Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Кыргызстан жабык өлкөгө айланып баратабы?


Укук коргоочу Нигина Бахриева "Манас" аба майданынан артка кайтарылды
Укук коргоочу Нигина Бахриева "Манас" аба майданынан артка кайтарылды

4-декабрда эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюму Кыргызстанга сырттан укук коргоочулар кире албай жатканына кабатырланган билдирүү таратты. Анда ошондой эле кыргыз бийлигин өлкөнүн түштүгүндө иликтөө жүргүзүп жаткан укук коргоочуларды куугунтуктоосун токтотууну да талап кылышкан. Акыркы эки жыл ичинде Кыргызстанга он чакты чет өлкөлүк укук коргоочу, журналисттер “өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган” адамдар катары киргизилбей, келген жагына кайтарылган.

Кыска тарых...

2-декабрь күнү Кыргызстандын чек арачылары тажикстандык укук коргоочу Нигина Бахриеваны өлкөгө киргизбей, “Манас” аэропортунан кайра учуп келген жагына кайтарышты. Буга чейин аз убакыт мурда эле Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо борборунун өкүлү Бахром Хамроев Ош шаарында жүргөн жеринен коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалып, Москвага депортацияланган.

Андан мурун “Мемориал” укук коргоо борборунун жетекчиси Виталий Пономаревдун Кыргызстанга кирүүгө жасаган бир нече жолку аракети текке кеткен. Өткөн жылы Хельсинкидеги адам укугу комитетинин мүчөсү Ивар Далени “Кыргызстанда уруксаты жок иш жүргүзгөн” деген себеп менен күч органдары өлкөдөн чыгарып жиберишип, 10 жылга чейин кайрылып келүү укугунан ажыратып коюшкан.

Ал эми Хельсинкидеги адам укугун коргоо комитетинин жергиликтүү бөлүмүн Кыргызстанда каттоого алуудан адилет министрлиги баш тартканы белгилүү. Ошондой эле быйыл президенттик шайлоонун алдында Украинадан келген журналист Евген Глибовицкий менен саясат талдоочу Марина Габитова да Кыргызстанга киргизилбей, келген жагына кайтарылган.

Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдындагы милдеттенмеси

Бир жолу “Манас” аэропортунан, экинчи жолу Кайыңдыдагы темир жол бажы бекетинен келген жагына кайтарылган орусиялык “Мемориал” укук коргоо борборунун жетекчиси В. Пономарев чет өлкөлүк укук коргоочуларды, журналисттерди, талдоочуларды киргизбей, Кыргызстан демократиянын жоболордон тайып жатат, деп эсептейт:

- Албетте, укук коргоочулардын киргизилбей жатышы Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдында алган милдеттерине каршы келет. Мына ушул көрүнүштөргө жол берүү менен Кыргыз бийлиги өлкөсүнө Ооган маселесин сүйлөшүү үчүн талиптерди киргизүүгө даяр деп жакында билдиргени таң калычтуу. Укук коргоочуларды киргизүүдөн чочулап жаткан өлкө кантип ушуга бара алат деп таң калбай койбойсуң, - дейт Виталий Пономарев.

Хюман Райтс Уотч уюму тараткан билдирүүдө кыргыз бийлиги чет элдик укук коргоочулардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуудан тышкары жергиликтүү укук коргоочуларды да куугунтукка алып жатат, деп белгилейт.

Анда айтылган укук коргоочулардын бири, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө карата тикелей коркутуп-үркүтүүлөр болуп келе жаткандыгын “Азаттыкка” билдирди:

- Мага коопсуздук кызматынын так ошол терроризм менен күрөшүү тармагында иштеген Ороз аттуу кызматкери келип, өзүмө ачык айтты. Ал мага: “Эже, сиз Ноокат окуясын козгобоңуз. Эгер козгосоңуз, биз сизге улуттар аралык карама-каршылыкты күчөтүп жатат, деген айып менен кылмыш ишин козгойбуз” деп ачык айтып кетти. Бул бир эле мисалы, мындан башка күйөө баламды чакырып алып сураган учурлары, биздин кыймылдын кеңсесине келип тинткен мезгилдери да аз эмес.


Кыргыз бийлиги эмне дейт?

Чет өлкөлүк укук коргоочулардын, талдоочулардын Кыргызстанга киргизилбей жатканын чек ара кызматы “мынча жылга чейин киргизилбесин” деген көрсөтмө бар” деген себеп менен түшүндүрүп келет.

Ал эми мындай маселелерге түздөн-түз тиешелүү болгон Улуттук коопсуздук кызматы эч кандай комментарий берилбесинен башка сөз айтпай келет.

Коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулу бул жолу да жогоруда айтылгандарга карата эч кандай комментарий берилбесин гана маалымдап тим болду.

Акыйкатчынын мамилеси

Кыргызстанда адам укуктарын коргоочу негизги институт – Акыйкатчы инстититу. Аталган институттун жетекчисин мамлекет башчы дайындап, парламент бекитип берет. Ошондуктан, айрым серепчилердин пикиринде, бул институт адам укугу, демократия жоболорун сактоо жаатында бийликке каршы кадам таштай албайт.

Мындай пикирлерди четке каккан Акыйкатчы Турсунбек Акун өлкөгө сырттан келген укук коргоочулар киргизилбеген учурлар, жергиликтүү адам укугун коргоочуларга жасалган мамилени өзгөртүү боюнча күч органдарына кайрылып жаткандыгын билдирди:

- Журналисттер, укук коргоочулар бир жерден экинчи жерге кенен жүрүүгө толук укугу бар. Биздин өлкөгө аларды киргизбей, Кыргызстан эл аралык нормаларды бузуп жатат. Анткени биз бир катар эл аралык милдеттенмелерди алып, конвенцияларга кол койгонбуз. Мен мунун баарын жылдык отчетумда белгилейм, ошондой эле президентке да маселе коем. Иштеп жатабыз, бул маселелердин үстүнөн катуу иштеп жатабыз.

2-декабрда Кыргызстанга киргизилбей, кайра мекенине кайтарылган тажикстандык укук коргоочу Нигина Бахриевага Кыргызстандын чек ара кызматы анын өлкөгө кирүүгө укугу жоктугу тууралуу документ берген.

Анда укук коргоочунун Бишкекке учуп келген жана кайра учуп кеткен күнү гана белгиленип, ал эми анын Кыргызстанга кире ала турган күнү жазылган эмес.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG