Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Дүйнө, кулатылган президент жана айласыздык...


К. Бакиев 13-апрелде Жалал-Абадда өзүнүн жактоочуларынын алдында сүйлөп жатат
К. Бакиев 13-апрелде Жалал-Абадда өзүнүн жактоочуларынын алдында сүйлөп жатат

7-апрелдеги кандуу окуядан кийин оппозиция лидерлери Убактылуу өкмөт куруп, өлкө түштүгүнө качкан Курманбек Бакиев президенттик ыйгарым укуктарын таштабасын, бирок сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтууда.

Кыргызстандын чет элдик өнөктөштөрү азырынча Убактылуу өкмөттү ырасмий таанууга шашпай, К.Бакиевден да оолак карманышууда.

Убактылуу өкмөт өлкөдөгү бийликти көзөмөлдөп турганы менен кулатылган президент Курманбек Бакиев өлкө түштүгүндө колдоо табуу айласын жасап, Жалал-Абад шаарында 3000 ашуун адам катышкан митинг уюштурууга жетишти. Де-факто өлкөдөгү бийликти Убактылуу өкмөт жүргүзүп, парламентти, өкмөттү таркатып, кала берсе баш мыйзамды да жоюп, К.Бакиевди кармоо чечими чыкканы менен де-юре ал дале президент. Бирок Убактылуу өкмөт 7-апрелде митингге чыккандарды атуу башталганда эле президент баш болгон бүтүндөй мамлекеттик система мыйзамдан тышкары калганын айтышууда.

Ушундай кырдаалда Кыргызстандын чет элдик өнөктөштөрү да Убактылуу өкмөттү ачык таанууга барбай турушат. Ошол эле маалда эл аралык өнөктөштөр арасында К.Бакиевди колдогондор да болгон жок. Ар кандай такталбаган маалыматтардан кийин Кыргызстандагы АКШ элчилиги К.Бакиевге баш калка берүү планы жок экенин айтса, Казакстандын Ички иштер министрлиги мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов баштаган издөөдөгү адамдар Казакстандын аймагында жок экенин билдиришти.

Кыргызстандагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу келишкен Бириккен улуттар уюмунун жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү да тараптарды диалогго чакыруу менен гана чектелишүүдө. Убактылуу өкмөт менен жолуккан соң БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү Ян Кубиш мырза Жалал-Абадда К.Бакиев менен да жолугуп, жөн гана тынч жол менен маселени чечүүгө чакырды. Ал эми К.Бакиевдин БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн алып келүү сунушу колдоо таппады.

Соңку жылдары АКШда баш калкалап келген мурдагы банкир Акылбек Жумабаевдин айтымында, Кыргызстандын четтеги өнөктөштөрү эми эч качан К.Бакиевди колдоп, анын кулаган бийлигин реанимациялоого жардам бербейт. Андыктан, эл аралык коомчулук Убактылуу өкмөткө адилет мамлекеттик система курууга көмөк кылып, иштешүүгө даяр болуп калды:

- Албетте, ар бир мамлекеттин Кыргызстандагы элчиликтери жана атайын органдары өз өкмөтүнө Кыргызстан тууралуу такталган жана туура маалыматтарды берип турушчу. Бул мамлекетти кимдер, кандай башкарып атканын айтып турушчу. Ошол себептүү ар бир мамлекет К.Бакиевди колдоордон мурда анын ким экенин карашат. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө, өнүккөн коомдордо, батышта К.Бакиевдей адамдарга салым кошуудан жийиркенишет. Анткени ал жакта диктатордук, кандуу режимдерге кол сунуу абдан терс көрүнүш болуп саналат.

Жарандык коомчулук өкүлдөрү болсо 80 ашуун адамдын өмүрүн жеген окуядан соң бийликке келгендер калыс мамлекеттик системасы бар, толук сөз эркиндиги, адам укуктары сакталган өлкө курууга милдеттүү экендиктерин айтып, алардын бул жолдон четтешине жол бербей тургандыктарын айтышууда. Бул максатты орундатууга жарандык коомчулук эл аралык уюмдарды да тартуу аракетин көрүшүүдө.

Көз карандысыз эксперт Кубанычбек Өмүралиевдин айтымында, байкаган кишиге эл аралык коомчулук Убактылуу өкмөттү колдоп атат. Ал эми бийликтен четтеген президент К.Бакиевдин коопсуздугу чындап эле коркунучта. Анткени, аны башка мамлекеттер кабыл албачудай түр көргөзүп, өзү куралын таштабай турат:

- Дипломатияда бардык эле иштер ачык текстте айтылбайт. Байкап көрсөңөр, Орусиянын, Европанын , АКШ өкүлдөрүнүн Убактылуу бийлик менен жолугушуп, айтылып аткан жылуу сөздөр алардын позициясын тастыктап атат. Демек алар Убактылуу өкмөт менен иштей беришет.

Убактылуу өкмөт өз кезегинде К.Бакиевди кол тийбестигинен ажыратып, аны кармоо иш-чарасын баштаары менен 13-апрелде ал кайсы бир талаптары аткарылса, кызматтан кетерин айткандыгы тууралуу маалыматтар таркап кетти. Бирок К.Бакиевдин бир тууган иниси Акмат Бакиев “Азаттыкка” андай маалыматтар жалган экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG