Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Клинтон жалган маалыматтар тумоосуна каршы күрөшүүгө чакырды


АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон.
АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон.

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон медиа каражаттарында жана социалдык тармактарда жайнап кеткен жалган маалыматтардын агымына каршы күрөшүүгө чакырды.

Анын айтымында, акыркы кезде социалдык тармактарды зыяндуу, чындыкка коошпогон маалыматтардын тумоосу каптады. Клинтон бул толкунга мамлекеттик жана жеке сектордун деңгээлинде бөгөт коюуга чакырды.

Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө Хиллари өзү да интернеттен таркатылган жалган маалыматтардын курмандыгы болгонун кошумчалады. Андайлардын биринде, маселен, “Хиллари Клинтон жана анын шайлоо штабынын жетекчиси Жон Подеста Вашингтондогу пиццериялардын биринде балдарды сексуалдык эксплуатацияга тартышкан” деп жазылган. Социалдык тармактарда бул жалган маалымат “пиццагейт” деген аталышта тараган.

Дүйшөмбүдө дал ушул пиццерияга курал менен чабуул койгон Түндүк Каролина штатынын тургуну кармалган. Ал чуулуу жаңылыктар боюнча чындыкты билейин деп ушул кадамга барганын түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG