Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

К. Бакиев Убактылуу өкмөт жетекчилери менен сүйлөшүүгө даяр


Курманбек Бакиев бүгүн Жалал-Абаддагы Тейит айылында укук коргоочулар Азиза Абдрасулова жана Төлөйкан Исмаилова менен жолугушуп сүйлөшүп, бийликти легитимдүү жол менен өткөрүү жөнүндө Убактылуу өкмөт жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макул экенин билдирди.

-Эң негизгиси ал сүйлөшүүгө даяр,-деп билдирди Төлөйкан Исмаилова "Азаттыкка".- Курманбек Салиевич айтты, кетиш оңой, кетип да калганга мүмкүнчүлүгүм бар, бирок мен кетпейм, анткени Кыргызстандын бүгүнкү акыбалын түшүнүп атам, эртеңки акыбалын да түшүнүү керек. Юридикалык процедуралар сакталмайынча бийлик өткөнү легитимдүү процесс болбой калат деп айтты.

К. Бакиев өзүнүн коопсуздугун камсыз кылууну Убактылуу өкмөткө биринчи шарт катары коюуда. Экинчиден, ал президентке караштуу мүлктөрдү рейдерлик жол менен тартып алуу аракеттерин токтотууну талап кылды. Ал эми бир туугандары жөнүндө алардын өзүнчө статусу бар жана мыйзам чегинде жооп берсин деген оюн билдирген.

К. Бакиев болуп өткөн кейиштүү окуяларда күнөөсү бар экенин танбайт жана мыйзам чегинде жооп берүүгө даяр. Ал Кыргызстандан кетпей турганын, өлкөнү экиге бөлүп-жарууга жол бербей турганын дагы айтыптыр.

Президент ошондой эле ЕККУнун мандаты менен эл аралык комиссия келип, Кыргызстандагы окуяларды иликтеп, бийликтин легитимдүү жол менен өткөрүлүп берилишине көз салышын сураныптыр.

Укук коргоочулар өлкөдө 6-8-апрелде болуп өткөн окуяларды көз каранды эмес иликтөөгө алуу үчүн коомдук комиссия түзүшкөн. Бул комиссияга кирген укук коргоочулар президент К. Бакиевге жолугушуу үчүн бүгүн эртең менен Жалал-Абадга учуп барышкан. Укук коргоочулар президентти кармоо, аны суракка алуу жана андан бийликти өткөрүп алуу сыяктуу маселелердин баарын укуктук жол менен жүргүзүүнү талап кылышып, бул иштерде сотко жетпей, ээнбаштык аракеттери болуп кетишине жол бербөөгө чакырышууда.

Ал ортодо Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров дагы бүгүн К. Бакиевди кармоо операциясын ишке ашырганы Жалал-Абадга жөнөп кеткени айтылууда. Убактылуу өкмөт К. Бакиевди кол тийбестик укугунан ажыратканы жөнүндө маалыматты А. Бекназаров "Азаттыкка" 13-апрелде эле билдирген. Бирок кийин мындай чечим кабыл алына электигин Убактылуу өкмөттүн администрациясынан айтышкан.

Бүгүн Жалал-Абадда борбордук аянтта Убактылуу өкмөттүн колдоочуларынын элдик курултай өткөрүү аракетине тоскоолдуктар болду. Президент К. Бакиевдин жактоочулары да келип, микрофонду жулуп алышып, эки тарап кайым айтышып, жаңы бийликтин бир жарым миңге чукул жактоочулары Барпы театрынын алдына бөлүнүп кетишти.

Ал ортодо “акжолчу” депутаттар эсине келип, президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөрө башташты. “Ак Жол” фракциясындагы 14 депутат Курманбек Бакиевге парламент тарабынан импичмент жарыялоо аркылуу аны президенттик кызматтан алуу жөнүндө убактылуу өкмөткө сунуш жолдошту. Мындай жол менен алар убактылуу өкмөттү легитимдүүлүгүн чыңдоого жана кырдаалды жакшыртуууга жардам көрсөткөн жатышат.

Импичмент демилгесин колдогон депутаттардын арасында Аскар Салымбеков, Галина Куликова, Жангороз Каниметов, Бегалы Наргозуев, Нарынбек Молдобаев ж.б. бар. Депутат Бегалы Наргозуев “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, ушундай жол менен өлкөдөгү кырдаалды конституциялык талаага кайтарып келүү зарыл болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, Т. Үмөталиева баш болгон укук коргоочулар ортого түшүп, депутаттар менен сүйлөшүп, К. Бакиевди парламент аркылуу элдин атынан импичмент жарыялап президенттик кызматтан алуу боюнча башталган ишке башка депутаттарды тартуу боюнча да аракет болуп жатат. Президентке импичмент жарыялоо үчүн депутаттар корпусунун үчтөн экисинен кем эмес санда добуш берилиши керек.

XS
SM
MD
LG