Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

7-апрелден кийин түзүлгөн ондогон элдик кошуундар өлкөнүн коопсуздугу үчүн бирикмей болду. 21-сентябрда алар биринчи курултайга чогулуп, кошуундардын макамын аныктап берүүсүн сурап президентке кайрылышты.

Бийлик өкүлдөрү апрель жана июнь окуяларында кырдаалды турукташтырууда элдик кошуундардын ролу чоң болгонун моюнга алганы менен, коомчулук арасында кошуундар кайсы бир партиянын куралына айланып кетүү ыктымалдыгы да айтылып жүрөт.

Кыргызстанда “Жаш тегин”, “Каркыра”, “Кыраандар”, “Патриот”, “Мекен үчүн”, “Манас урпактары” жана башка ондогон элдик кошуундардын көбү 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин шаардагы талап-тоноолорду болтурбоо, коомдук тартипти сактоо максатында түзүлгөн. Айрыкча милиция иштебеген ыңкылаптын биринчи-экинчи күндөрүндө күзөткө чыккан ыктыярчы кошуун өкүлдөрүнүн эмгеги жогору баалынып, орду чоң экени белгиленип келген. Кийин алар түштүктөгү каргашалуу коогалаңда да милицияга кол кабыш кылган.

Буга чейин алар ар кандай жаңжал чыккан жерлерде, жер басып алуу аракеттерин жөнгө салуу маселелеринде өз ара аракеттенип келишкен. Эми он сегизден ашуун элдик кошуун биригип, өлкөдө башаламандыктар баштала турган болсо, тартипти орнотуу жана жарандардын коопсуздугун милиция менен бирдикте коргоого чыгары тууралуу документке кол коюшту.

Коопсуздуктун кароолунда

Кыргызстандын тарыхында элдик кошуундардын курултайы алгачкы жолу өтүп жатат. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өлкөдөгү соңку окуяларда кырдаалды турукташтурууда кошуундар чоң күч бергенин моюнга алып, милиция алар менен иштешүүгө даяр экенин жар салды.

- Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери эл үчүн ачык. Сиздер менен бир катарда туруп, кол кармашып, Кыргызстандын эртеңки келечегин түзүүгө биз даярбыз.

Бириккен элдик кошуун кеңеши парламенттик шайлоо алдында да милиция менен бирдикте жер-жерлерде күзөткө чыгышат. Алар шайлоо алдында жаңжал чыгып кетпеши, ар кандай чагымчыл иштерди болтурбоо үчүн да аракеттерди көрүшөт. “Каркыра” кыймылынын жетекчиси Эмил Кыштообаевдин айтымында, кошуун өкүлдөрү зарыл болсо Ош жана Жалал-Абадга чейин барышат.

- Шайлоодо да бир күчтөр пайдаланып, шайлоону болтурбай, мамлекетте башаламандыкты уюштурат деген ар кандай кептер көп. Ошондуктан биз бир партиянын кызыкчылыгын эмес, жалпы шайлоону таза өткөрүп, Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлоп жатабыз. Кошуундар бир да курал албайт, болгону милицияга жардам берет. Биз бир да кошуундун колунан курал көргөн жокпуз. Адамдын ички жан дүйнөсүнөн, патриоттук сезиминен жогору курал жок.

Эми кошуун өкүлдөрү алдардын ишин мыйзамдаштырып, макамын аныктап берүүнү бийликтен суранышууда. Мындай кайрылуу курултайда кабыл алынып, президент Роза Отунбаевага жолдонду. “Патриот” элдик кошуундун лидери Данияр Тербишалиев:

- Эч кандай мыйзамга таянбай өзүбүзчө эле биригип иштеп жатабыз. Милициянын өзүнүн макамы, айлыгы жана социалдык жактан кепилдиктер бар. Кошуундун өкүлдөрү кокустан жаракат алса ким жооп берет? Мамлекет ушул жактан жардам берсе эле биз мындан да жакшы иштеп кетмекпиз.

7-апрелден кийин бир катар мамлекеттик мекемелер, уюмдар, партиялар да өздөрүнүн кошуундарын түзүшкөн. Айрым кошуундун өкүлдөрү партиянын тизмесинде алдыңкы орундарда турушат. Ошол себептүү көбүнесе жаштардан турган элдик кошуун өкүлдөрү кайсы бир партиянын куралы болуп кетиши мүмкүндүгү да айтылууда. Маселен жаңы түзүлгөн элдик кошуундун кеңешинин төрагалыгына кайсы бир партиянын тизмесинде онунчу болуп шайлоого бараткан Данияр Тербишалиев шайланды.

Саясий күч эмес, эл үчүн

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова элдик кошуундар эл ичинен ыктыярдуу чыккан адамдар болушу керектигин айтып, аны мыйзамдаштырууга негиз жок деп эсептейт.

- Элдик кошуундар бир саясий партиялардын талапкерлери болсо анда кайсы бир партиянын куралы болот деген шек жаратат. Менимче элдик кошуундар элдик эле болуш керек. Анын үстүнө ар кандай коркунучтарда чогулуп жарандык позициясын көргөзүүгө эч кандай бут тосуулар жок болот. Азырынча мыйзамдаштырууга негиз жок. Биринчи алардын иштегенин көрүш керек жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын караш керек.

Динара Ошурахунова
Айрым эксперттер кошуун деген атты жамынып, арасында курулчан топтун да жүргөнүн белгилеп келишет. Бирок өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов мындай сөздөрдү четке кагып, алардын иш аракеттери көзөмөлдө экенин кошумчалады. Ал административдик ресурс колдонууга жол берилбей турганын, андай учур катталса партия лидери баш болуп жазаланарын эскертти.

Ыктыярдуу элдик кошуундар – булар милиция кызматкерлерине коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөткөн адамдар тобу. Биринчи ыктыярдуу элдик кошуун Союз учурунда 1958-жылы Ленинград ишканасынын айрым жамаатынын демилгеси менен түзүлүп, алардын саны бат эле 15 миңге жеткен. Булардын тажрыйбасына таянып 1959-жылы 2-мартта ЦК КПСС жана Министрлер Кеңеш “Жумушчулардын коомдук тартипти сактоого катышуусу жөнүндө” токтом чыгарган. Дал ушул токтом алардын укуктарын, уюмдун формасын жана милдетин аныктап турган.

Элдик кошуундар тартипти бузган адамды кармап милиция бөлүмүнө алып келгенге да укуктуу болушкан. Элдик кошуундарда болуу коомдук иш катары каралып, уюмдук, партиялык, комсомолдук уюмдар тарабынан колдоого ээ болгон. Советтер Союзу жоюлган соң ыктыярдуу элдик кошуундар дээрлик жоюлуп, айрымдары гана сакталып калган. Кыргызстанда түзүлгөн кошуундар да ушул сыяктуу макамга ээ болууну калап жатат.

"Азаттыктын" архивинен: Элдик кошуундар элди ынтымакка чакырууда

Учурда Бишкекте элдик кошуундар да милиция кызматкерлери менен бирге иштешип, кыргызстандыктарды тынччылыкка, ынтымакка чакырууда. (MiT)

XS
SM
MD
LG