Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

А.Мамбеталиев: Ташиев-Үсөнов чатагына башкаруу системасы күнөөлүү


10-декабрдан бери өкмөт башчы Данияр Үсөнов менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин кармашы күч алууда. Cаясат таанучу Аскар Мамбеталиев бул чатактын себебин мамлекеттик башкаруу системасы иштебегинен көрөт.

Кечээ К.Ташевдин тарапкерлери Сузак районунда каршылык акциясына чогулуп, мурдагы министрди кайра кызматка коюу талабы менен президент Бакиевге кайрылышты. Өлкөнүн мамлекеттик башкаруусун реформалоо аракетинен кийин кызматка келип, бир жарым айдай гана эмгектенген Кыргыз өкмөтүнүн ишине ар ким ар кандай баа берүүдө.

Көз карандысыз саясат таанучу Аскар Мамбеталиев “Азаттыка” мамлекеттик башкаруудагы кризистин себептери тууралуу мындайча ой бөлүштү:

- Азыркы жагдай кимди болбосун да чүнчүтүшү мүмкүн, ошондуктан бул учурда министрби же премьер министрби, айтор эч кимди күнөөлөгө болбойт. Биз баарыбыз тең иштебеген системанын, саясий түзүлүштүн барымтасындабыз. Албетте, жогору профессионалдуу мамлекеттик кызматкерлердин бири-бирине кыйкырып, кыр көрсөткөнү, эл алдында өздөрүн ушундай алып жүргөнү болбош керек да.

Ал эми мындай жорук иштебеген системага профессионалдуу эмес кызматкерлердин келгенин, тааныш менен кошомат кылчулар экенин айтсак болот. Бирок кандай адамдар болсо дагы аларды ушундай жагдайга түрткөн мамлекеттик башкаруу режими күнөөлүү. Ошондуктан баарыбыз тең алардын ордунда болуп калышыбыз мүмкүн. Бир гана күнөөлөй турган нерсе биздин системанын абалы.

- Азыркы өкмөт Кыргызстандагы мамлекеттик башкарууну реформалоонун натыйжасында келип, жаңы эле кызматка киришкен өкмөт да. Демек мамлекеттик башкарууда эч кандай реформа болгон жок деп айтсак болобу?

Реформа деген эмне? Ал түп тамыры менен бир нерсени өзгөртүү да. Анан азыркы мамлекеттик башкарууга келгендерди ким шайлады? Эл шайладыбы же башка шайладыбы, мен билбейм. Биз көп сөз кылган реформанын болбой атканы - реформа деген “дөңгөлөктү” кайдан табуу керек? Кыргызстандагы реформага соттор көз каранды болбосо, аткаруу бийлиги көз каранды болбосо, депутаттар көз каранды болбосо, мына ошол эле жетиштүү.

- Аскар мырза, соңку учурда Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусуна келген адистер мамлекеттик кызыкчылыкка караганда өз кызыкчылыгын жогору коет деген пикирлер айтылат. Сиз буга кошуласызбы?

Албетте, кайсыл өкмөттө кызыкчылыктардын конфликти болбойт экен. Кандай гана мамлекетти албагын, Америка болобу, Жапония болобу бардык жерде кызыкчылыктардын кагылышы бар. Бул жерде мен туура эле айтып атам. Эч кандай мунун жаман жагы жок. Саясатта түрдүү кызыкчылыктар дайыма бири-бири менен кагылышып келе берет.

Экинчиден, жеке кызыкчылыгын коомдун кызыкчылынынан өйдө коет деп күнөөлөөгө каршымын. Албетте, ар бир адам өзүнүн жеке кызыкчылыгын коомдукунан өйдө коёт. Койбогон ким бар? Эч ким, баардыгы тең өз кызыкчылыгын жогору коюшат. Бирок мамлекеттик система күчтүү, башкаруу режими жакшы болсо, элдин маданияты, аң сезими күчтүү болсо ошол атка минердин жеке кызыкчылыгын коомдун кызыкчылыгынан өйдө коюсуна жол бербейт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG