Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Талапкер-2009: Тилин эмес дилин сынаш керекпи?


Куттубек Асылбеков мамлекеттик тил сынагынан өткөн алгачкы талапкер болду

Куттубек Асылбеков мамлекеттик тил сынагынан өткөн алгачкы талапкер болду

Президенттикке талапкерлердин алгачкысы - Дыйкандар партиясынын төрагасы Куттубек Асылбеков бейшембиде мамлекеттик тил боюнча сынактан өттү.

Талапкер Куттубек Асылбековго үч тапшырма берилди. Сынактан чыккандан кийин Асылбеков “Азаттыкка” текшерүү оор деле болбогонун айтты:

- Беш жылдан бери ушу программабызды, ишибизди айтып келебиз. Тилден кыйналган жокпуз. Эгер жаңылык болсо кыйналат элек. Тил өзүбүздүкү, кыла жүргөн кызматыбыз, колдон келишинче аракет кылдык.

Биринчи тапшырмага ылайык, талапкер кырк беш мүнөттө өзүнүн программасын үч баракка жазды. Тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагуловдун билдиришинче, үч бетке болжол менен 150-200 сөз батат. Ушул сөздөрдөн ал киши ондон ашык ката кетирсе, демек сабаттуу жаза албайт, тилди “билбейт”, деген чечим чыгат, - дейт Т. Жумагулов.

Андан соң Куттубек Асылбеков өзүнүн программасын комиссия алдында оозеки айтып берди. Көркөм окуу бөлгүндө белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычынан” үзүндү окуду:

Ташбоо Жумагулов: Үч беттен ондон ашык ката кетирсе экзаменден өтпөйт
- Бул жерде биз, ал кыргызча так сүйлөй алабы? Сөз байлыгы канча, жетишерлик деңгээлдеби? Элди өзүнө тарта алабы, кыргыздын макал-лакаптарын, уламыштарын пайдаланганды билеби? Мына ушул сыяктуу талаптар менен сынайбыз, - дейт Ташбоо Жумагулов.

Кыргыз мыйзамдары боюнча өлкө президенти малмекеттик тилди мыкты билиши керек.

Талапкерлердин тил билүү жөндөмүн тогуз кишиден турган комиссия текшерүүдө. Сынакта эгер мүчөлөрдүн теңинен көбү кыргыз тилин билет, деген тыянак чыгарса, талапкер экзаменден өткөн болот.

Ошентип биринчи талапкер тил комиссиясынын сынагынан ийгиликтүү өттү. Дагы он беши эми күн сайын кезек-кезек менен сынак беришет.

Кыргызстанда президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү жөндөмү ушуну менен үчүнчү ирээт текшерилип жатат. 2000-жылкы шайлоодо Аскар Акаев, андан кийин 2005-жылы Курманбек Бакиев кыргыз тилден экзамен берген.

21-майда негизи кезек боюнча сынакка биринчи болуп президенттикке талапкер дарыгер Жеңишбек Назаралиев кирмек экен. Бирок ал ушул эле күнү мындай экзаменди сынга алып, сандырактык деп атап Борбордук шайлоо комиссиясы менен Тил комиссиясынын башчыларына ачык кат жолдоду. Өзүнүн бир катар талаптарын койду.

Назаралиев бир нече сын далилдерди көрсөткөн. Маселен бул катта тилди “билет” жана “билбейт” деген бир жактуу баалоо менен комиссия өзүнө өзү карама-каршы келет, деп айтылган. Өлкөдө кыргызча жаза да, окуй да албагаган жарандар көп, анткен менен алар кыргызча сонун сүйлөп, мыкты түшүнө алары кошумчаланган. Азыркы техника өнүккөн заманда кол менен жазуунун актуладуулугу жоголуп баратканы айтылган.

:Жеңишбек Назаралиев
Кат соңунда бул экзаменди мурунку президент атаандаштарынан коркуп киргизгени белгиленип, балким Курманбек Бакиев да кимдир бирөөлөрдөн коркуп жатпасын деген суроо ташталган. Бул экөө тең кыргызчаны укмуш билсе да өлкө жакырчылыкка батып баратат, деп айтылат Назаралиевдин ачык катында. Ошондуктан талапкерлердин кыргыз тилин билишин эмес, анын акылын, дүйнө таанымын жана моралдык сапаттарын талап кылышы керектиги көрсөтүлгөн.

Талапкер Назаралиев Шайлоо кодексине таянып экзамен маалында кыргыз тилиндеги “Редактор” деген программасы, кыргыз тилдүү клавиатурасы бар компьютер берилишин, экзаменге маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн катыштырылбай, жабык өткөрүлүшүн жана тил билүү жөндөмү ачык айкын ыкмалар менен бааланышын талап кылды.

Тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов Ж. Назаралиевдин бул кат боюнча жооп жакында берилерин “Азаттыкка” билдирди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG