Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

К. Бакиев: Конституциялык Соттун чечимин аткарууга милдеттүүмүн


Кыргыз мамлекет башчысы К. Бакиев
Кыргыз мамлекет башчысы К. Бакиев

Келерки президенттик шайлоо быйылкы жылдын 25-октябрына чейин өтөт. 19-мартта Конституциялык Сот ушундай чечим чыгарды. Анын артынан эле Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин шайлоо өткөрүү күнүн 23-июлга дайындаганы белгилүү болду.

Президент Курманбек Бакиев да дароо эле билдирүү жасап, Конституциялык Соттун чечими кайра кароого жатпай турган акыркы чечим деп белгилеп, президент катары да, өлкөнүн жараны катары да бул чечимди аткара турганын жарыя кылды.

Конституциялык Соттун чечимин жыйын бүтөрү менен анын төрайымы Светлана Сыдыкова жарыялады:

-2009-жылы 25-октябрга чейин президенттик шайлоолор өтүш керек. Ал качан болот, октябрда болобу же андан эрте болобу, бул Жогорку Кеңештин колундагы маселе. Президент 2003-жылдагы Конституция менен ант берген. Ал мөөнөтүнөн эрте шайланган, ошондуктан анын мөөнөтү 2009-жылдын октябрында аяктайт. 2005-жылы октябрда шайланган.

Эми президенттик шайлоонун өтө турган так күнүн Жогорку Кеңеш аныктоого тийиш. Соңку маалыматтар боюнча ЖК Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети бул маселени дароо эле карап чыгып, президенттик шайлоо күнүн 23-июлга белгилеген чечимин чыгарды. Эми комитеттин чечими Жогорку Кеңеште каралып бекитилиш керек. Мыйзам боюнча президенттик шайлоо күнү төрт ай мурда жарыяланышы керек.

Президенттик шайлоонун күнүн тактоо маселесинин көтөрүлүшүнө Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Асылбек Жээнбековдун Конституциялык Сотко февраль айында жолдогон арызы негиз берди.

Депутат өз атынан берген арызда Конституциянын президентти шайлоо жөнүндөгү 44-беренесинин 2-абзацынын 2-бөлүмүндөгү жобого ылайыктап, президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтүн тактап берүүнү өтүнгөн эле.

- Президент Курманбек Бакиев 1993-жылкы Конституциянын 2003-жылы жаңыртылган редакциясынын негизинде шайланган. Ал Конституцияга ылайык кезектеги президенттик шайлоо президенттик мөөнөттүн бешинчи жылы, октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүшү керек. Бирок президент Бакиев 2005-жылдын 10-июлунда президенттик милдетине расмий түрдө киришкен. Ушундан улам коомдо кайсы Конституцияга таянышыбыз керек деген карама-каршы эки пикир болуп жатат. Себеби президент мурдагы Конституциянын негизинде шайланган жана ага таянсак быйыл октябрь айынын акырында шайлоо болуш керек. Экинчи тарап 2010-жылы беш жыл болот жана шайлоо эмдиги жылы болуш керек деп жатат. Эгер ушундай эсептей турган болсок 2010-жылдын октярында президенттик мөөнөт алтынчы жылга аяк басып кетип жатат. Ошон үчүн биз расмий түрдө соттон так жооп алышыбыз керек,-деп белгилеген Асылбек Жээнбеков маалымат жыйынында.

Депутат мындай чечимге өз каалоосу менен баргандыгын билдирген менен анын артында бийликтин каалоосуна шарт түзүү аракети турат деген пикирлер болгон. Мурдараак болсо Социал-демократтар фракциясы президенттик шайлоо мезгилин тактоо максатында Конституциялык Сотко кайрылганы жатканын жарыялаган болчу.

“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев акыркы чечимге бийлик элдин каарынан чочуп, шашып жатат деген баасын билдирди.

Саясатчынын “Азаттыкка” айтымында, Конституциялык Соттун чечими “сарай интригасынын” уландысы болуп саналат:

-”Бакиев өз мураскерин өткөрүп койгонго аракет кылат. Анын сергек “шайлоого катышам” деп жатышы - бул коштошуп жаткан бийликтин ыкмасы. Анткени эртең кете турган начальникти эч ким укпай калат. Бакиевдин өзүнүн талапкерлигин шайлоого коюууга ден соолугу же башка саясий кырдаалдар мүмкүндүк бербейт. Азыр анын мураскерлеринин ортосунда бир жарым жылдан бери катуу күрөш жүрүп жатат”.

Президент Курманбек Бакиев 11-февралда уюштурган маалымат жыйынында экинчи президенттик мөөнөт үчүн шайлоого барарын жана шайлоонун боло турган мөөнөтү боюнча Конституциялык Сот кабыл алган чечимге баш ийерин билдирген болчу:

"Конституциялык Сот быйыл шайлоо болот деп чечсе - быйыл, 2010-жылы өтөт деп чечсе - эмдиги жылы катышууга даярмын."


Мамлекет башчы бүгүн эле мурдагы сөзүн ырастап, Конституциялык Соттун чечимин жаран катары дагы, президент катары дагы аткарууга милдетүү экенин белгилеп билдирүү жасады.


Өлкө башчылыгына ким татыктуу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00


Ал эми кыргыз жаштары болочокку президенттикке талапкер тууралуу ар кыл жоромолдор айтууда.

Бул тасмада аталгандардын арасында Исмаил Исаков, Адахан Мадумаров, Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов сыяктуу саясатчылардын ысымдары бар.

XS
SM
MD
LG