Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Бишкектиктер референдумга жигердүү катышты


Бишкектин бир добуш берүүчү жайынан көрүнүш, 27-июнь.
Бишкектин бир добуш берүүчү жайынан көрүнүш, 27-июнь.

Жалпы элдик добуш берүүгө бишкектиктер да жигердүү катышканы айтылууда. БШК кечки саат алтыга карай ордо калаада шайлоочулардын 60 пайыздан ашууну добуш бергенин маалымдады.

Жекшембиде тогуз жарымдан баштап Бишкектеги бир нече шайлоо жайларына барып, жалпы Элдик референдумга добуш берүү кандай жүрүп жатканына байкоо салдык. Негизинен Бишкекте добуш берүүгө түшкө чейин улуу муундагы шайлоочулар жигердүү катышканы байкалып, түштөн кийин болсо жаштар басымдуулук кылды.

Бишкектеги №5 кесиптик-техникалык окуу жайындагы шайлоо бекетиндеги добуш берүү. 27-июнь, 2010-жыл.
Референдумга байкоо салгандардын баамында, буга чейин мурдагы бийлик тарабынан өткөрүлүп келген референдумдардагыдай шайлоо бекеттеринин жанында акимдер, окуу жайлардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери көзөмөл кылган учурлар көзгө илинген жок.

Байкоочулар Кыргызстандын мурдагы шайлоо өнөктүгүндөгү “айлампа” ыкмасы, бир адам бир нече жолу добуш берүүсү, шайлоочуларды топ-тобу менен добуш бердиртүү, таңгактап бүллетен таштоо болбогонунун, ага аракет да жасалбаганын билдиришти.

“Айкөл эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов да ырастагандай, референдумда Кыргызстанда бүллетендерди бурмалоодон бирден-бир ишенимдүү коргой ала турган голографиялык белги биринчи жолу киргизилип, Курманбек Бакиевдин тушунда алынып салынган бармакка белги коюу ыкмасы кайра калыбына келтирилди.

Түшкү саат он жарымдарда Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарындагы № 5
Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары А.Атамбаев добуш бергени келди. 27-июнь,2010-жыл
кесиптик-техникалык окуу жайда жайгашкан 1210-добуш берүү жайына келип, өмүрүндө биринчи жолу референдумга катышып жатканын белгиледи.

Журналисттердин суроолоруна жооп берген А. Атамбаев ар кандай күчтөр Кыргызстанга бүлүк салып, түштүктө кан төккөнү менен, тескерисинче, бул каргашалуу окуя өлкө элин бириктирип, мындан ары жаркын келечекти куруу үчүн өлкө калкы бирге кадам таштаарына үмүт артты.

Ал ошондой эле түштүктөгү кандуу окуяны уюштургандар мыйзамдын чегинде жазасын алышарын, Ош менен Жалал-Абад шаарлары кайра курулуп, жаңыртыларын айтты.

Бишкектин № 27 мектебинде жайгашкан шайлоо жайында референдумга добуш берген Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев өлкөдө мыйзамдуулук орноп, атуулдарын укугу, коопсуздугу корголоорунан ишеними зор экенин белгилеп, жаңы системага, жаңы заманга добуш бергенин билдирди.

- Жаңы саясий система Кыргызстандын атуулдарынын, адам укугунун жана эркиндигин камсыз кылат деп ойлойм.

Өмүрбек Текебаев ошондой эле референдумдун жыйынтыгы чыгарылып, парламенттик шайлоонун мөөнөтү жарыяланары менен “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Болот Шер менен бирге өздөрүнүн ээлеген кызматтарын бошотуп беришерин айтты.

Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев добуш берүүгө баратат. 27-июнь,2010-жыл.
Ошол эле учурда айрым чет элдик маалымат каражаттары Кыргызстанда жүз миңдеген адамдар референдумга барбай көчөдө жүрүшөт деп жазышып, референдум мыйзамдуу өтөөрүнөн күмөн туудурарын айтып чыгышты.

Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев болсо элдин референдумга келбегени кадыресе көрүнүш экенин, көптөгөн мамлекеттерде, ал түгүл өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө шайлоочулардын жарымынан көбү референдум эмес, шайлоого катышпастыгын белгиледи.

“Эгерде кимдир бирөөлөр добуш бергиси келбесе алардын өздөрүнүн укугу. Азыркы референдумдун өтүп жатышы ага шайлоочулардын өз каалоосу менен катышуусу Кыргызстандагы эркин добуш берүүнү айтып турат”,-дейт Ө.Текебаев.

Референдум болгонго чейин эле айрым саясий күчтөр, саясатчылар Конституциянын жаңы долбоорун референдумга алып чыгууну мыйзамсыз деп эсептеп, айрымдары 1993-жылдагы Баш мыйзамга кайрылып келүүнү талап кылышса, айрымдары 2008-жылкы Конституцияга ылайык парламентти чогултуп, кыйын кезеңдеги Кыргызстанды 8-апрелде таркатылган Жогорку Кеңештин жардамы менен укуктук талаага алып келүүнү жакташкан.

23-июнда Москвада өткөн “Орусия-Кыргызстан: жаңы мезгилдин шартындагы диалог” деген аталыштагы жыйынга Кыргызстандан бир катар коомдук ишмерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү барышып, анда Кыргызстандагы саясий кырдаал жана түштүктөгү тополоң тууралуу талкууланганы маалымдалууда. Анда Кыргызстан коммунисттери партиясынын өкүлдөрү Роман Шин менен Хажимурад Коркмазов 27-июндагы референдумда жалпы элдин эрки эсепке алынбай жатканын белгилеп, аны өткөрүүнү токтотуу зарылдыгын айтышкан. Бул тууралуу ушул партиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Адахан Мадумаров "Азаттыктын" студиясында 13-апрель,2010-жыл.
Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун пикиринде, Конституцияга ылайык референдум жарыялаганга президент, Жогорку Кеңеш жана Кыргызстандын калкынын 300 миң өкүлү гана укуктуу.

Ал ошондой эле референдумга добуш берүүгө барбастыгын билдирип, азыркы өтүп жаткан референдумдун жарыяланышынын өзү эле мыйзамдуулук жагынан көптөгөн маселелерди жаратаарын айтат:

- Референдумдан кийин эле бийлик мыйзамдашып калат деп айткандары акылга да туура келбеген, биздин турмушка дагы туура келбеген баш айлантма маселелер. Булардын (авт: Убактылуу өкмөт мүчөлөрү) максаты Конституцияда деле эмес. Алардын негизги ой-максаты алты айдан кийин алты саатта кармалбайбыз деп, 2012-жылга чейин өткөөл мезгилдин президентин шайлоо. Ошол эжеке шайланып кала турган болсо, “колтугунда” турган ошол үч партия кор болбойт деген маселе.

Кээ бир жарандык уюмдардын өкүлдөрү болсо Убактылуу өкмөттүн “Жарандардын референдумга катышуусун камсыз кылуу үчүн кошумча чаралар” жөнүндө Декрети күмөн туудурарын белгилеп, бул декреттин негизинде добуштарды бурмалоо коркунучу бар экендигин билдиришкен.

“Ата Журт” партиясынын лидери Акматбек Келдибеков учурда түштүктөгү кырдаалды жөнгө салып, жалпы кыргыз элинде референдум өткөргөнгө шарт түзүлгөндө гана август айында өткөрүү керектигин айткан.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары, Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев болсо айрым оппозициячыл саясатчылар референдумга
Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Т.Сариев "Ыңгайсыз суроолор" теле берүүсүндө.15-июнь,2010-жыл
катышпаса да бул саясий өнөктүктүн жыйынтыгын эл өзү чыгарат деген пикирде.

- Бир оппозициянын же эки оппозициянын өкүлү, бийликке каршы болуп жаткан адамдардын өкүлү референдумга келбей коюп каршы болсо алардын конституциялык укугу. Бирок аны менен эле референдумду ченеп коюга болбойт. Анын жыйынтыгын эл өзү чечет.

Убактылуу өкмөт өкүлдөрү ошентип жаңы Баш мыйзамга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кыскарып, өлкө Борбор Азиядагы алгачкы парламенттик республикага айланарын белгилөө менен кыргыз мамлекети укуктук талаага келип, чет мамлекеттик өнөктөштөр менен тең ата сүйлөшө алат деп эсептейт.

Референдумдун жүрүшүнө чет элдик 189 байкоочу, өлкө аймагындагы жарандык уюмдардын, саясий партиялардын 5 миңге чукул байкоочулары байкоо салып турушканы маалымдалды.

Коопсуздукту камсыз кылууга 7 миң 820 тартип коргоо кызматкерлери, Элдик кошуундун 12 миң 290 мүчөсү тартылганын ИИМдин коомдук коопсуздук башкармалыгынан билдиришти.

Бишкектиктер референдумга жигердүү катышууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:16 0:00

XS
SM
MD
LG