Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

ЖККУ ролу боюнча суроолорго Москва Мамлекеттик университети алдындагы аналитикалык-изилдөө институтунун бөлүм башчысы, КМШ өлкөлөрү боюнча адис Алексей Власов жооп берди.

- ЖККУнун алкагында Кыргызстанга берилчү жардам дагы деле кечеңдеп атат. Мунун артында эмне турат деп ойлойсуз?

- Маселе Кыргызстанга кандай форматтагы жардам керек экендигинде. Мисалы, кеп гуманитардык, экономикалык жардам тууралуу болуп жатса, андай жардамдар эки тараптуу да, көп тараптуу да келишимдердин негизинде берилип жатат.

Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунан сырткары деле Кыргызстандагы кырдаалдын турукташуусун каалаган ЕККУ, ШКУ жана башка да уюмдар тарабынан бир канча жардамдар берилип жатат. Эгер Кыргызстандын ички саясий стабилдүүлүгүн жөнгө салуу багытындагы жардам жөнүндө сөз болуп жатса, аны интеграциялык уюмга кирген бардык эле өлкөлөр камсыздай албайт. Бул жөнүндө президент Дмитрий Медведев да Ереванда өткөн бейформал саммитте белгиледи.

Ал эми декабрь айына ЖККУну реформалоо боюнча долбоорду даярдоо чечиминде Кыргызстандагы тажрыйба аталган уюмдун ишмердүүлүгү эске алынат деп ойлойм. Биринчиси, ЖККУга мүчө өлкөлөргө сырттан кол салуу, экинчиси, социалдык стабилдүүлүк, этностор аралык жаңжалга байланыштуу. Бул жерде уюмга мүчө өлкөлөрдүн бирисинин өтүнүчү менен кандайдыр бир күч колдонуу маселесинде юридикалык, формалдык жагдайларды кароодо чоң иштер турат. Бул жерде абдан так укуктак база талап кылынат. Азырынча бул база жок, ошондуктан жардамдардын кечеңдеши боюнча маселе чыгып жатат.

- ЖККУ июнь айында түштүктөгү этностор аралык жаңжалдан кийин атайын жана техникалык каражаттарды, тик учак бөлөрүн билдирген. Мен ушул жардамдар туралуу сурап жатам.

- Бул жерде белгилүү бир маселелер бар. Жардамга берилген атайын каражаттар каякка, кандай максатта колдонулат? Азыркы тапта кырдаал толук турукташа элек, ошол эле тапта жаңы бийлик толук мыйзамдаша элек, менимче, өлкөгө атайын техникаларды берүү туура эмес. Ошондуктан саясий чечим кабыл алынды, бирок ЖККУнун жетекчилиги Кыргызстанда кырдаал дээрлик турукташып калды деп эсептегенде гана жогоруда айтылган маселе аткарылат.

- Демек бул жардамдар берилбей да калышы мүмкүнбү?


- Ал жардамдар берилет, бирок маселе качан экени белгисиз болуп жатканын айтып жатам. Менимче, мөөнөтү жагынан дагы кармалышы ыктымал.

- Кыргызстан бийлиги ушул тапта ошондой жардамга муктаж экенин айтып жатат. Эмнеге керек учурда маселенин чечилиши кечеңдеп атат?


- Мисалы, ЕККУнун полиция күчтөрүн жөнөтүү боюнча чечим Кыргызстандын ичинде бир топ кызуу талкууну, ага макул болбогон да көз караштарды жаратып жатат. Ошондуктан кандайдыр бир чечим кабыл алуудан мурда Кыргызстандын ичиндеги кыдаалды толук түшүнүш керек. Менимче сырттан караган көз караш дайыма эле туура боло бербейт. Ошондуктан бул жердеги жакшы принцип зыян алып келбейт. Азырынча бардык чечимдер декларациянын деңгээлинде кабыл алынып жатат. Качан гана ЖККУнун жетекчилиги - Орусия же Казакстан - Кыргызстанда эмне болуп жатканы жөнүндө толук маалымат алганда гана сөздөн ишке өтүшөт.

- Айрым эксперттер ЖККУну кагаз жүзүндөгү эле уюм болуп калды деп сындап жатышат. Сиз ушундай пикирлерге кошуласызбы?

- Мен ушундай пикирин билдирип жаткан эксперт Аркадий Дубновго кайсы бир деңгээлде кошулуп кетет элем. Маселе бул уюм канчалык реформаланат. Менимче, ЖККУнун реформалоо мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм. Бирок бул НАТОго окшоп калат дегенден алыс болуш керек. Бул жерде аскерий багытта көп тармактуу кызматташуусу каралат. ЖККУга кирген, жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрүндө актуалдуу болуп турган сырткы коркунучтан коргонуу, терроризм менен күрөшүү жана өзгөчө кырдаал түзүлгөн жагдай эске алынат деп ойлойм. Бул үчүн убакыт талап кылынат.

- Айрымдар ЖККУнун Кыргызстанга берилчү жардамдын артында саясий өңүтү бар деп айтышууда. Сиздин бул багытта оюңуз кандай?

- Ооба, мен бул пикирлерге кошулам. Мунун эки жагдайы бар. Биринчиси, Казакстан менен Орусия ЖККУнун алкагында эмес өз алдынча да жардам көрсөтүп жатат. Бирок ошол эле учурда кызматташуу маселесинде Кыргызстанда учурда бийлик башында тургандардын кимиси менен иштешүүнү эки өлкө тең билбей турат. Тышкы байланышта жоопкерчиликтүү, ыңгайлуу жана күчтүү, жарк эткен бийлик башчысы жок болуп жатат. Кыргызстандын өзүндө ушундай бийлик башчысы же башчылары пайда болгондо гана Астана жана Москва Бишкек менен ачык жана айкын шартта сүйлөшө баштайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG