Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Жоголгон депутат Р. Шаботоевдин жердештери жол тосууга чыгышты


Бишкек-Торугарт жолу эки сааттан ашык Руслан Шаботоевдин жердештери тарабынан буулуп турду
Бишкек-Торугарт жолу эки сааттан ашык Руслан Шаботоевдин жердештери тарабынан буулуп турду

Дайынсыз жоголуп жаткан ЖК депутаты Руслан Шаботоевдин жердештери бүгүн Бишкек-Торугарт жолун тосуп, депутатты издөө иши ачык натыйжа бергидей аракет менен жүргүзүлсүн деп талап кылышты. Ал ортодо дагы бир депутаттын дайынсыз жоголгон уулунун автоунаасы табылды.

Түшкө жакын Бишкек-Торугарт жолу 2 сааттан ашык Руслан Шаботоевдин жердештери тарабынан буулуп турду. Акциянын катышуучуларынын бири, Ысык-Ата районунун Сын-Таш айлынын тургуну Кубат Астаркуловдун “Азаттыкка” айтканы боюнча жол тоскондор өкмөткө же бийликке каршы болгондуктан бул иш-чарага чыгып жатышкан жери жок:

-Биз бийликке каршы болуп, аларды түшүрөлү деген ой менен чыгып аткан жерибиз жок. Биз балабызды таап бергиле, деген ниет менен чыктык. Элге ар дайым жардам берип, каралашып келген уулубуз –Руслан Шаботоев керек.

Жол тоскон элдин саны уюштуруучулардын айтуусунда 1000 кишинин айланасында болду. Ал эми жол тосулган жерге барган ички иштер министринин орун басары Темиркан Субановдун “Азаттыктын” кабарчысына билдиргени боюнча ашып кетсе 200 киши катышты.

Кан жолду бууп тургандарга Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын, прокуратуранын башчылары жана Ысык-Ата районунун акими барып, жолугушту. Алардан тышкары парламенттеги социал-демократчы депутаттар Жусупжан Жээнбеков менен Рахатбек Ирсалиев барып жолугуп, жол тоскондорду жакшы үмүт менен сабыр кылууга, эл каттаган жолду ачууга чакырышты. Эки жарым саатка жакын кан жолду бууп тургандарды Чүй облустук милициясы атайын отряддын жардамы менен жолдон күчтөп, түртүп чыгарды. Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субановдун айтуусунда жол тоскондор трассадагы кыймылды оорлотуп жиберишти:

-Менимче бул туура эмес акция. Ошондуктан, мыйзам чегинде аны уюштургандарга карата чара көрөбүз. Автомашиналар өтүүчү жолду тосуп туруп алып, милиция кызматкерлерин укпай коюшту, ушундан улам бизге аларды жолдон күч менен түртүп чыгууга туура келди.

Руслан Шаботоевдин жердештери издөө иштеринин натыйжасы тууралуу шаршемби -29-октябрь күнү ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин маалыматын угуу үчүн чогулмакчы болуп, тарап кетишти.

ЖК депутаты, социал-демократ фракциясынын мүчөсү Руслан Шаботоев 30-сентябрдан бери дайынсыз жок болууда. ИИМ буга байланыштуу атайын кылмыш ишин козгоп, тергөө тобу иштеп жаткандыгын маалымдоодо. Өткөн жумада ички иштер министри Молдомуса Конгантиев парламентте маалымат берип, Шаботоевдин жоголушуна байланыштуу 5 киши кармалганын билдирген.


Руслан Шаботоев жоголордон бир жума мурда, 24-сентябрь күнү дагы бир социал-демократчы депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу, ишкер Бахтияр Амиражанов да үйүнөн чыгып кеткен боюнча ың-жыңсыз кеткен. Милициянын издөө ишинин жүргүзүүсүнө канааттанбаган атасы Жусупжан Жээнбеков уулунун кабарын билген, табылуусуна көмөк көрсөтө алган адамдар үчүн атайын акчалай сый көрсөтүүгө даярдыгын билдирген эле.

ИИМ 24-октябрь күнү Бахтияр Амиражановго тиешелүү “Лексус RX 300” автомашинасы табылгандыгын маалымдады. Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субановдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча табылган автоунаа ИИМдин атайын бөлүмүнө жеткирилген:

-Анын үстүнөн криминалист адистер иштеп жатышат. Алардын корутундусу чыкмайынча биз эч нерсе айта албайбыз. Атайын адилет министрлигинин чыгаан адистери чакырылган, азыр алар иштеп атышат.

Уулу жоголуп аткан депутат Жусупжан Жээнбеков аны издөө иштерин отставкадагы милиция кызматкерлеринин жардамы менен жүргүзүп жатканы тууралуу мурда айтылган. Депутаттын “Азаттыкка” билдиргени боюнча мурдагы милиционерлерден түзүлгөн бригада ИИМ менен чогуу иш алып барып жатат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG