Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Швейцария Кыргызстандын негизги экспорттук рыногу катары калды


Улуттук банк презентация кылган алтын куймалары
Улуттук банк презентация кылган алтын куймалары

Кыргыз алтынын сатып алуучу өлкөлөрдүн арасынан Швейцария алдыңкы көрсөткүчтү кармап калды. Кыргызстан 42% алтынын аталган өлкөгө экспорттоп жатканын Экономика министрлиги кабарлады.

Жалпысынан Кыргызстан 80ден ашуун өлкөгө өз товарларын сатат. Алардын ичинен:

Швейцария - 42 %;

Казакстан - 17,8%;

Орусия - 9%;

Өзбекстан - 8,1%;

Түркия - 5,8%,

Бириккен араб эмирлиги - 2,4%;

Кытай - 5,2%;

Британия - 2,1% көрсөткүчтөр менен экспорттун көлөмү жарыяланды.

Кыргызстандын экспорттук көрсөткүчүнүн ичинен алтын 45,4% менен алдыңкы сапты кармап келет. Айыл чарба азыктарынын экспорту 12% болсо, жеңил өнөр жай 11% түзөт.

XS
SM
MD
LG