эми сиздердин партия же башка бирөөлөр тарабынан улантылабы?

- Геннадий Павлюк Борбор Азиядагы үч-төрт таланттуу аналитик журналист болсо, ошолордун бири болгон. Бул долбоорду башка бирөө алып кетиши кыйын, анткени долбоордун ээсине, авторуна эл аралык ишеним керек. Финансылык, моралдык, саясий жактан колдоочу чоң күчтөр керек. Ал жөн гана каалоо же журналисттик аналитикалык таланттан башка дагы бул жерде чечкиндүүлүк, фанатизм, өмүрүн тобокелге салып, тынччылыгын тобокелге салып, ага көп жылдык өмүрүн арнаганга, курмандыкка даяр адамдар керек. Тилекке каршы Геннадий Павлюктун ордун басар адам жок. Мен ойлойм, Геннадийди өлтүргөн адамдар дагы анын уникалдуу экендигин, анын ордун басар, ордун алмаштыра турган адам жок экендигин билгендиктен ушундай иш жасап атышкан болуш керек.

- Бул окуяны “Ата Мекен” партиясына карата жасалган бир эскертүү катары кабыл алууга болобу?

- Биз муну “Ата Мекен” социалисттик партиясына гана эмес, жалпы сөз эркиндигине, эркин журналисттерге, бүгүнкү бийликтин оппоненттерине жасаган чоң эскертүү деп эсептейбиз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG