Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

20-ноябрь - Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Кыргызстанда он сегиз жашка чейинки өспүрүмдөрдүн саны 2 миллион 170 миңге жакын болсо, алардын жарымынан көбү жакыр үй-бүлөдө жашайт.

Учурда жакыр үй-бүлөдөн чыккан балдардын билим алууга, ден соолугун кароого толук мүмкүнчүлүктөрү жок. Балдардын мындай көйгөйлөрү Бишкекте өткөн “Балдардын келечегине кам көрүү – миң жылдыкта өнүктүрүү максаттарына жетишүүнүн өбөлгөсү” аттуу тегерек үстөлдө талкууга алынды.

Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңүүдө


18 жашка жаңы эле толгон Нурдин мындан эки жыл мурда мектепти таштап, Ош облусунан Бишкекке келип иштөөгө аргасыз болгон. Ата-энесинин жумушсуз отурушу, азык-түлүктүн жетишсиздиги үй-бүлөдөгү төрт баланын улуусу болгон Нурдинди эрте эле түйшүккө түрткөн. Базарда күн сайын таң эртеден жүк ташып иштеп, окуу дегенди эбак эле унуткан:

- Жетишпегендик болду. Үйдө кемчиликтер бар. Анан айылда атамдардын эле башына жүк болуп жүрө бергиче бул жерге келип иштеп кеттим. Жумушта оор нерселерди да, жеңилди да көтөрөбүз. Эртең менен эрте жумушка келмей, кечке чейин жумушта турабыз.

"Азаттык": Окууну улантайын деген ниетиң барбы?

- Эми окуюн деген ниетим бар, бирок шарт жок болуп жатат.

Кыргызстанда Нурдинге окшоп мектепте толук билим ала албай түйшүк тарткан балдар өтө көп.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтары боюнча Кыргызстанда мектепке барбаган балдардын саны кеминде 1,5 миңден ашык болсо, эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүнө караганда бул сан 72 миңди ашып кетет.

Социалдык саясат чабал болуп жатабы?

Эмгек, жумуштуулук жана миграция министринин орун басары Нурила Жолдошева билдиргендей, өлкөдө балдардын социалдык кызматтардан пайдалана албай жатышынын негизги себеби жакырчылык менен катар эле өлкөдө социалдык саясаттын чабалдыгы болууда:

- Үй-бүлөдөгү жакырчылык балдардын билим алуу, ден соолугун коргоо өңдүү негизги социалдык кызматтарды колдонуусун оорлотуп жатат. Өлкөдө жакыр балдардын болушу мамлекеттик социалдык саясаттын жетиштүү деңгээлде болбогонун көрсөтүп жатат. Жакыр балдар көбүнесе айыл жергелеринде жашап келишет.
Канат Садыков

Эмгек, жумуштуулук жана миграция министринин маалыматтары боюнча Кыргызстандагы балдардын 60 пайыздан ашыгы жакыр үй-бүлөлөрдөн. Мындай балдардын көпчүлүгү айыл жергесинде жашап келишет. Алсак ар бир төрт жакыр баланын үчөө айылда өскөндөр. Үй-бүлөдө балдардын саны канчалык көп болсо, ошончолук үй-бүлөнүн жакырдык көрсөткүчү жогорулайт. Маалыматтарга ылайык бештен өйдө балалуу үй-бүлөнүн сексен пайыздан ашыгы жакыр үй-бүлөнүн катарына кирүүдө.

Балдардын билимге, ден соолугун сактоого болгон укуктарын камсыз кылуу үчүн биринчи кезекте өкмөттөгү тармактар биригип иштеши керектигин Билим берүү жана илим министри Канат Садыков “Азаттыкка” билдирди:

- Билим берүү жана илим министрлигинин күчү менен эле бул маселени чечүү абдан кыйын. Бул жерде эң негизги максат ушул маселени комплекстүү түрдө, ар бир социалдык сектордо иштеген министрликтердин балдар үчүн жасалып жаткан кызматтарын бириктирүү. Канчалык эрте социалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөлөр менен иштей баштаганда, ошол маселелер туура жагына чечилчүдөй болуп турат.


Балдар маселесин жапа тырмак чечүү керекпи?

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө президент Роза Отунбаева өлкөдө 72 миңден ашуун баланын мектепке барбай калганы салыштырмалуу аз калкы бар Кыргызстан үчүн абдан эле чоң көйгөй экендигин, сабаты жоюлбаган балдар турганда өлкөнүн өнүгүүсүнөн кеп салуу мүмкүн эместигин баса белгиледи. Президент бардык министрликтерди, тармактардын өкүлдөрүн балдардын көйгөйлөрүн чечүүдө биргелешип иштөөгө үндөдү:

Роза Отунбаева
- Биз сиздер менен идеологияны издеп келебиз. Кайда барууну, кантип барууну билбейбиз деп айтып келебиз. Мына балдар – биздин идеологиябыз. Ушул тапта балдардын билим алуусун, тарбиялануусуна ушунча көп көңүл бурушубуз керек эле. Бизден кичүү болгон бул адамдарга татыктуу жашоону түзүп берсек болмок. Башка тапшырманы издөөнүн кажети жок.

Өз сөзүндө президент кандуу коогалаң орун алган аймактагы балдар жана мигранттардын балдары да өзгөчө көңүл бурууга муктаж экендигин белгиледи. Президент баш болуп министрлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан “Балдардын келечегине кам көрүү – миң жылдыкта өнүктүрүү максаттарына жетишүүнүн өбөлгөсү” аттуу тегерек үстөлдө балдар туш болуп келген маселелерди чечүү үчүн бардык тармактар биригип аракет кылыш керек деген бүтүмгө келишти.

Ошол эле учурда Кыргызстанда балдар туш болуп жаткан маселелерди чечүү үчүн каражаттын жетишсиздиги да көкүрөк өйүткөн көйгөй экендиги маалым болуп, бул багытта эл аралык уюмдардын колдоосуна муктаждык бар экендиги да айтылды. Өз кезегинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстан ратификациялаган Балдар укуктары боюнча конвенциянын эрежелерин эстен чыгарбоого өтүнүштү.

20-ноябрь Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан Балдардын күнү катары белгиленип келет. Бул күнү 1954-жылы БУУнун “Балдар укуктары боюнча декларациясы”, 1989-жылы “Балдар укугу боюнча конвенция” кабыл алынган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG