Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

ЖКнын “Ак жол” жана СДП фракциялары өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулап, анда ар кандай диний агымдардын көбөйүшү өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурары айтылды.

"Ак жол" фракциясына Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев маалымат берип, бүгүнкү күндө өлкө аймагында ар кандай багыттагы 30 чукул диний уюмдар иш жүргүзөөрүн, 350дөн ашуун чиркөө жана сыйынуу үйлөрү, 2 миңдей мечит бар экендигин билдирди.

Анын айтымында, республикада 2126 диний уюм расмий каттоодон өткөнү менен чындыгында алардын саны мындан дагы жогору.

“Айрым диний уюмдар экстремистик маанайдагы иш аракеттерге өтүп мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына коркунуч туудуруп, кооптуу жагдай жаратууда. Кыргызстанга жылына ар кайсы чет өлкөлүк диний борборлордон жүзгө жакын миссионерлер келишип, мыйзамсыз диний үгүттөрдү жүргүзүшүп, жаңы жагдайдагы көйгөйлөр пайда болду”, - дейт Осмоналиев.

- Эгерде 1991-жылга чейин бир дагы миссионер болбосо учурда бир жарым миңден ашуун миисионерлер бар. Жылына алтымыш-жетимиштен миссионер келет. Мурдагы мыйзам боюнча ошол келген миссионерлерге милдет, укуктар колдонулбаптыр. Азыркы жаңы мыйзамда диний уюмдардын мүчөлөрү 300 адам болуш керек деген чектөө киргизилгени жакшы болду. Буга чейин 15-16 жыл мурда келген миссионерлер бул жактан үйлөнүп, бала-чакалуу болуп эч нерсеге жооп бербей өздөрнүн миссиясын аткарып жүргөндөр толуп кеткен да. Эми ошонун инерциясы токтой элек. Бирок биз бир жылдын ичинде 9 миссионерди өлкө аймагынан чыгардык.

Каныбек Осмоналиев белгилегендей, Кыргызстанга ислам дини боюнча Түркия, Араб өлкөлөрү, Пакистандан, протестант багытындагы АКШ, Түштүк Корея, Улуу Британиядан миссионерлердин келүүсү көбөйгөн.

Анын айтымында, учурда 5 миңден ашуун евангелисттер расмий каттоодон өткөн. Алардан кийин баптисттер, жетинчи асман адвентисттери, иеогово, иуда жана буддисттер турат.

Айрым депутаттар Кыргызстандагы элдин 80 пайыздан ашууну ислам динин тутканы менен башка диний ишенимдерге өтүп кетип жаткандардын саны көбөйгөнүн, бир үй-бүлөдө үч диний агымга кирген фактылар кездешип, анын арты кайгылуу окуялар менен аяктагынын да белгилешти.

Ислам динине жамынып алып, тетири үгүт жүргүзүп даабат кылгандар, эсремисттик маанайдагы үгүт жүргүзгөндөргө мыйзамдын чегинде чара көрүлбөсө мамлекеттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурат дейт депутат Эрнест Акрамов.

- Бүгүн экстремисттик кагаздарды тараткандар, эртең курал-жаракты таратышат. Бул эмнеге алып барат? Бул бийликти басып алууга алып барат.

Акрамов буга түштүк аймагындагы чек аралардан өтүп келген куралчан топторду мисал келтирди.

Бир катар депутаттар Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы башка диний уюмдар сыяктуу үгүт иштерин активдүү жүргүзө албагандыгынан улам жергиликтүү кыргыз улутундагылардын протестант багытындагы диндерге өтүп жатышат деген пикирлерин билдиришти.

Депутат Алишер Сабиров Мекеге баруучу зыяратчылардын ажы башчыларынын арасында Хизб-ут Тахрир менен байланышы бар адамдар дагы кошулганын айтып, диний иштер боюнча мамкомиссияны ушул маселени көзөмөлгө алуусун өтүндү.

Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жуманов болсо депутаттардын коюп жаткан дооматтары негизсиз экендигин, ажы башчылар арасында хизбутчулар бар дегени чындыкка коошпостугун, Мусулмандар диний башкармалыгы өлкөдө диний абалдын туруктуулугу үчүн иштиктүү аракеттерди көрүп жатканын билдирди.

-Мамлекеттин коопсуздугун сактоого бардыгыбыз жапа тырмак аракет кылышыбыз керек. Муфтияттын жаман иштеп жаткандыгынан булар көбөйдү, анан алардын жакшы иштеп жатканынан азайды деген туура эмес.

Ал эми теология илимдеринин доктору Бакыт Мурзубраимов тарых барактарында бардык чыр-чатактар, кандуу согуштар ар кандай диндердин ортосундагы талаш-талаштардан улам чыгып келгенин белгилеп, Кыргызстандагы диний кырдаал өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирбейт деп эч ким кепилдик бере албастыгын билдирди.

Анын айтымында, ар кандай диний уюмдардын ишмердүүлүгүн күчтүү мыйзамдар, укук коргоо органдары же жазалоо жолу менен токтотууга болбойт.

- Өкмөт муну мектептерден баштап университеттерге чейин тизгиндей турган дин таануу сабагын киргизүү керек. Ар кайсы диндердин тарыхын жакшы билген бала өзү баамдап, кайсы динди тутарын иликтеп алат. Себеби мамлекет секулярдуу, динден бөлүнгөн. Дин башка, саясат башка деп ээн эркин таштап салганда проблемалар чыгат. Анан аны кантип чечебиз деген баш оорулар чыгат. Муну жөнгө салыш керек.

Дүйшөмбү күнү АКШнын мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү дин эркиндигине арналган жылдык доклады жарыяланган соң Вашингтондогу маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон диний эркиндик Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча декларациясында аныкталган принцип экенин эске салып, диний эркиндик америкалыктардын эле насил-наркы эмес, бул адамзаттын универсалдуу асыл-наркы катары кабылданарын айтты.

Докладда Өзбекстан, Иран, Кытай, Сауд Аравиясы, Мянма, Зимбабве, Түндүк Корея жана Судан диний эркиндикти кысмактап жатканы үчүн сынга алынып, Орусия бийлиги айрым конфессияларга, атап айтканда, Иегов күбөлөрү мазабына өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирген күч катары карашары камтылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG