Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Ошто кыргыз-өзбек жаштары элдик кошуун уюштуруп жатышат


Ош: жараат алган аял
Ош: жараат алган аял

“Youth of Osh” же “Ош жаштары деп аталган уюмдун жетекчиси Айжан Токтошеванын билдиришинче, азыр Оштун көчөлөрүндө тургундар өз райондорунда жолдорду тосуп, өз алдынча коргонуунун аракетинде болуп жатышат. Кыргыз-өзбек бирдиктүү кошуундары көчөлөрдү кыдырып, ар кандай коркунучка туш келген шаар тургундарын куткаруу жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көздөшүүдө.

- Азыр бизде абал бир аз оорураак. Көчөгө кайгуулга чыкканга эч кандай мүкүнчүлүк болбой жатат. Элдер район-район болуп бөлүнүп, жолдорду тосмолоп алышкан.

- Кошуун түзүүгө кайсы уюмдар тартылды?

- Бул жерде биздин гана биздин уюм бар, бирок уюмдагы адамдар - кыргыздар, өзбектер. Биз үч жылдан бери жаштар менен иштеп келатабыз. Биздин коллектив көп улуттуу болгондуктан, ушундай көп улуттуу кошуун түзүү демилгесин көтөрдүк. Азыр жер-жерлерде калк өздөрүнүн үйлөрүн коргоого биригип жатышат. Алардын арасында (башка улутка каршы маанай) болбосун үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коркунучта калгандарды куткарганга жардам көрсөтүп, же адамдардын өз ара катташуусуна шарт түзүү үчүн ушундай кошуундар зарыл. Бирок биз өзүбүз жардамга муктажбыз.

- Жардам алыш үчүн силер бул демилге тууралуу маалыматты кандайча таратып жатасыңар?

- Интернеттен, телефондон түз байланыштабыз. Телефондон чалып, жардам беребиз деп жатышат, бирок бизге биринчи кезекте адам ресурстары жетпей жатат.

- Силерге ким, кандайча жардам бере алат?

- Бизге мамлекеттин деңгээлинде комендаанттар жардам бере алат, бирок алар менен байланыша албай жатабыз. Чукул телефонго чалсак, дайым эле бошобойт. Аскер киргизилди деп жатышат, бирок жер-жерлерде тартип коргоочулар аз. Бизге ошол тартип коргоочулар керек , жер-жерлерге барып, эл менен кошо кошуундарды түзсөк деген ниет.

- Азыр канча кишисиңер, канча кишини чогулта аласыңар?

- Азыр он кишибиз, онообуз тең ар кайсы жердебиз, бир бирибиз менен байланыштабыз. Кээ бир жерде 20, 30, 100дөн кишилер биригип жатат.

- Элдин колунда курал барбы?

- Элдин колунда таш-таяк бар, бирок автомат, башка курал жок.

- Силерге кандайча байланышса болот?

- 0557122040 деген телефонго чалышса болот.

XS
SM
MD
LG