Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Пакистан индиялык фильмдерди көргөзүүгө тыюу салды


Пакистандагы Индия актёрлорунун сүрөтү.
Пакистандагы Индия актёрлорунун сүрөтү.

Пакистан Болливуддун фильмдерине, индиялык теле жана радиопрограммаларды жайылтууга тыюу салды. Мындай чара эки өлкөнүн Кашмир боюнча чыңалуусу күчөгөн учурда кабыл алынды. 21-октябрдан тарта тыюуну бузган теле, радиостанциялар жабыларын Пакистандын электрондук медиа мекемеси эскертти.

Индиянын фильмдери кошуна өлкөдө өтө популярдуу. Болливуд ошондой эле пакистандык көптөгөн музыкант, актерлорду жалдайт. Бирок соңку кездери индиялык айрым режиссерлор Пакистан актерлорун алуудан баш тартууда. Антишке пакистандык актерлордун катышуусундагы фильмдерди Индияда көргөзүү токтотулат деген каңшаар себеп болгон.

Пакистандын мурдагы премьер-министри Первез Мушарраф индиялык фильмдерди күнүнө 86 мүнөт эле көрсөтүүгө уруксат берген. Бирок мыйзам акыркы жылдары көп бузулуп келген.

XS
SM
MD
LG