Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Өзбекстан: шайлоодо Шавкат Мирзиёев 88% добуш алды


Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирза-Улукбек Абдусаламов Мирзиёев 88% ашык добуш алганын билдирди:

- Шавкат Миромонович Мирзиёев үчүн 15 906 724 шайлоочу же добуш берүүгө укуктуу жарандардын 88.61% добуш берди.

Абдусаламов жекшембидеги президенттик шайлоого 17.9 миллион адам же добуш берүүгө укуктуу жарандардын 90% жакыны катышканын билдирген.

2003-жылдан бери Өзбекстан өкмөтүн башкарып келаткан, 59 жаштагы Мирзиёев Ислам Каримов көз жумгандан кийин мамлекет башчынын милдетин да аткарып калган. Мирзиёевден сырткары шайлоого үч талапкер ат салышты.

Өзбекстанда президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн ЕККУ президенттик шайлоо “өлкө жалпы реформаларга муктаж экендигин көрсөттү” деп 5-декабрдагы билдирүүсүндө белгиледи. Буга чейин өткөрүлгөн шайлоолор ЕККУ тарабынан бир да жолу демократиялык деп табылган эмес. (AiT)

XS
SM
MD
LG