Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:38

Өлкө башчысы Курманбек Бакиев президенттик экинчи мөөнөткө бара турганы анык болгондон тарта, президенттик шайлоону өткөрүү күнүн тактоо тууралуу талаштар күчөдү. Оппозициянын айрым лидерлери шайлоо быйыл октябрда өтүшү керек дешсе, дагы бир катар саясатчылар азыркы Башмыйзамга ылайык президенттик шайлоо 2010-жылы өтсө туура болмок деп жатышат. Бул арада ЖКдагы СДПК фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков президенттик шайлоонун күнүн тактоо суранычы менен Конституциялык Сотко кайрылды.

11-февралдагымаалымат жыйынында Курманбек Бакиев алгачкы жолу экинчи мөөнөткө бара турганын ачыктаган. Бирок президент шайлоо качан өтөөрү тууралуу так эчтеке айткан жок.

К.Бакиев президенттик шайлоо 2010-жылы өтүшү керектигин, бирок аны өткөрүү күнүн Конституциялык Сот аныктаарын айтып, “Мен Конституциянын кепили катары, анын чечимине баш ийем”, - деген эле президент.

Президенттин билдирүүсү шайлоону өткөрүүнүн мөөнөтү туралуу талаш-тартыштарды жаратты. Байкоочулар бу талаштардын чыгышын мамлекет азыр кайсыл Конституция менен жашап жатканы айкын эместиги менен түшүндүрүшүүдө.

Кыргызстанда Башмыйзам акыркы ирет 2007-жылдын октябрындагы референдумда өзгөртүлгөн. Анда президенттин мөөнөтү тууралуу тактоолор киргизилди. Эски Башмыйзам боюнча президенттик шайлоо өлкө башчысынын кызмат мөөнөтү бешинчи жылга караган жылы өтүшү абзел. Башкача айтканда, эски Башмыйзам боюнча президенттик шайлоо ушул жылдын октябрында өтүшү керек. Ал эми жаңы Башмыйзамда болсо президент беш жылга шайланат деп жазылган.

Курманбек Бакиев президент катары 2003-жылдагы Башмыйзамдын негизинде шайланган. Ага ылайык ал өлкө башчылыкта 4 жыл, 4 ай отурушу керек. Демек К.Бакиевдин 2005-жылы июлда шайланганын эске алсак, эски Баш мыйзам боюнча анын кызмат мөөнөтү 2009-жылдын октябрына карата аяктаган болот.

Же Бакиевдин мөөнөтү жаңы Башмыйзам менен эсептелиши керекпи?

Жогоруда айтылган жагдайлардан улам, Бакиевдин президент катары мөөнөтү качан бүтөрүү туралуу суроо ачык калууда.

Өлкөдөгү белдүү оппозиция лидерлери бийлик жаңы Башмыйзамга салып, президенттик шайлоону кийинкиге, 2010 –жылга, жылдыруу аракетин көрөт деп тынчсызданып жатышат. Ушул себептен алар президенттик шайлоону өткөрүү күнүн тактоо маселесин биринчилерден болуп көтөрүп чыгышты.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктап берүү өтүнүчү менен Конституциялык Сотко кайрылганын айтты.

- Президент Курманбек Бакиев 1993-жылкы Конституциянын 2003-жылы жаңыртылган редакциясынын негизинде шайланган. Ал Конституцияга ылайык кезектеги президенттик шайлоо президенттик мөөнөттүн бешинчи жылы, октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүшү керек

Кыргызстандын эгемен тарыхына кайрылсак, президенттик мөөнөттү тактай албаган көрүнүштөр буга дейре эле орун алган. Мурунку өлкө башчысы Аскар Акаев дагы өз кезегинде эки мөөнөттүк башкаруудан кийин, үчүнчү мөөнөткө бийликте калууга аракет жасаганы айтылып келет. Аскар Акаев президент катары 1991-жылы бийликке келгени менен, Конституциялык сот кыргыздын тунгуч президенти бийликке Кыргызстан өзүнүн Башмыйзамына ээ боло электе келгенин жүйөө кармап, ал 1995-жылы эле президенттикке келгени тууралуу Токтомун чыгарган. Эгерде 2005-жылдагы март ынкылабы орун албаганда ал үчүнчү мөөнөткө барышы деле күтүлгөнүн саясий талдоочулар айтып келишет.

Бирок азыр талаш бул тууралуу эмес...

Айрым серепчилер кийинки президенттик шайлоого карата мөөрөй жарыш өткөн айдан тарта эле башталганын белгилешүүдө. Жыл жаңыраары менен Курманбек Бакиев өкмөттө жана өзүнүн администрациясында олуттуу кадрдык өзгөрүүлөрдү жүргүздү. Дүйнөлүк каржы кризисине карата күчтүү команда түптөө сыңары жасалган бул жүрүш көпчүлүк серепчилер тарабынан президенттик шайлоого даярдык катары кабылданган. Бишкек шаарынын буга чейинки мэри Данияр Үсөнов президенттик администрация жетекчилигине келгенде бул өңдүү жоромолго ынангандар андан бетер көбөйдү.

Оппозиция президенттик шайлоону кийинки жылга калтырбоого үмүт байлап жатат. Анткен менен, айрым серепчилер айтымында, азыркы турпаты менен оппозиция президенттик шайлоо жарышына түшө алчу ахыбалда эмес. Оппозиция Бириккен Элдик кыймылга чогулганы менен, дале бир лидерди сүрөй албай турат. Мындан тышкары белдүү-баштуу оппозиция лидерлерине кылмыш иштери ачылып, азыр ал кыйла эле алсызданып калды.

Эмнеси болсо да, президенттик шайлоо күнүн Конституциялык Сот президенттин администрациясынын көңүлүнө төп келчү күнгө белгилейт деп ишенгендер да жок эмес.
XS
SM
MD
LG