Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Кыргызстандагы референдумга өзбекстандык байкоочулар көз салат


Коңшулаш Өзбекстандан төрт байкоочу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Референдумдун жүрүшүнө көз салат. Өзбекстан Конституциялык сотунун төрагасы Бахтияр Мирбабаев менен Өзбекстан парламентинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык байланыштар комитетинин төрагасы Авазбек Жалилов КМШ байкоочуларынын курамында референдумдун жүрүшүнө байкоо жүргүзөт. Ал эми Өзбекстан БШКсынын катчысы Суяржон Курбанкулов менен парламент депутаты Акмалжон Умирзаков ШКУ байкоочуларынын миссиясы аркылуу келишкен.

Бул тууралуу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG