Кыргызстанда бүгүн, 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленүүдө.
Майрамга карата өлкөдө дем алыш жарыяланган. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги мындай чечим Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык кабыл алынганын маалымдаган.
23-февраль Совет доорунда социалисттик Кызыл армиянын уюшулган күнү катары белгиленген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан Мекенди коргоочулар күнү катары жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган. (SE)