Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

Байкоочулардын алгачкы баасы


Референдумга байкоо салып жаткан эл аралык байкоочулардын бир тобу, Бишкек, 27-июнь.

Референдумга байкоо салып жаткан эл аралык байкоочулардын бир тобу, Бишкек, 27-июнь.

Эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар референдумдун жүрүшүнө карата алгачкы баасын билдире баштады. Алардын баамында, добуш берүү учурунда азырынча одоно мыйзам бузуулар катталган жок.

"Жарандык коом жана демократия үчүн" коалициясынын миңден ашуун байкоочусу республиканын бардык аймактарында референдумга көз салууда.

Аталган коалициянын шайлоо боюнча координатору Медер Талканчиевдин соңку сааттардагы маалыматы боюнча, одоно мыйзам бузуулар байкалган эмес. Бирок байкоочулардын сапаттуу иштөөсүнө тоскоолдуктар айрым добуш берүү жайларында катталган.

- Жалпысынан алганда абал тынч. Коркунучтуу, орчундуу мыйзам бузуулар катталган жок. Бизге келген маалымат боюнча, Ак-Ордо жаңы конушундагы добуш берүү бекетинде бүллетендер жетишпей, шайлоочулар биздин добуш берүү укугубуз тебеленди деп нааразы болгон пикирлер бар. Байкоочулардын укугун тебелеген фактылар бар. Каракол шаарында 160-шайлоо комиссиясынын төрайымы Д.Кудабева деген байкоочуларга тоскоолдук кылып, сапаттуу иш жүргүзгөнгө кысым көрсөткөн.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) алдындагы Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюросунан (БДИПЧ) катталган байкоочу Янез Ленерчич өзү байкоо салган добуш берүү жайларынын эле жыйынтык чыгаруу туура эместигин белгилеп, бирок добуш берүүчүлөр өз каалоолору менен келип, активдүү катышып жатканын айтты. Ал ошол эле кезде өлкөдөгү кырдаалды да эске алуу керек дейт.

- Биз азырынча бардык добуш берүү убактысы бүтүп, шайлоо бекеттеринин жабылышын күтүп турабыз. Азырынча бир нерсе айтуу бир аз эртерээк. Биздин уюмдун атынан 30дан ашуун байкоочу көз салууда. Ал эми менин тобум бир канча шайлоо жайларына барды. Бирок ошолордун жыйынтыгы менен эле баа берген болбойт. Бирок шайлоочулар өз каалоолору менен, активдүү катышып жатышыптыр. Бул референдумдун жүрүшүнө өтө маанилүү деп ойлойм. Добуш берүүгө катышкандардын саны канчалык көп болсо референдум ошончолук салмактуу болот.

Янез Ленерчич Ош жана Жалал-Абадда алардын өкүлдөрү жок экенин кошумчалады.

БШКнын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы шайлоолорго көп жылдан бери байкоо салып жаткан ЕККУнун Адам укуктары боюнча бюросу мындан мурдараак дагы кошумча 300 кыска мөөнөттөгү байкоочулар келе турганын билдиришкен.

Бирок түштүктөгү окуялардан кийин алардын коопсуздугуна байланыштуу ал байкоочуларды жибербөөнү туура көрүшкөн.

Референдумдун жүрүшүнө ар кайсы партиялардан да байкоочулар көз салууда. Мисалы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын байкоочусу Жанузак Сарытаев өзү көз салып турган жайда мыйзам бузуулар катталганын айтты.

- Мен байкоо салган № 1219 жайда эмнегедир административдик ресурс пайдаланганы шектүү болуп жатат. Себеби милиция кызматкерлери, аскердик бөлүктөрдүн кызматкерлери, кошуундар катары менен келип бүллетен ташташты. Ошол эле милиция кызматкерлери үстүнө чоң коргоочу формаларын кийип, кайра кирип добуш беришти. Менин колумда кагазым бар, бул жердеги башка байкоочулар менен сүйлөшүп, тактап алдым.

Ошондой эле Акыйкатчы институтунун да 90дон ашуун байкоочусу республиканын бардык аймактарында байкоо салууда. Байкоочу топтун башында турган Акыйкатчы Турсунбек Акун Борбордук шайлоо комиссиясы бүллетен жетпей калган маселелерди тез арада чечүүсү керек деген ойдо:

- Жалпысынын элдин референдумга катышуусу жакшы, активдүү. Бирок укук бузуулар бар болуп жатат. Сокулук районундагы Комсомолск айылында бүллетен жетпей жатат. Кошумча тизме менен келгендер көп болуп жатат. Адамдардын шайлоо укугу бузулганы турат.

Турсунбек Акундун айтымында, Акыйкатчы институтунун байкоочулары референдумдун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп баштады. Алар референдумдун жүрүшү боюнча жыйынтыкты жакынкы бир-эки күндө коомчулукка билдирет. Ал эми башка жергиликтүү да, эл аралык да байкоочулар референдум жыйынтыкталгандан кийин өз бааларын бере башташат.

Борбордук шайлоо комиссиясы референдумга байкоо салуу үчүн эл аралык уюмдардан 189 байкоочусун каттаган. Алар КМШ катчылыгы, Орусиянын Оштогу Башкы консулдугу, АКШнын Көз карандысыз демократиялык институту, Шайлоо системаларынын эл аралык фонду жана КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү болуп саналат.

Алардан сырткары жарандык коом жана ар кайсы партиялардан беш миңге чукул жергиликтүү байкоочулар референдумдун жүрүшүнө көз салып жатканы айтылууда.

БШКнын өкүлү Абдымомун Мамараимовдун билдиришинче, байкоочулар жалпысынан 31 өлкөдөн, 18 уюмдан катталган.

Тасмада: Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев Бишкектеги 27-мектепте жайгашкан шайлоо бекетинен добуш берди. 27-июнь.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG