Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:44

Өзгөчө кырдаалдагы референдумга өзгөчө коопсуздук керек


Референдум өтө турган күнү коомдук жайлардагы жана шайлоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси "Азаттыктагы" кезектеги тегерек үстөлдөгү талкуунун темасы болду.

Талкууга катышкандар:

Жаркын Бапанова, БШКнын мүчөсү

Жекшен Кулмамбетов, Ички иштер министрлигинин коомдук, коопсуздук башкармасынын орун басары

Медер Талканчиев, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын координатору

Имамберди Жалилов, коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкерителефон аркылуу)

"Азаттык":
Бүткүл элдик референдумга эки күн калып отурат. Ушул учурда саясий өнөктүк маалындагы өлкөнүн коопсуздугу, шайлоочулардын коопсуздугу, айрыкча түштүк аймагындагы жаңжал жаңы эле басылып, тынчтык эми калыптана баштаганда, эң эле актуалдуу маселе болуп турат. Ушундан улам суроо. Бүгүн Убактылуу өкмөт жана БШК шайлоо участокторунда коопсуздукту камсыздоонун кандай механизмдерин иштеп чыкты?

Жаркын Бапанова: Бүгүн БШК өзүбүздүн жыйыныбызды өткөргөндө эртең менен саат 11де, ошондо бардык укук коргоо кызматкерлерин чакырып, талкууладык, референдум өткөн күнү шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнүн жана шайлоочулардын коопсуздугун кантип камсыз кылабыз деген маселени. Алар өздөрүнүн маалыматтарын беришип, кандай чараларды көрүп атканын айтышты. Бардык шайлоо участкаларда 7 миң 500дөй милиция кызматкери болот деди, анан башка элдик дружиналар дагы участкаларга келип жардам беришет. Анан кийин саясий партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар дагы өзүлөрүнүн байкоочуларын коебуз деп атышат. Ошондо баарыбыз тең бир ынтымакта болуп ушул шайлоону өткөргөнгө аракет кылып атабыз.

Жекшен Кулмамбетов: Бүгүнкү күнү Ички иштер министрлиги күчөтүлгөн режимде иш алып барып атат. Өзүңөр билесиңер, бүгүнкү добуш берүү участоктор да такталган, 281 участка, бул эже айтып кеткендей, биз 7 миң 500дөй кызматкерди ошол участкаларга бөлүп атабыз. Ошондо кээ бир көп эл катталган жерлерде 4-5тен, кээ бир жерде экиден турушат. Бүгүнкү күндө элдик кошундардын катары сегиз миңден ашты. Ошолорду дагы тартып атабыз. Ошондо ар бир участкада 8-10дон элдик кошуундардын мүчөлөрү болот. Мен айтып кетейин, азыр элдер колдоп атат. Менин оюмча референдум жакшы эле өтөт болуш керек. Күч органдары бүт аракетибиздин баарын жумшап атабыз. Азыр бардык аймактарда стабилдүүлүктү камсыздоого күч жетиштүү. Куралдуу козголоң, куралдуу кагылышуу, же башка башаламандыкты уюштуруу сыяктуу факторлор чыкса, аларды катуу ыкчам басууга биздин күчтөр толук даяр.

"Азаттык": Имамберди мырза, ушундай расмий бийликтин аракеттерине Убактылуу өкмөттүн шайлоочулары ишенеби, добуш берүүгө барабы?

Имамберди Жалилов: Жума этегинде өтө турган референдум Кыргызстандын тарыхындагы саясий жактан мамлекеттин дагы бир туулган күнү деп айтсак жаңылышпайбыз. Анткени мамлекеттин түптөлүшүнө, туруктуу болушуна, анын эртеңки күнгө ынанымдуу кадам ташташына, коомдук, дүйнөлүк, эл аралык алкакта өзүнүн мыйзамдуу мазмунундагы өлкө катары билинишине негиз сала турган күн. Ошондуктан бул күндү өзгөчө маани берип өткөрүү талапка жооп берилет.

Ал эми бүгүнкү коопсуздук жагдайына келсек, бизде азыр Ж. Бапанова жана Ички иштер министрлигинин өкүлү айткандай Ош, Жалал-Абад жергесинде, өзгөчө Ош шаарында жагдай бир аз өзгөчөрөк. 300-400 адам өлгөн жерде бери дегенде, же болбосо маалыматты түшүнүп-түшүнбөй, тескерисинче жаңжалды күчөтүп аткан НПОго окшогондордун айынан бизде стабилдүүлүк туруктуу болуп, же шайлоого элдин баары келип калат деген сөз эмес. Бул жерде биринчи кезекте элдин өзүнүн аң сезимине ойношубуз керек деген мааниде.

Убактылуу өкмөттүн кийинки чыккан декретине ылайык, Ошто өзгөчө кырдаалдын талаптарынан келип чыккан саясий жана коомдук укуктук негиздерди түшүндүрүү иштери кеңири алып барылып атат. Биздин Ош шаарында 83-84 жерде шайлоо участкалары бар. Бул жерлердин көпчүлүгүндө, кечээ-бүгүн эле баррикадалар алынды. Бул жерде бир нерсе болуп кетет дегенден алыспыз, ошол жерде аракет кылып аткан коменданттык структуралар бар. Бул жерде өңчөй гана атайын чаралардын негизинде иштеген күч структуралары өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша коопсуздукту камсыз кылышат.

"Азаттык": Биз тегерек үстөл талкуусу башталар алдында эки жай укук коргоочулардын пикирин алдык эле. Ошону угалы. Адегенде Ош шаарынан укук коргоочу Равшан Гапиров жана жалал-абаддык дагы бир укук коргоочу ушул маселе боюнча өздөрүнүн ой-пикирин билдирип жатышат.
Чөнтөк телефондорго кат-кабарлар келип атат, телевизордон сүйлөп атат, референдумга келгиле, шайлагыла, коопсуздукту камсыз кылабыз деп атат. Бирок бул ооздогу сөз болуп калып атат. Азыр дагы телефон чалышты, жардам бербейсизби деп. Менин балам түрмөдө отурат, мен өзүмө өзүм жардам кылалбайм. Мен ачык эле айтып коеюн, эч кандай референдум өтпөйт. Азыркы элдин жарымы барбайт. Ушундай абалда кайсы өзбек барып добуш берет. Көчөгө чыккандан коркуп атат. Көптөрүнүн документи жок, көптөрүнүн паспорту өрттөнүп кеткен.
Равшан Гапиров
Азыр коопсуздукка ишенич кыйын. Мен элдин ичинде сүйлөшүп жүрөм, ар түрдүү ушактар жүрөт. Анын үстүнө милиция, солдаттар, же милициянын формасын кийип алып жүргөн кишилер туура эмес иштерди жасаган. Элдер анча ишенбей калды. Экинчиден, укук коргоо органдарынын күчү жетпей калбадыбы тынчсыздандыруу үчүн. Ошондуктан мен сунуш кылдым эле, автобус уюштурулуп, ар бир маалеге келип кварталдык комитеттер элди чогулутуп жакшы карап, ошол жерлерде өткөрсө, ошондо коопсуздук камсыз болот. Ошондой эле элдер коркпой чыгып, көчөсүндө турган автобуска барып, астынан кирип добуш берип артынан түшө берет. Анын ичине комиссия да, байкоочулар да батат.
Абдиназар Маматисламов


Жаркын Бапанова: Жогоруда айткандай сөздөр болуп атат. Биз БШК өзүбүздүн шайлоо комиссияларга айтканбыз, шайлоочулардын келгенге мүмкүнчүлүгү болбосо шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү урнаны үйлөргө барып добуш бергенге мүмкүнчүлүк түзүп берсе болот. Мен азыр маалымат алдым Ош шаарынын шайлоо комиссиясынын төрагасынан, ал айтып атат чакан автобустарды шайлоо участкага алып келип, ошол жерден шайлоочуларга добуш бергенге мүмкүнчүлүк жасайбыз го деп. Укук коргоо органдары, аскерлер менен алып келгенге муктажбыз деп.

"Азаттык": Жекшен мырзага да бир суроо менен кайрылгым келип жатат. Добуш берүүчүлөр менен катар ошол эле мезгилде референдумду уюштуруучулардын, БШКнын, жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, жарандык лидерлердин, байкоочулардын коопсуздугун коргоо дагы маанилүү маселелердин бири. Ушул өңүттө кандай иштер жүргүзүлүп атат. Кечээ жакында эле түштүктө бир катар комиссия мүчөлөрү уурдалып кетип, кайра табылды деген да маалымат тарады эле. Сиздин пикириңиз кандай?

Жекшен Кулмамбетов: Туура айтасыңар, биздин Ош регионунда коменданттын буйругу менен жер-жерлерде айыл өкмөттөрдө коменданттар шайланган. Коменданттар ошол жердеги элдердин коопсуздугун камсыз кылат. Ошон үчүн биздин жарандар коркпой эле ошол жерге барып кайрылса болот. Ички иштер органдары күчөтүлгөн режимде иштеп атат. Анан ар кандай телефондор бар, кайрылса биз чечкиндүү чараларды көрөбүз. Коркпой эле референдумга келе берсе болот.

"Азаттык": Медер сиздин пикирди угуш парз болуш керек, жарандык коомдун лидерлеринин бири катары.

Медер Талканчиев: "Демократия үчүн коалициясы" адаттагыдай эле шайлоого байкоочуларын жиберет. Биздин күч органдар айткан коопсуздуктун сакталышына ишенгибиз келет. Биз шайлоо участкаларда болуп жаткан кырдаалды байкап, эгер кандайдыр бир шектүү кыймыл аракеттерди көрчү болсо дароо эле маалымдап, шайлоо комиссиянын тегерегиндеги болуп жаткан кырдаалды да байкоо керек деп сунуш жасап, байкоочуларыбызга коопсуздукту сактоо боюнча көп иш-аракет жүргүзүүгө кеңеш бердик.

"Азаттык": Имамберди мырза, сиз ошол жерде жергиликтүү элдин арасында жашаган адам катары коопсуздук колго алынып атабы, байкоолоруңуз кандай болуп атат? Канчалык деңгээлде добуш берүүчүлөр коопсуз жагдайда добуш берүүчү участокторго барып катышууга ниети, маанайы бар?

Имамберди Жалилов: Мен жалал-абаддык, оштук эки укук коргоочунун пикирин уктум. Равшанбек мырза кокуй күн пессимисттик маанайдагы жигит, эки күндүн биринде милицияга түшүп жүргөн бала. Өтө эле пессимисттик тондо айтты. Равшанга окшогон күчтөр бар, гуманитардык жардам келгенде чал-кемпирине карабай чыгат.

Коалициянын жигити туура айтты, коопсуздукту камсыз кыла турган уюмдар тегиз иштеп атышат. Экинчиден, бизде кыйшаңдай турган айрым участкалар бар. Ал участкалар белгилүү. Ага жалалабаддык укук коргоочу сунуш кылгандай, ал Америка ачкан жери жок, андай тартип биздин БШК тарабынан көрсөтүлгөн чара. Бапанова эже дагы аны тастыктап өтүп атат. Атайын машиналар менен бюллетендер салынчу урналар алынып барылат. Коменданттар толук камсыз кыла алат коопсуздукту. Кичинекей тренингдер өткөрүлүп атат ушул багытта. Мен ойлойм, бул жерде кудай буюрса коопсуздук боюнча маселе болбойт. Бирок ошол эле мезгилде кооптонууга негиз бар. Эгер кооптоно бере турган болсок анда эч убакта Ош, Жалал-Абаддагы жагдайды туруктуу акыбалга алып келүү мүмкүн эмес.

"Азаттык": Азыр ар кандай ушак-айыңдар тарап аткан кез, албетте аны текшерип жокко чыгарып атасыздар. Ошол эле мезгилде ошондой эле ушак-айың, ызы-чуу сыяктуу бир нерсе чыгып кеткен жагдайда ошолорду басуу, же элди тынчытуунун кандай чараларын силер иштеп чыктыңар? Барбы ошондой чаралар?

Жекшен Кулмамбетов: Туура айтасыз, биз бүгүнкү күндө укук коргоо органдарында ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн, жүздөн ашуун кылмыш иштери козголду. Ошондо 40ка жакын адам кармалды. Өзүңөр билесиңер, 22-июнда дагы Бишкекте ушак-айыңдар тарабадыбы, өзүңөр көрдүңөр тынч болду, эч кандай эч нерсе болгон жок. Милиция кызматкерлери Бишкекте эле бир нече блок постторду койгонбуз. Алдын алуучу чаралар боюнча айтып кетейин, бизде өзүнчө штаб түзүлгөн, аны биздин министрдин бир орун басары жетектеп атат. Жер-жерлерде дагы так ушундай штабдар түзүлгөн. Биздин Ички иштер министрлигинде күнү-түнү иштеген кызматкерлер бар. Биз оперативдүү иш чараларды көрөбүз.

"Азаттык": Жаркын айым, референдумду уюштуруп жаткан БШК, жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугу кандай сакталып атат ушул тапта?

Жаркын Бапанова: Биз укук коргоо органдарына айттык, биздин мүчөлөрдү коргогула Ош аймагында өзгөчө деп. Эми алар кандай коргойт көрөбүз го. Бирок биздин шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү референдумду өткөрүш керек деп өз сезими менен берилип иштеп атышат. Ушундай учурда, өзгөчө Ош аймакта референдумду өткөрүү баатырлык катары баалашыбыз керек.

XS
SM
MD
LG