Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Нарындык аткаминерлер жеңишти Бакиевге күч менен алып береби?


Соңку учурда Нарында айрым айыл өкмөт башчылары, мектеп деректирлери кызматкерлерин президент К.Бакиевге гана добуш берүүгө мажбурлап жатканы айтылууда. Чындап эле шайлоочулар кысымга алынып жатабы?

А. Атамбаевдин Нарын аймагындагы жолугушуулары
7-10-июль күндөрүнүн аралыгында Нарын облусунун аймагында президенттикке талапкерлер Алмазбек Атамбаев, Токтайым Үмөталиева жана Курманбек Бакиев шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдү.

Мына ушундан кийин жер-жерлерде жандануу пайда болуп, бюджетте иштеген кызматкерлерди, асыресе мугалимдерди учурдагы президентке добуш берүүгө кысым көрсөтүүлөр жергиликтүү бийликтер тарабынан күч алды деген кептер угула баштады. Маселен, өз ысымын айагысы келбеген Кочкор районундагы Туз айылынан байланышка чыккан шайлоочу мындай дейт:

- Отпусканын айлыгын алып келгенде айыл өкмөтү өзү кошо келип, мындай тапшырма берген. «Бүт мугалимдер агитаторсуңар Бакиевге, Бакиевди өткөзөбүз, аз процент берип калсак бүт уят болобуз. Мен кызматташ түшүп калам»,-деп айткан айыл өкмөт башчысы Качыке Бейшебаев. Эгер Бакиевди шайлабасаңар «Таза суу» программасынан чыгарып салабыз деп коркутуп жатышат. Түшүнбөгөн эл «Атамбаевди шайлайт элек, суу үчүн айла жок Бакиевди шайлайбыз» деп атат. Качыке Бейшебаев ачык эле айтты тоодогу малчылар үчүн бюллетенди өзүбүз салабыз деп.

Кочкор районундагы Чолпон айыл округ башчысы Качыке Бейшебаев өз кезегинде “Азаттыкка” тоодогу малчылар үчүн добуш бергидей башы экөө эмес экендигин белгилеп, тек Курманбек Бакиевдин жолугушуусуна айылдардан 15тей мугалимди Кочкор айылына алып баргандыгын билдирди.

Жунушалиев Талант, Нарын районундагы Жерге-Тал айылынын тургуну:

- Биздин айылда аябай эле кысым болуп атат. Айыл өкмөтү бештен-ондон киши табасыңар, болбосо жумуштан кетесиңер деп иштеген жумушчуларга аябай кысым көрсөтүп атат. Ооруканада иштегендерге, мугалимдерге ушундай кысым бар. Мектеп директорлору эмне болсо да Бакиев үчүн ондон киши табасыңар, же болбосо жумуштан кийин ыргыйсыңар деп .

Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл округ башчысы Темиркул Сулайманов өз кезегинде кысым көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты төгүндөп, эл өз тиричилиги менен алек болуп жатканын, шайлоодо кимге добуш беришти ар ким өзү билээрин айтканы менен ушул эле айылдын тургуну Жаңылбүбү Токтомамбетова: "Элди «Ак Жол» партиясы, Бакиев үчүн күчкө салып атышат. Иштейсиңер, иштебесеңер мындай кылабыз, тигиндей кылабыз, деп зордук менен күчкө салып жатышат. Атамбаев менен көчүп кетесиңерби!" дегенге чейин барып атышат", деп шайлоо кампаниясынын адилетсиздигин ортого салды.

Мына ушундай эле маалыматтар Нарындын Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунда да бар. Маселен, Ат-Башынын Ак-Жар айылында мектепте иштегендерди "Бакиевге гана добуш саласынар, болбосо!..." деп катуу коркутуп жатканын айрым мугалимдер жашыруун айтышууда. Бюджетте иштеген кызматкерлерге болсо "казынадан айлык алып жатасынар", деп азыркы президентти гана колдоого мажбурлашат. Айрым айыл өкмөттөрү А.Атамбаевди колдогондорго справка жазып бербей, кысымга алган фактылар бар. Жергиликтүү бийликтер интервью алган убакта адаттагыдай эле буларды жокко чыгарышат.

XS
SM
MD
LG