Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Камактан чыга турган активисттерди сыртта жакындары күтүүдө


18-мартта сөз эркиндиги маршы учурунда милиция кармап кетип, беш суткага камалган беш активистти ИИМдин шаардык кабыл алып, бөлүштүрүү жайынын сыртында тааныштары күтүп жатат.

Активист Тимур Саралаевдин билдирүүсүнө караганда, милиция камактагы беш адам саат 11:45терде бошотулаарын айткан. Учурда бөлүштүрүү жайынын сыртында активисттер, укук коргоочулар жана туугандары күтүп турушат.

18-мартта Бишкекте саясий укуктарды жана сөз эркиндигин коргогон акция учурунда активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Расул Умбеталиев, Азамат Аттокуров жана Мухит аттуу жаран кармалган. Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө аларга Административдик кодекстин үч беренеси - “жол тосуу”, “бейбашчылык”, “милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыгы” боюнча айып тагып, райондук сот беш күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. (SDz)

XS
SM
MD
LG