Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Евробиримдик Текебаевдин ишине көз салат


Президент Алмазбек Атамбаев жана Евробиримдиктин тышкы иштер министри Федерика Могерини.
Президент Алмазбек Атамбаев жана Евробиримдиктин тышкы иштер министри Федерика Могерини.

Европа Биримдиги Кыргызстанда оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча жагдайга жакындан көз салып жатат. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могеринин басма сөз катчысы Мая Кочиянчич “Азаттыкка” билдирди.

“Бардык процедуралар эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт деп күтөбүз. Президент Атамбаев Брюсселдеги соңку сапарында Кыргызстан демократиялык башкаруунун жогорку стандарттарын сыйлайт жана бул жылдын соңундагы шайлоону эркин, таза өткөрүү үчүн бардык аракетти кылат деп Евробиримдиктин лидерлерин ишендирген. Биз үчүн өлкөдө болуп жаткан окуяларга байкоо салуу абдан маанилүү. Эгер саясатчылардын кармалышынын саясий максаты бар болсо, мындай жагдай соңку өнүгүүлөргө олуттуу деңгээлде шек келтирет”-деди Кочиянчич.

Буга чейин Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясы да оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы боюнча жагдайды тыкыр байкоого алып турганын билдирген. Уюм өкүлдөрү кыргыз бийлиги мыйзам үстөмдүгүн сактайт деп ишенерин айткан.

Орус ишкеринен ири өлчөмдө пара алды деп шектелген депутат Текебаев дүйшөмбүдө Бишкектеги райондук соттун чечими менен тергөө иштери бүткүчө эки айга камакка алынды. Текебаевдин тарапкерлери бул айыптарды саясий куугунтук катары сыпатташууда. (KKs/RJ)

XS
SM
MD
LG