Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Майданга жалгыз аттанган маарага жетпейби?


Жакында Кыргызстанда парламенттик шайлоонун күнү жарыяланат. Бирок шайлоо өнөктүгүнүн башталышына чукул убакыт калгандыгына карабастан саясий партиялардын биригүү жараяны жай жүрүүдө. Талдоочулар мындай абалда көпчүлүк саясий партиялардын ар бир аймактан нөл беш пайыздык тосмодон өтүү мүмкүнчүлүгү төмөн бойдон калат деп эскертишет.

Он сегизге жакын майда партиялар жана уюмдар мурдагы Бириккен Элдик Кыймылдын алдына биригүү ниеттин билдиришти. Мындан сырткары буга Муратбек Мукашев, Оморбай Нарбеков, Топчубек Тургуналиев сыяктуу жеке саясий ишмерлер кошулушту. Бирок мурдагы БЭКтин курамындагы “Ата-Мекен” жана Социал-демократтар партиясы буга киришкен эмес.

Азимбек Бекназаров БЭКти саясий партияга айландыруунун зарылдыгына токтолду:

- Бириккен Элдик Кыймылдын мекенчил багыттагы адамдары, мүчөлөрү жана анын курамына кирген айрым партиялар БЭКтин атын сактап калуу менен саясий партияга айландыралы деп жаштар менен сүйлөшүп, ушул чечимге келдик. Юстиция министрлигинен каттаттык. Партия мына бүгүнтөн баштап, расмий түрдө жарыяланып олтурат.

Буга чейин мурдагы Бириккен Элдик Кыймылдын мүчөсү Азимбек Бекназаров баштаган бир катар саясатчылар кийинки үч жыл аралыгында кайсы бир партияда турушкан эмес. Серепчилер алардын ынкылапчыл кыймылдын атын алып чыгышып, бир катар саясий партияларды ага бириктириши “Ата-Мекен”, “Ак-Шумкар” жана Социал-демократтар сыяктуу негизги саясий күчтөргө тең ата атаандаш болуу аракети деп белгилешет.

- Майда-майда партиялардан он сегизге жакыны биригиши мүмкүн. Булардын негизги максаты элдин кулагына жакшы таанылып калган атты алып, ошонун тегерегине биригиши. Анан калса бизде шайлоо кодексинде ар бир аймактын шайлоочуларынын
беш пайыздан кем эмес добушун алуу ченеми сакталып калбадыбы. Ошого байланыштуу ошол чектен өтө албай калабыз деген партиялар биригүүгө муктаж болушууда,
- деген оюн билдирди талдоочу Табылды Акеров.

Партиянын ачылыш аземинде Азимбек Бекназаров буга чейин БЭКтин курамына кирбеген улуттук-мекенчил багыттагы башка партиялар менен союздаш катары парламенттик шайлоого баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кыйытты. Бул партиянын ачылыш аземине келген “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев алдыдагы шайлоодо БЭКчилер менен тилектеш экендиктерин жашырган жок:

- Биз даярбыз. Мекенчил багыттагы, улуттук кызыкчылыкты көздөгөн партиялар булар өздөрүнчө бир блок болушу мүмкүн. Бул бүгүнкү ачылган партиянын кандайдыр бир деңгээлде духу, ою биздин партиянын максаттары жана таламдары менен тутумдаш десем жаңылбайм.

Ынкылаптын шарапаты менен бийликке келген Убактылуу Өкмөткө оппозициялык маанайдагы “Ата-Журт” партиясы менен ынкылапчыл БЭКтин ымаласы мурдагы өнөктөштөрдү чочутушу мүмкүн деп эсептешет талдоочулар. Анткени мындай абалда саясий күчтөрдүн тең салмагы бузулуп кетиши мүмкүн экендиги айтылды.

Анткен менен мындай биригүүнүн келечегине ишенбегендер да жок эмес. Саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында советтик саркындыдан чыга албай жаткан бүгүнкү саясий элита идеялык биригүүнү эмес, бийликке жетүү үчүн болгон убактылуу өнөктөштүктү гана элестетет:

- Бийликти алгандан кийин буларды бириктире турган идеялогия жок. Бүттү. Ошондуктан булар чачырайт. Анан бири-бири менен согушат да,бирин-бири жеп коёт, ушул боюнча кете беришсе. Эми жанагы улутчулдукту-мекенчилдикти алып көрөлү. Бул деген эми баардыгында эле бар да, бул деген жалпы да. Бардыгы эле өздөрүн социалистти деле, демократы, либералы деле мекенчилмин деп эсептейт. Бул жөн эле популисттик идея. Мисал үчүн жаш бала чыгып жатат. Мирсулжан Намазалиев деген. Ал айтып жатат жеке менчиктин кызыкчылыгын коргойм. Жеке адамдын укугун коргойм деп. Мына ушуну идеология десе болот. Алардыкы конкретүү чыныгы либералдык багыт.

Ошол эле учурда булардан башка да партиялардын биригүүсү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы айтылгандыгы менен азырынча бир чечимге келише элек. Талдоочулар танапташ партиялардын бириге албай жатышына идеологиялык багыттарынан мурун саясий лидерлердин башынан ашкан дымагы себепчи болуп жаткандыгын белгилешти. Табылды Акеровдун айтымында мындай көрүнүш партиялык системанын калыптанышына залалын тийгизет:

- Саясий багыттардын негизинде бирикпей. Мисал үчүн социалисттер бир партияга, республикачылар бир партияга, либералдар бир партияга болушуп. Азыр булар саясий лидерлердин бири-бирине болгон мамилесине жараша биригишет. Мисалга алсак “Азаттык” демократиялык партиясы менен “Ак-Шумкар” же болбосо “Ата-Мекен” менен социал-деомкраттар партиясы ушундай негизде бириге алышпай олтурушат. Себеби дегенде лидерлери бири-бири менен тил табыша албай жатышат.

Талдоочулардын баамында партиялардын ирилешүүсү же саясий блокторго биригүү маселелери шайлоого камданып жатышкан саясий күчтөрдүн күн мерчемине айланууда. Бирок саясий жараяндардын мындан ары карай өнүгүшү мыйзамда жазылбаган оюн эрежелерин ким сунуштайт жана кандайча сунуштайт, мына ошого байланыштуу дешет серепчилер.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG