Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:11

Борбордук шайлоо комиссиясы “Люстрация тууралуу” мыйзам долбоордун демилгечилерин каттады.

Эми бул топ мындай мыйзам долбоордун референдум аркылуу кабыл алынышы үчүн үч айдын аралыгында 300 миң адамдан кол топтошу керек болот. Ал арада кыргыз коомчулугунда Люстрация мыйзамынын пайда-зыяны тууралуу талкуулар токтой элек.

“Люстрация жөнүндөгү” мыйзамдын зарылдыгы апрель окуяларынан бери эле байма-бай айтылып, атүгүл азыр кол топтоо сыяктуу айрым аракеттер башталды. Бул мурунку бийликтердин тушунда таза эмес иштеген адамдарды саясатка, бийликке аралаштырбоонун бирден бир чарасы катары кабыл алынууда.

Талдоочу Нурдин Дүйшөнбековдун баамында, азыр эл мамлекеттик саясатта майнап чыгара албаган муундардын алмашуусун чындап эле каалап турат. Бирок мындай аракеттерден натыйжа чыгар-чыкпасы күмөн:

- Люстрацияга туура келе турган норма, принцип кайсы болот, кеп ушунда болуп жатат. Буга чейин бул башка өлкөлөрдө болгон, бирок принциптери ар кандай эле. Люстрация мыйзамында жазылган принцип так болбой калса, анда ал каалагандай пайдаланылышы мүмкүн. Мунун айынан адам укугу бузулушу мүмкүн. Же өзүнө жакпаган саясий атаандашын мамлекеттик кызматка келтирбөөнүн амалы болушу мүмкүн. Ушул жагы да бар. Ошон үчүн муну аябай кылдат карап туруп чечим кабыл алышы керек. Нормалар сөзсүз түрдө так, түшүнүктүү, анык болушу керек.

Мыйзам бар, бирок ал иштейби?

“Люстрация жөнүндөгү” мыйзам долбоорду “Люстрация” деп аталган кыймыл даярдады. Аталган кыймыл октябрь айында мыйзамды ишке ашыруу маселесин жана механизмдерин талкуулап Бишкекте чоң жыйын өткөргөн болчу. Анын өкүлү Лира Усубалиева “Азаттыкка” мыйзамды толуктап-бышыктоо боюнча иштер дале уланып жатат, деп билдирди:

"Мекен шейиттери" кыймылынын акциясы. 15-октябрь, 2010-жыл
- Кандай кылганда биз ак кишини каралап жибербейбиз, деп биз бардык механизмдерди иштеп чыгуу боюнча кишилерди топтоп жатабыз. Өздөрү жардам беребиз деген кишилер чыгып жатат. Ордо кеңеште ошолордун баарын жыйынтыктап туруп анан иш кылабыз. Кол топтоп жаткан учурда дагы толуктоолор келет деп турабыз. Элден да толуктоолорду күтөбүз. Эгер “жок, ушул эле долбоор эле жакшы”, дей турган болсо анда ушул боюнча кетет.


Антсе да мындай мыйзамдын кабыл алынышына каршы болгондор да жок эмес. “Кебел” жаштардын саясий кыймылынын мүчөсү Курманбек Молдокуловдун пикиринде, өлкөдө мыйзамга жат аракеттерди жасаган аткаминерлерди жоопко тартчу мыйзам жетиштүү:

- Кыргызстанда жаман иштеп, ичкен-жегендерге өзүнчө Кылмыш-жаза кодекси бар да. Биздин сот, прокуратура системасы таза болсо алар ошондой кишилерди аныктап, соттоп, камап, кийин соттолуп камалгандан кийин алар бийликке келе албайт, иштей албайт. Тазаланууну ушундай жол менен жасоо керек. Кыргызстанда көп кишилер Акаевдин, Бакиевдин тушунда да иштеген. Кээ бирлер чынында таза иштеген. Бул мыйзам кабыл алынса көп кишилердин келечегине балта чаап коюшубуз мүмкүн.
Апрель окуяларынан кийин түзүлгөн “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” сыяктуу уюмдар мурунку президенттин тушунда иштеген кадрлардын бийликке келишине каршы ар кандай акцияларды уюштуруп келишет. “Люстрация тууралуу” мыйзамдын демилгечилеринин арасында да аталган кыймылдын өкүлдөрү да бар.


Миң жана бир пикир

“Мекен шейиттери” менен “Айкөл Ала-Тоо” уюмдары тизмеси көбүнчө мурунку президенттин тушунда иштеген адамдардан турган “Ата Журт” партиясын парламентке келишине каршы азыр кол топтоп жатышат. Жогорку Кеңештин мурунку спикери, юрист Мукар Чолпонбаевдин баамында, эми мындай аракеттер кеч болуп калды:
Мукар Чолпонбаев

- “Люстрация жөнүндөгү” мыйзам – бул тазалануу жөнүндөгү мыйзам. Тазалануу деген – бул мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартпай туруп эле саясий чектөөлөрдү аныктоо деп аталат. Саясий чектөөлөр деген бул мурунку бийликтегилер менен иштеп келген кээ бир адамдарды саясатка катышпоого, бийликке келтирбөөгө шарт түзүш керек. Алардын жолун тосуш керек. Бул мыйзамды кабыл алуунун ар кандай жолдору бар. Кээ бир мамлекеттерде муну соттук акт катары кабыл алып жүрүшөт. Кээ бир мамлекеттерде мыйзам катары кабыл алып жүрүшөт. Бизде референдум аркылуу кабыл алуу эми кеч болуп калды. Шайлоо бүттү. Муну шайлоодон мурда жасашы керек эле.

Люстрация мыйзамынын кабыл алынышына азыр акыйкатчы Турсунбек Акун "адам укугун бузат, Баш мыйзамга жатпайт", деп каршы болууда. Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев да мындай демилгени колдобой турганын жарыялады.

“Люстрация жөнүндөгү” мыйзам Күнкөрсүз мамлекеттер шериктештигине кирген бир да өлкөдө жок. Европа Биримдигинде Польша мурунку коммунисттик системанын калдыктарынан арылуу үчүн, ошол кезде атайын кызматта иштегендерди аныктоо максатында 2007-жылы жаңы мыйзам кабыл алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG