Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

“Азаттыктын” кезектеги тегерек үстөл талкуусу Кыргызстандагы саясий элитанын өлкө алдындагы жоопкерчилиги жана коалиция маселесине арналды.

Талкууга катышкандар:

Жогорку Кеңештеги депутаттардын жаш курагы боюнча эң улуусу катары парламент төрагасынын милдетин аткарып жаткан депутат Ташболот Балтабаев, саясатчылар Эсенгул Өмүралиев жана Мукар Чолпонбаев.

“Азаттык”: Жогорку Кеңештин алгачкы жыйыны 10-ноябрда өттү. Анын соңунда президент коалиция түзүүнү Кыргызстан социал-демократиялык партиясына тапшырган. Бирок коалиция боюнча жылыштар байкалбайт. Убакыт болсо өтүүдө. Анткени Конституциянын талабы боюнча биринчи жыйын өткөндөн кийин 15 күндүн ичинде коалиция да, өкмөт да түзүлүүгө тийиш.

Ташболот Балтабаев
Ташболот мырза, сиз “Ата Мекен” партиясынын өкүлүсүз. Мына силердин лидер Өмүрбек Текебаев КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүнүн биринчи бөлүгүн өткөрдү. Жакынкы убактарда экинчи бөлүгү өтүүгө тийиш. Социал демократтар КСДП менен “Ата Мекендин” ортосунда бардыгы жакшы болгонун, “Республика” менен “Ата Мекендин” ортосунда келишпестик бар экенин айтууда. Ал кандай карама-каршылык? “Ата Мекен” менен КСДПнын ортосунда талкуулана турган маселе эмне?

Ташболот Балтабаев: Негизинен “Ата Мекен” социалисттик партиясы ушул парламенттик башкаруу системасынын башатында турган саясий күч катары, демилгечиси катары биз бир эле маселе коюп атабыз: коалиция болгондо биздин лидер төрагалык орунду ээлеп, мындан ары реформанын жүргүзүлүшүнө жооп бериш керек. Калган маселелерде, креслолорду бөлүштүрүүдө биздин эч кандай ашыкча талабыбыз да жок. Бизге башкаруунун камчысы деле кереги жок. Биз бар болгону башталган реформаны аягына чыгаруу үчүн биздин мүмкүнчүлүгүбүз болушу керек деген гана маселе коюп атабыз.

“Азаттык”: Демек өкмөттү сиз “Республика” менен КСДПга берүүгө даярсыздарбы?

Ташболот Балтабаев: Даярбыз.

“Азаттык”: Мындай бөлүштүрүү азыркы түзүлгөн кырдаалга туура келеби?

Эсенгул Өмүралиев: Менимче негизги маселе ушул жерде турат.



“Азаттык”: Демек Атамбаев менен Текебаев сүйлөшүүдөн кийин бири Москвага карай, бири Европага карай кетти. Ал эми “Республика” болсо Москванын кызыкчылыгын мурдатан эле коргоп келаткан. Бул жерде Ташболот мырза карама-каршылыкты айтпаганы менен, Мукар агай, сиз кандай карама-каршылыктарды ачык даана байкап турасыз?

Мукар Чолпонбаев: Бул жерде “парламенттик республиканы түзүп, биз реформаны баштап атабыз, ошондуктан аны аягына чейин чыгарабыз” деп айтпадыбы. Чындыгын айтыш керек, Эсенгул мырза эң туура айтып атат, карама-каршылыктар ушул жерден чыгып атат. Жалпы эл чындыгында эле парламенттик башкаруу системасын колдойбу, же бизге күчтүү бийлик керекпи деген маселе. Эгерде парламенттик бийликти чындап эле эл колдой турган болсо, анда референдум өткөргөндөй эле шайлоо учурунда “Ата Мекен” партиясын эч болбогондо шайлоочулардын 20 пайызы колдойт болчу. Беш жарым пайыз эл колдоого ээ болгон “Ата Мекен” партиясы биз баштаган реформаны аягына чыгарабыз деген бул логикага жатпай турган нерсе болуп атат.

Жолу татаал президенттик башкаруу

“Азаттык”: Ташболот мырза, сиз максат реформаны улантуу болгонун айттыңыз. Силердин өнөктөштөр ошол эле КСДП, “Республика” да кезинде, азыр да парламенттик системаны көздөп жатат. Анда эмне жаңжал, эмне талаш?

Ташболот Балтабаев: Бул жерде баарыбыз эле реформа дегенибиз менен реформа үчүн ким күрөшүп келген, реформанын багыты, маңызы эмне? Реформа деген бул форманы өзгөртүү деген сөздү түшүндүрүп атпайбы. Анда кээ бир бүгүнкү парламентке кирген, кирбей калган саясий күчтөр бар. Биз, тескерисинче, супер президенттик башкаруу системасына кайрып келишибиз керек деген. Муну деле реформа деп койсок болот анда.

“Азаттык”: Сиздердин өнөктөштөр КСДП менен “Республика” супер президенттик республика бизге керек, Орусиянын айтканындай болушубуз керек деп кимиси айтып жатат азыр?



"Азаттык": Саясий элита же парламентке өткөн партия лидерлери Бишкекте тил табыша албай, кайрадан чет жактарга чыгып келишти. Мисалы, Атамбаевдин Москвага барганы айтылууда. Текебаев болсо Европада болуп келди. Кулов да Украина, Орусияны кыдырып келди. Мүмкүн буларда, айрыкча Атамбаев менен Текебаевде убакыт көппү? Алар өлкө алдындагы жоопкерчиликти сезишеби?

Эсенгул Өмүралиев
Кыргызстандын экономикасынын абалы оор. Бюджеттин таңсыктыгы 28 млрд. сомго жетип турат. Жардам берүүнү көздөгөн көп эл аралык уюмдар, инвесторлор качан булар тил табышат деп күтүп жатышат. Бул лидерлерден өлкө тагдыры үчүн жоопкерчиликти байкадыңызбы, Эсенгул мырза?

Эсенгул Өмүралиев: Бул бийликке келген партиялар эгерде саясий элитабыз, бирок биздин бир эле максатыбыз бийлик десе, анда бул элита эмес. Эгер элита болсо булар бийликти эмес, элдин, мамлекеттин келечегин көздөш керек. Эгер андай болгондо булар жоопкерчиликти сезип, коалиция түзүп, ишти башташ керек. Себеби алдыда кыш турат. Өзүң айткандай, экономикада бюджетте абал абдан оор. Эгерде ушул маселелерди азыр турукташтырып, багытташтырып алып, кийинки жылга кирбесек, анда быйыл эле эмес, кийинки жылы да кыйын болуп калат элге.

Бир да партия 10 пайыздан ашык добуш алган жок. Андай болгондон кийин эч бир партиянын өзүнүн кескин шарттарын коюуга акысы жок. Ошондуктан бул партиялар бардыгын жыйыштырыш керек дагы, элдин, мамлекеттин келечегин көздөп, эч жакка жалтактабай, ич ара коалиция түзүш керек.

Москвага жаккан коалициябы?

“Азаттык”: Мукар мырза, дегеле азыркы лидерлер тил табышууга жөндөмдүүбү?

Мукар Чолпонбаев: Менин көз карашымда биринчи, экинчи раундда оңой менен тил табыша алышпайт.



“Азаттык”: Чындыгында, Кыргызстан коалиция түзүү, сүйлөшүү, тил табышууну талап кылган мына ушундай жагдайга биринчи жолу кабылып жатат. Ошондуктан мүмкүн партия лидерлери да тажрыйбасыздык кылып жатабы? Же амбициялар көбүрөк роль ойноп баратабы? Ташболот мырза, сизде кандай пикир, таасирлер бар?
Элита бир күндө эле тарбияланып калбайт. Бийликке келип эле эртеси күнү элита болуп калбайт да. Элита болуш үчүн мектептен, үй-бүлөдөн, жогорку окуу жайдан, коомдон тарбия алыш керек.


Ташболот Балтабаев: Ооба, моюнга алыш керек, бизде тажрыйба да жетишпейт, амбиция да бар. Экинчиден, Эсенгул мырза айтып атпайбы, эч кимдин акысы жок, эл тастыктап добуш берип, же парламенттик, же супер президенттик системаны каалаганы билинбей калды деп. Бул жерде адилеттүүлүк үчүн айтып коюшубуз керек, президенттик системаны көтөрүп чыккан партиялар көп болсо 25 пайыздын айланасында добуш алды, калган добуштар 29 партиянын ортосунда чачылып кетти. Ошолордун көпчүлүгү менин баамымда жаңы багытты колдогон, бирок майдалык кылып күчү, каржысы жана башка уюштуруучулук маселелери жетпей парламентке кирбей калышты.

Негизинен элдин басымдуу көпчүлүгү эски системаны каалабайт деп мен ишенимдүү айта алам. Ал үчүн эл күрөшүп да келди, канын да төгүп келди. Ошондуктан бүгүн келип алып эл буга каршы экен, эл буга макул эмес экен, колдогон жок деген пикирди айтканга биздин акыбыз жок деп эсептейм.

“Азаттык”: Консультациялардын жүрүшүндө экономикалык кырдаал боюнча талкуулар болгону такыр эле байкалбайт. Эсенгул мырза, бул партиялар бирдиктүү экономикалык багытты көздөп кете алышабы? Мисалы, үч партия, мүмкүн “Ата Мекен”, КСДП, “Республика”?

Эсенгул Өмүралиев: Мен бул беш партиянын тең экономикалык программаларын карап чыккам, баарыныкы бирдей эле, эч деле чоң айырмасы жок.



Кызыктырган Кыргызстан

“Азаттык”: Сүйлөшүүлөрдөгү Москванын ролу жөнүндө да сурагым келип атат. Мукар агай, Москванын ролу ушул жерде биздин саясий партиялардын лидерлерине карата таасири негативдүү болуп атабы, же позитивдүү болуп, алар бизге жол көрсөтүп атабы?

Мукар Чолпонбаев: Кыргызстан ким менен кетиш керек?



“Азаттык”: Анда биз, Дмитрий Медведев айткандай, парламенттик башкарууну токтотуп, кайрадан супер президенттикке келишибиз керекпи?

Мукар Чолпонбаев: Жок, кечирим сурайм сизден, супер президенттикке барабыз деп азырынча эч ким айта элек. Тарыхка көз чаптырып көрсөк Совет бийлиги деген эмне? Совет бийлиги деген бул классикалык парламенттик башкаруу деген. Бир гана кемчилиги бар – бул бир гана партия башкарып келген.
Мукар Чолпонбаев

Парламенттик-президенттик башкарууда болсо, биздин 1992-жылдан баштап Акаев адеп бийликке келген кезде президенттик-парламенттик башкаруу системасы болуп, парламентсиз президент эч нерсе кылалчу эмес. Кийин гана Акаев кызмат абалынан кыянаттык менен колдонуп, мыйзамсыз референдумдарды өткөрүү жолу менен күчтүү президенттик бийликти ээлеп алды. Бакиев ошону гана күчөтүп койду.

Ошентип биз президенттик форманы жаманатты кылып, булгап алдык. Ошентип президент менен парламент экөөнүн бийлиги бирин-бири көзөмөлдөй турган, бирисиз экинчиси жашай албай турган, экономиканы талкалабай турган абалга жеткирип алсак, ошондо калыс мамлекеттик башаруу болот эле деген ойдобуз.

“Азаттык”: Ташболот мырза, биздин саясий элита, беш партиянын өкүлдөрү, мына убакыт да чукулдап келатат, жакын арада жок дегенде үч партия сөз таап, бир коалицияга келүүгө жөндөмдүүбү?

Ташболот Балтабаев: Жөндөмдүү болууга биз аргасызбыз.



“Ишенген кожом элита болсо...”

“Азаттык”: Эл аралык эксперттер да кыргыз элитасынын дарегине сын айта башташты. Анда негизинен элита өлкө алдындагы жоопкерчилигин сезбейт деген кине коюлууда. Бул сынды ондоого азыркы элитада мумкүнчүлүк барбы? Же бизге дагы шайлоо керек болобу?

Эсенгул Өмүралиев: Жаңы шайлоо кереги жок. Менимче, мен башына айткандай, жеңип чыккан партиянын лидерлери эгерде биз саясий элитабыз десе анда өлкөнүн, элдин келечегин, кызыкчылыгын ойлоп, бардык амбицияларын жыйнап, бир пикирге келип, алдыга жылыш керек. Эгерде андай эмес болсо, жалгыз эле бийликти көздөп келген элита болсо, анда эксперттердин айтканы туура, анда булар жоопкерчиликсиз элита болот.
Президенттик системаны көтөрүп чыккан партиялар көп болсо 25 пайыздын айланасында добуш алды, калган добуштар 29 партиянын ортосунда чачылып кетти.


Элита деген өзү көп кырдуу, көп багыттуу да. Элита бир күндө эле тарбияланып калбайт. Бийликке келип эле эртеси күнү элита болуп калбайт да. Элита болуш үчүн мектептен, үй-бүлөдөн, жогорку окуу жайдан, коомдон тарбия алыш керек. Ошентип отуруп элита болот.

Элитанын чоң өзгөчөлүгү бар. Мисалы, элитанын инструменттери бар, элита партияларга, ар кандай коомдорго, уюмдарга биригип, аракет кылып, коомдогу иштерге элдин көңүлүн буруп, ошону алдыга жылдырганга түрткү берет. Ушундай элиталар мурда даярдалып, такшалып келчү. Азыр болсо турмушка, бүгүнкү шартка, саясий кырдаалга байланыштуу жеңип чыгып келип туруп эле, биз элитабыз деген бул туура эмес.

Ташболот Балтабаев: Мен Эсенгул мырзанын азыркы айтканына кошулам. Бүгүн парламентке өткөн беш партиянын өкүлдөрү эле элита деп саналбашы керек. Бул Кыргызстандын элитасынын бир бөлүгү гана. Ошондуктан башка Кыргызстандын элитасынын өкүлдөрү парламентте отурган элитанын өкүлдөрүнө дайыма кандайдыр бир өзүнүн таасирин, басымын, керек болсо кысымын көрсөтүп туруш керек. Ошондо Кыргызстандын элитасы өзүнүн вазийпасын туура аткарат эле.

Ошондуктан биз Кыргызстандын бардык элитасынын өкүлдөрүнөн акыл кеңештерин, сын-пикирлерин бүгүнкү парламентте отурган элитанын бир бөлүгүнө айтып турганын күтөт элек.

Мукар Чолпонбаев: Ошон үчүн саясий консультацияларды өткөрүш керек. Мисалы, саясий элита, бизнес элита, маданият элита, окумуштуу элита деген бар. Ошолордун ар бирин өзүнчө бөлүп алып, кандай дейсиңер, кайсы жолго баралы, эмне кылалы деген сөз болбой атпайбы, Ошондой болсо, биринчиден, коом ичиндеги жел да чыгат эле, экинчиден, сиздерге да жаңы жакшы ойлор айтылат эле, үчүнчүдөн, коалициянын жакындашканга да өзүнүн түрткүсүн берет эле. Ошол иштер болбой атат. Сизге сунуш кылат элек, аксакал катары айтып, “туугандар ушинтпейлиби, бир күнү муну, эртеси тигилерди чогулталы, ой-пикирлерин угалы, алганын алалы, албаганын ыргытып коесуңар” деген сөз.

Ташболот Балтабаев: Жакшы сунуш, жакшы идея деп эсептейм.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG