Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Путиндин сапарында үч документке кол коюлду


Президент Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин. Бишкек, 28-февраль.
Президент Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин. Бишкек, 28-февраль.

Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кыргыз-орус президенттери Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусунда эки өлкө ортосунда кызматташтык тууралуу документтерге кол коюлду.

Алар - өз ара кызматташуу жөнүндөгү президенттердин билдирүүсү, 2015-жылдын 31-мартында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүү келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча федералдык кызматтын жугуштуу илдеттер менен күрөшүү боюнча меморандуму.

Орус президенти бүгүн Бишкекке Борбор Азия сапарынын алкагында келди. Анын сапары 27-февралда Казакстандан башталып, Тажикстанда уланган жана бул өлкөлөр менен дипломатиялык алаканын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган. Кыргыз-орус дипломатиялык мамилесине 20-мартта 25 жыл толот. (NT)

XS
SM
MD
LG