Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Коолаңдан кийинки Оштогу кырдаал турукташуу жолуна багыт алды. Тополоңго карабай референдум 27-июнда болоору белгиленди. АКШнын жогорку даражалуу дипломаты Роберт Блейк Кыргызстанга келди.


Оштогу бүлгүндүн башталышы...


10-июндун кечинде Ош шаарында жаңжал чыгып, ал улут аралык кагылышууга айланып кетти. Расмий маалымат боюнча кагылышууларда каза тапкан 195 кишинин сөөгү табылды. Бирок Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева каза болгондордун саны алда канча көп болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча комиссарлыгынын маалыматы боюнча, качкындар саны 400 миң кишиге жетти. Ал эми Өзбекстан 75 миң качкынды кабыл алганын билдирүүдө. Ошондуктан бул жерде ички качкындар саны дагы арбын экени байкалып турат.
Тополоңду биринчи 10-июнь күнү кечинде өзбек улутундагы жигиттер баштап, "Алай" мейманканасынын тегерегиндеги имараттарды бүт өрттөштү. Алар абдан агрессивдүү эле, кыргыздар эртеси күнү гана чыкты.
Болот Нышанов

Бир нече күнгө созулган кагылышуулар басаңдаган соң маалыматтык согуш башталууда. Бир тарап Ош, Жалал-Абаддагы окуяларды тукум куруттук катары баалоону, алар гана жабырлануучу тарап болгонун айтууда.

Бирок ошол эле кезде алар 10-июнда кечинде жаңжалды ким баштап, күйгүзүү иштерин ким жүргүзгөнүн айтпай жатышат.

Окуянын кандай башталганы тууралуу ошол кездеги Ош шаардык милициясынын башчысы Болот Нишанов буларды билдирди:


Оштогу тополоң, 11-июнь.
- 10-июнь күнү саат 22:45те мага күзөт бөлүмүнөн телефон чалышып, “Алай” мейманканасынын алдына келишимди сурашты. Ал жерде өзбек улутундагы миңден ашуун жаран чогулуп, тополоң чыгарып жатышат деген маалымат келди. Анан мен орун басарларымды алып, ошол жерге чыктым. Барсам бир-бир жарым миңдей өзбек жигиттер топтолуп алыптыр. Аябай агресивдүү болуп алышкан. Мен сүйлөшкөнү бардым. Бирок кыргыз экенимди билип калып, өзбек жигиттер кол салышты. Бирөө бычагын көтөрүп жүгүрдү. Анан менин орун басарларым (өзбек) сиз алыс эле туруңуз, биз өзүбүз сүйлөшөбүз деди. Ошондо эки-үч саат сүйлөшүү жүргүздүк. Бирок өзбек жигиттер кепке келбей, агрессивдүү боло беришти. Кыйкырып-өкүрүп, чабуул жасай беришти. Колдорунда арматура, союлдар, бычактар бар эле. Биз барганга чейин эле “Алай” мейманканасынын тегерегиндеги имараттарды өрттөп жиберишкен. Биз студенттердин баарын чыгарып кеттик. Ошол күнү болгон окуяга кыргыз жигиттердин эч кандай тиешеси жок. Кечинде болгон окуяны угуп алып, анан чыгышты алар. Анан “Алай” мейманканасынын айланасында эмне күйгөн болсо, баарын өзбек жигиттер өрттөгөн.

Болот Нышановдун айтымында, кыргыз жигиттер ошонун эртеси, 11-июнда гана көчөгө чыккан.

Баш аламандык абдан күчөгөндүктөн ошол мезгилде криминалдык топтор авангардга чыкканын күбөлөр белгилеп жатышат.

Бул окуяларда Кыргызстандын тартип коргоо органдары, бийлиги алсыздыгын көрсөтүп, кырдаалды колдон чыгарып жиберген.

Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаковдун айтымында, аскерлердин даярдыгынын начардыгы мурдагы бийлик учурунда эпсиз кыскартууларга байланыштуу болгон. Натыйжада аскердик техникаларды айдоочу адистерди кайрадан топтоп, техникаларды жолго койгончо убакыт өтүп кеткен.

Кыргыз аскерлери өзбек улутундагы жарандарга каршы болду деген сөздөрдү генерал Исаков четке кагып, бирок мындай сөздөрдүн чыгышына негиз берген жагдайлар тууралуу буларды айтты:

Генерал Исмаил Исаков
- Бирок армияны бир багытта иштетип атышат, бир тараптуу болуп атат дегендер атайын карама-каршы келтирип, чагылдырып, күчөтүп, башка өлкөлөрдү дагы чоң чатакка тартканга аракет жасап атат. Мына ошонун негизинде айтылган сөздөр болушу ыктымал. Кээ бир учурларда көп, 2-3 миңдей адамдар блокпостто тургандарды, же ошолорду тартипке салайын деп барган армия кызматкерлерин, кээ бир техникаларын тартып алган фактылар болгон. Ошол техникаларды айдашып, аскерлерди уруп, алардын колунан автоматтарды алып, эки БТРди алып алган факты болгон Ош шаарына биринчи келгенде. Ошол техникалар бир жарым-эки күн алардын колунда болгон, андан кийин биз кайра кайтарып алдык. Ошол техника менен жүргөндөрдү көргөндөр аскер бир тарапка кошулуп алып, бизди атып атат деп айткан сөздөр чыгып жатканын мен уккам, мага да келип айтышкан. Ошондуктан аны факты катары көрсөтүшүп, ошону айтышы мүмкүн.

Бириккен Улуттар уюму болсо Оштогу кагылышууларды иликтөөгө чакырды.

19-июнда АКШнын жогорку даражалуу дипломаты Роберт Блейк менен жолугушуу учурунда Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев түштүктөгү трагедияны иликтөө үчүн жакын арада мамлекеттик комиссия түзүлөрүн билдирди.

Криминал. Наркомафия....

Оштогу кагылышууларда криминалдык топтордун алдыга чыкканын күбөлөр белгилеп келишет. Ошол эле мезгилде бул каргашалуу окуянын артында кайсы күч турат дегенде ар кандай божомолдор айтылууда. Убактылуу өкмөт Ош окуясында мурунку президент Бакиевдин жакындары турат деген пикирди айтууда. Бул каргашада наркомафиянын ролу да өзгөчө экени белгиленүүдө.

Коогалаңдын чыгыш себеби тууралуу Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алишер Абдымомунов буларды белгиледи:

- Бул окуянын чыгышын себебин үчкө бөлсөк болот. Анын биринчиси, ички жагдайларга байланыштуу. Жетишпөөчүлүк, талаш-тартыш, бийлик талашуу. Экинчиси, наркомафиянын, трафиктин орду бул жерде чоң. Биздин коомдо, саясатта, турмушта ошолор көп нерсени чечип калды. Азыркы конфликтте алардын кызыкчылыгы абдан көп. Андан сырткары Жаныш Бакиев бул ишке (наркомафия) мурун эле аралашып келген. Кийинчерээк өзү жетектеп алган. Үчүнчүсү, сырткы күчтөр. Албетте, биздин кошуналар, башка күчтөр. Алар аралашпаса, мындай масштабдагы окуя болмок эмес.

Бул ойго карата саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай пикирин кошот:

Орозбек Молдалиев
- Наркомафиянын ролу биздин региондо чоңоюп келаткан. Мурунку бийлик менен наркобарондордун максаттары кырдаалды туруксуздаштыруу болууда. Мына, Ооганстанда абал туруксуздугунан пайдаланып, наркозаттарды ташуу токтолбой жүрүп жатпайбы. Ошондой абалды биздин регионго алып келиш керек болуп жатат алардын максаты. Наркомафиянын акчасы мурда эле иштей баштаган. Укук коргоо органдарынын ичиндеги коррупциянын өтө чоң деңгээлге жетип калганынын себеби да ушул жакта жатат. Ошол акчаларды карап, ошолорду коргогон топтор пайда болгон. Ошолордун бардыгы жаңы бийликке каршы болуп жатат. Ичтен дагы, сырттан дагы ушундай каршылыктар болуп жатпайбы.

Карапайым калк, өзгөчө түштүк региондо Кадыржан Батыровдун кыргыз калкынын намысына тийген сөздөрү, Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрүнүн Конституциянын долбоорун мамлекеттик жана расмий тилден башка тилдерде чыгаруу аракети, эки тараптын ортосундагы теңтайлашуу жана тирешүүлөр, ачыкталбаган сепаратизм ушуга алып келгенин айтып жатышат.

Кыргызстандык серепчилер жана саясатчылар бул каргашалуу окуяда өзбек президенти Ислам Каримовдун позициясын жогору баалап жатышат. Белгилүү болгондой Ислам Каримов Кыргызстан түштүгүндөгү окуяны сырткы күчтөр уюштуруп, анын максаты ал жаңжалга Өзбекстанды тартуу болгонун билдирген.

Өзбек президентинин мына ушундай көз карашына жараша Ташкен качкындарды кабыл алып, бирок Өзбекстандан Кыргызстанды карай эч ким кирип барбасын ачыктаган. Бул өз кезегинде эки мамлекет ортосунда кагылыш коркунучун четтетти.

Өлкө түштүгүндөгү окуялар кыргыз калкынын биримдигин көрсөттү. Бул өзгөчө жабыркаган элге жалпылап гуманитардык жардам көрсөтүүдө айгине болду.

Мөөнөтүндө өтө турган референдум

Мына ушундай каргашалуу окуялар болгонуна карабай Убактылуу өкмөт 27-июнда Конституциянын долбоорун кабыл алуу жана Роза Отунбаевага 2012-жылга чейин президенттик ыйгарым-укуктарды берүү боюнча референдумду өткөрүүнү чечти.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Оштогу сапардан кийин, 18-июнь.
Бир жагынан өлкөнүн жарымы бүлгүнгө түшүп, жүздөгөн адамдар набыт болгон шартта референдум өткөрүү акылга сыйбаган нерсе катары аталууда. Экинчи жактан, бийликти тезирээк легитимдештирбөө коомдо туруксуздукту, ар кандай саясий күчтөрдүн башаламан жүрүштөрүн жаратууда. Андан сырткары легитимсиз өкмөттүн тышкы өнөктөштөр менен иш жүргүзүүсү өтө аксап жатат.

Ошондуктан Убактылуу өкмөт референдум өз мөөнөтүндө өткөрүлүш керектигин белгилеп, добуш берүүнү жеңилдетүү боюнча чараларды көрүүдө.

Түштүктөгү кырдаалдын жөнгөрүлүшү менен саясий кармаш кайрадан күчүнө кире баштаары турган иш. Анткени референдумдан кийин парламенттик шайлоо белгиленет.

Саясат талдоочулардын баамында, түштүктөгү коогалуу окуялардан айрым саясий партия жана лидерлер күчтөнүп чыкса, Убактылуу өкмөт жалпысынан бечелдигин көрсөтүп, мурунку топтогон упайларынан ажыроодо.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG