Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Аламүдүндөгү жер көчкү бир үйгө зыян келтирди


Чүйдүн Аламүдүн районундагы жер көчкү Таш-Мойнок айыл аймагында бир үйгө зыян келтирди. 300 куб метр чамалуу топурак жылып, улам үйдүн дубалынын ич тарабы урап түштү. Окуя 5-декабрда болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн кабарлады.

Адистер 7-декабрда аталган жерде текшерүү жүргүзүп, кырсыкка кабылган үй жана ага жанаша турак жайлар текшерилди. Ондон ашуун үй жайгашкан жердеги жардын топурагы жумшарып калганы аныкталды. Буга ошол жерде акыркы кездери көбөйгөн булактар себеп болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG