Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

О. Молдалиев: Акаевдин тушундагы абал кайталанганы турат


Өлкө турмушундагы соңку саясий өзгөрүүлөргө, оппозиция аракеттерине жана келерки президенттик шайлоого байланыштуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

- Президенттин экинчи ирет шайлоого барууга даярдыгын билдирүүсү менен шайлоо кампаниясы башталды деген пикирлер айтыла баштады. Сиз ага кошула аласызбы?

- Шайлоо кампаниясы башталды деп Конституциялык Соттун чечиминен кийин айтсак болот. Бирок даярдык болгондун белгилери көрүнүп турат. Уюштуруу маселелерине келсек, президенттин эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту кайра түзүлдү, стратегиялык анализ институту болуп, катчылык деген структура пайда болду жана ошол структураларга келген адамдардын адистигин эске алсак, бул шайлоого карата даярдыктардын белгилеринин бири болуп саналат. Кадрларды алмаштыруу, ошондой эле кимдердин бийликке келгендеринин анализдерин карасак эле ошолордун баары шайлоого даярдыктын белгиси болуп эсептелет.

- Демек шайлоо качан болушу ыктымал, жай айларындабы, же 2003-жылкы Конституциянын талабына ылайык күзгө болуп калабы?

- 2003-жылдагы Конституциянын талабы боюнча күздө деген пикирлер дагы бар, ошол эле мезгилде өкмөттүн кээ бир эксперттери, жок ал 2003-жылдагы Конституция кийинки 2007-жылдагы Конституция менен жокко чыгарылган. Ошон үчүн 2010-жылдын июлунда болот деген дагы пикирлер бар. Президент өзү маалымат жыйынында айткандай, юриспруденция кылдат нерсе экен, Конституциялык Сот кандай чечет ошого макулмун дебедиби. Ошон үчүн бул жерде баягы эле илгерки Акаевдин убагындагы абал кайталанганы турат, Конституциялык Сот шартка жараша чечим чыгарып бергенге мүмкүнчүлүк бар.

- Ушул шартта Курманбек Бакиевге оппозиция тараптан кимдер реалдуу атаандаш боло алат?

- Оппозициядагылардын көпчүлүгү эле реалдуу атаандаш боло алышат. Бул жерде кеп тигил татыктуу болот, бул татыктуу болот деген эмес, бул жерден кимиси иштеп кете турган системаны түзгөн реалдуу программасы менен чыкканында жана эл ошого ынанганында. Оппозициядагылардын көпчүлүгү эле татыктуу, эл тааныган жигиттер, ошон үчүн бул татыктуу, бул татыктуу эмес деп айта албайбыз. Демократиянын шартында мындай болот да, биз илгерки партиянын убагындагы партиянын лидерлерине көнүп калган стереотиптерден арылышыбыз керек, демократиянын шартында ар кандай адамдар келе берет. Ошого карабай биздин өкмөтүбүздүн башкаруу системасы иштеп кеткендей шарт түзүп коюшубуз керек. Ошого жетишишибиз шарт. Анан эле бул татыктуу, бул келсе оңдойт эле деген болбогон нерсе азыркы шартта.

- Бизде жүрүп жаткан шайлоо алдындагы, негизи эле оппозициянын мартка белгиленген акциясы алдында ушул саясий окуяларга АКШ базасын чыгаруу чечими кандай таасир эте алат?

- Бул саясий окуялар жөнүндө ар кандай божомолдор айтылып жүрөт, база жөн эле кетип калбайт, дагы бир революция уюштуруп жибериши мүмкүн деген. Азыркы бийликтегилер деле билет 2005-жылдагы окуяларга түздөн түз АКШнын, же башка батыш мамлекеттеринин таасири болгон деле эмес. Албетте жалпы саясий атмосферага, өкмөттүк эмес уюмдардын өнүгүшүнө батыш мамлекеттеринин таасири абдан чоң. Биздин саясий маданияттын калыптанышына, эркин басма сөздүн пайда болушуна, аларга типография куруп бергендин баары бул кыйыр нерселер. Негизи биздин өзүбүздүн ички саясатыбыздын туруктуулугун камсыз кыла алсак, анда эч сырткы күчтөр таасир бере албайт. Бул жерден бир башка дагы ушактарды чыгарып, тополоң чыгарышы мүмкүн, ошого даяр болушубуз керек деген да сөздөр бар.

- Бизде элде мурда митинг болот десе коркуулар күчөйт эле. Азыркы кезде андай ажиотаж байкалбайт. Бизде иммунитет пайда болуп калдыбы, же бийликтин күчүнө эл да ишенеби азыркы кезде?

- Бийлик бул жерден мыйзамдарга өзгөрүүлөрдү киргизип, Конституцияга каршы келген кээ бир мыйзамдар кабыл алынып, армияны ички маселелерге кийлигише турган түр көрсөтүлгөн нерселердин баардыгы бул психологиялык эле чабуул эмес, бийлик ошого даяр дегендин белгисин билдирет. Ошон үчүн бийлик азыр митингге чыккандарга күч колдонгондон кайра тарптайт. Ошон үчүн ушул моментти эске алыш керек. Ошон үчүн элдин арасында ар кандай пикирлер бар бул боюнча. Мурда азыркы бийлик сындап келген Максим Горькийдин эстелигине кайра эле митинг уюштурууга уруксат берилип калбадыбы. Тарых кайра эле кайталанып атат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG