Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Роза Отунбаеванын ант берүү аземи өттү


Бүгүн Улуттук филармонияда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын ант берүү аземи өттү. Ант берүү аземин БШКнын төрагасы Акылбек Сариев ачып, Роза Отунбаевага президенттин күбөлүгүн тапшырды.

Андан соң Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева ант берди. Өз сөзүндө Роза Отунбаева “президенттик кызматка киришип жатып Конституцияны жана мыйзамдарды ыйык тутууга, бардык жарандарынын укуктарын камсыздого, президенттин бийик милдетин ачык айкын аткарууга ант беремин” деп айтты.

Ант берилгенден кийин президент Роза Отунбаевага БШКнын төрагасы Акылбек Сариев президенттин төш белгисин жана тууну тапшырып, Кыргызстандын гимни жаңырды.

Кыргызстандын гимнинен кийин президент Роза Отунбаева сөз сүйлөп, адегенде 7-апрелде жана Кыргызстандын түштүгүндө тополоңдо набыт болгондордун жакындарына көнүл айтты. (Текстти бул жерден окуңуз)

Роза Отунбаева анттын касиетине токтолуп, аны бузгандын кусуру урат деп белгиледи. Өз сөзүндө Отунбаева демократияга токтолуп, “ал үчүн күрөшкө чыкканбыз, эркиндик үчүн күн сайын күрөшүүгө даярбыз” деди. Роза Отунбаева сөз эркиндиги, адам укуктары баарынан жогору болгонун белгилеп, “идеялардын атаандаштыгына, башка көз караштагы саясатчылар менен диалогго даярбыз” деди. Президент "кыйрап барып бириккен, кырылып барып тириккен, кыргыздан кыйын калк болбойт,
кыйналган кезде бириккен” деп айтты.

Ант берүү аземине Кыргызстандагы дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү, журналисттер, белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер чакырылган. Ант берүү аземи УТРК аркылуу түз көрсөтүлдү.

Кечээ БШК 27-июндагы жалпы элдик добуш берүүнү тааныган токтом кабыл алган. Кыргызстан элинин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында жаңы Конституция кабыл алынып, күчүнө кирди. Анда Убактылуу өкмөттүн “Өткөөл мезгилдеги Кыргыз Республикасынын президенти жөнүндө” Декретин бекитүү көрсөтүлгөн. Ага ылайык БШКнын токтомунда Роза Отунбаеваны Кыргыз Республикасынын президенти катары каттап, төш белгисин, күбөлүгүн жана президенттин туусун тапшыруу айтылат. (ZMa)

Роза Отунбаева ант берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

XS
SM
MD
LG