Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

"Бизге Айбалаевдей, Айжигитовдой губернатор керек"


Президент К. Бакиевдин Баткенге болгон соңку иш сапары. 30-октбярь 2009-жыл
Президент К. Бакиевдин Баткенге болгон соңку иш сапары. 30-октбярь 2009-жыл

14-декабрда баткендиктер облустук акимчилик астына чыгышып, Айбалаевди же Айжигитовду губернатор дайындап берсин деп талап кылышты. Мамат Айбалаев жана Султанбай Айжигитов мурда бул облусту жетектеп иштеп кетишкен ишмерлер. Баткендиктер эми президенттен жооп күтүп жатышат.

Мындан бир ай мурда баткендик бир миндей киши кол койгон кайрылуу президентке жолдонгон болчу. Анда "Марат Жумабеков элге жакшы иштей албады, чек арада болсо абал оор, ошондуктан мурдакы губернатор Султанбай Айжигитовду облуска жетекчи кылып дайындап бериңиз" деп айтылган эле.

Баткен облусунун мурдакы губернатору Марат Жумабековду ишиндеги кетирген кемчиликтери үчүн деп президенттин жарлыгы менен кызматынан четтетилип, ага каршы кылмыш иштери козголгондугу айтылганына 4 күндөй убакыт өттү.

Бүгүн, 14-декабрда Баткен аймагынан бир топ айылдан 60дай өкүл облустук акимчилик астына “Бизге Бакиевдей президент, Айбалаев, Айжигитовдой губернатор керек деген” талап менен митингге чыгышты.

- Бизге Бакиевдей президент, Айбалаевдей, Айжигитовдой губернатор керек. Бизге келгендер кетип атат. Эл суудан, чек ара маселесинен кыйналып атабыз. Биздин маселебизди чечип берчү кадрды коюп берсин, - деди келгендердин бири Алия Ысманова.

- Бул жерге ар бир айылдын өкүлдөрү келип отурат. Биздин суранарыбыз, жаштардын келечеги, турумушу үчүн, элдин жыргалчылыгы үчүн, бары-жокту түшүнгөн жергиликтүү кадр, биз Курманбек Бакиев Салиевичтен Айбалаевди губернатор кылып дайындап беришин суранабыз,- деди митингдин дагы бир катышуучусу Абдыкадыр Алимбаев.

- Айбалаев көнбөгүдөй болсо, мурдагы биздин Султанбай Айжигитовду коюп берсин. Экөөнүн бирин, эгерде жаш, энергичный десе эң жакшы план менен иштер жаткан Айжигитовду коюп берсин, - деди жашы жетимиштен ашкан карыя Өсөров Асранкул.

Эгерде элди колдобой турган болсо Ак үйдү иштетпей, келебиз, ачкачылык жарыялайбыз. Элдин айтканын аткарбаса биз Ак үйдү бекитип салабыз.
Ал эми Самаркандек айыл өкмөтүнөн келген Анипа Талипова өлкө жетекчиси элдин талабы менен эсептешпесе, тургундардын айтканын укпай өзүнчө башка губернаторду дайындап койсо, дагы келип облустук акимчиликтин иштөөсүнө тоскоол боло беребиз, ачкачылык жарыялаганга да барабыз дейт:

- Эгерде элди колдобой турган болсо, Ак үйдү иштетпей келебиз, ачкачылык жарыялайбыз. Элдин айтканын аткарбаса, биз Ак үйдү бекитип салабыз, Ак үйдүн эмне кереги бар бизге, - деди Анипа Талипова.

Ал эми чогулгандар менен жолугушуп, талаптарын угууга чыккан губернатордун биринчи орун басары Айдарали Асамидинов болсо губернаторду дайындоо жергиликтүү деңгээлде чечилбестигин айтып, калктын талабын Ак үйгө жеткирем деди:

- Мурда тополоң болгонун көрдүк. Бардыгы орду-ордуна түштү. Азыр иштей турган убакыт келди. Губернаторду иштен алып, аны коюш бул Кыргыз Республикасынын президентинин прерогативасына кирет. Бул маселени мен Ак үйгө, биздин кураторубузга, органдарга жеткирейин. Кыш абасы болуп атса, суук, оору болбой эле баары орду-ордунда болсун. Сиздер да орду-ордуңуздарга барыңыздар. "Ушул маселени чечип бергиле, тездетип бергиле ушундай талап менен келиптир" деп мен жеткирейин.

Губернатордун биринчи орун басары Айдарали Асамидиновдун бул сөзүнөн кийин чогулгандар "президенттин чечимин күтөлү" деп таркап кетишти.

XS
SM
MD
LG