Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Кыргызстанды ким “кош бойлуу” кылды?


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик бардыгы өлкөнүн учурдагы абалына, энергетикалык кризиске жана АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обмага арналган материалдар менен жарыкка чыкты.

“Лица” гезити “Бүгүн оппозициянын лидери Сапарбек Балкыбеков болуп саналат” деген көлөмдүү маектешүүсүн “Алга” менен “Ак жолдун” өкүл атасынын интервьюсу” деген рубрика алдында басып чыкты. Анда кабарчынын суроолоруна КР президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун экс-деректири, Акаевдин “Алга”, Бакиевдин “Ак жол” партияларынын өкүл атасы аталган сасат иликтөөчү Валентин Богатырев жооп берген. Анын ою боюнча, баарынан опурталдуусу бүгүн оппозициялык маанайдагы түштүк саясатчылары бириге турган болсо Курманбек Бакиев үчүн кыйын болот. Ал эми түндүктүк саясатчылардын ичинен К. Бакиев менен атаандаша турган Ф. Кулов менен Б. Шерниязовдон бөлөк фигура жок. В. Богатырев мындан 2 ай мурда эле 2010-жылдагы президенттик шайлоо Бакиевдин чөнтөгүндө деп ойлогонун, бирок барган сайын бийлик анын кадыр-баркын кетиргенден кетирип жатканын, ушу кезде бийлик саясый жактан да, стратегиялык жактан да эч нерсе жасай албай олтурганын, ушунун баары оппозициянын тегирменине суу куюп келатканын кеп кылды. Маселен мен дейт саясат иликтөөчү, бүгүн оппозициянын лидери Сапарбек Балкыбеков деп эсептейм. Карагылачы, оппозиция үч жылдан бери жасай албаганды ал үч айда жасады. Бүтүндөй Бишкекти Бакиевге каршы койду. Эми жаз келери менен жарыкты жапырт өчүрмөй кайрадан башталат. Менин досумдун аялы айтып атпайбы:”Жарыкты кайра-кайра өчүрө берип дагы боюма бүтүп калды” деп. Бул эчтеке эмес, азыр бүтүндөй өлкөнүн боюна бүтүп, бүгүн-эртең революция дегени ыңаалап көз жарганы турат. Демек эми Ө.Текебаев да, Т. Сариев да беймарал уктап жата берсе болот. Ал эми Сапарбек Балкыбековго элдин санын көбөйтүүдөгү жана демократияга кошкон салымы үчүн “Эркиндик” аянтына эстелик тургузса да аздык кылат деп айтты.

“Асман преss” гезитине “Ошол жылы бекер бөлүнгөн экенбиз” деген ат менен А. Атамбаевдин, “Балдарымды өлтүрөбүз деп автоматчиктер камакка алып жатканда бирөөң койгула деп айтканга жарабадыңар” деген ат менен К. Байболовдун, меморандумга “Кол койгондорду колдобойм” деген ат менен М. Ниязовдун, “Эгер саясий күчтөрдүн баары бириге турган болсо биз биригүүдөн качпайбыз” деген ат менен А. Бекназаровдун, “Ата Мекенибизден алыс жашап турган учурда биздин үй-бүлөнүн ынтымактуу болушу аларга тынчтык бербей жатат” деген ат менен экс-президент Аскар Акаевдин интервьюлары жарык көрдү. Аскар Акаев учурда үй-бүлөсү менен чогуу, аман-эсен Маскөөдө жашап турганын, жубайы Майрам Акаева менен аны эч кандай душман да, ушакчылар да ажыраштыра албасын, ал өмүрүндө бардык маанилүү иштерди эң жакын адамы катары жубайы менен кеңешип, анын акылдуу, салмактуу кеңешине таянганын белгилөө менен, эми ушу кезде дагы анын үй-бүлөсүнүн бекем болушуна, тынч жашашына тынчы кеткендер болуп жатса, анда гезитке үй-бүлөсү менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн берерин айтып, ушул интервью менен кошо А. Акаев менен М. Акаеванын уул-кыздары, неберелери менен чогуу түшкөн сүрөтү кошо жарыяланган.

“Жаңырык апта” гезити “Дордой” базарында иштеген кыргыз жигиттери эртеден-кечке 50-60 тонналык кытай “КАМАЗдарына” жүк жүктөшөрүн, мына ошолорго күч органдарынын кызматкерлери жумасына жок дегенде эки жолудан келип, документтерин деле карабай, күч менен машинага салып барып 2-3 күн камап, документиңер жок деген шылтоо менен ар бирин 370 сомдон айыпка жыгып, жүк жүктөгөн жерлерди акча табуунун бизнеси кылып алышканын ошол жерде иштегендер кеп кылышууда деп жазды. Башка мамлекеттен келген орус, уйгур, дунган, индус, түрк, казак, кытайлар ээн-эркин тайраңдап жүрсө, аларга унчугалбаган кыргыз милийсасы эптеп кара жанын багып жүргөн кыргыз жигиттерин камап, айыпка жыгып жатат дейт гезит.

“Учур” гезити “Ишенимсиз Кыргызстанга инвестиция келеби?” деген макаласында, азыр бүтүндөй дүйнө финансылык кризисте турганда мамлекет сатканы жаткан энергокомапнияларды сатып ала койчу инвесторлор табыла койбостугун, азыр акчалуу байлардын баары эртең эмне болор экен деп эсеп-чотун чагып олтурганын, бийлик муну жөн эле кийин актаныш үчүн жасап атканын баяндаган. Гезит андан ары, анан эчким албай койгондо ”кымбат сатып акча түшүрөлү дедик эле, инвестор чыкпай атса эмне кылмак элек” деп, акырында өздөрү көздөп жүргөн бирөөгө 10 эсе арзан сатып жиберет, анысы тарифти көтөрөт да, жарымын чөнтөгүнө салып баса берет, болбосо алда немедей иштеп аткан Кайыңды кант заводун жөндөн жөн эле токтотуп, талап, тоноп, эми бүгүн Кытайдан кант сатып ичип калдык деп кейиш менен кеп кылды.

“Аалам” гезитине интервью берген экономика доктору Ж. Акенеев, Токтогул суу сактагычындагы түзүлгөн кырдаал жөн эле кур сөз. Бүгүн жок эле дегенде өзүбүздүн жарандарга 150-200 киловатт саат электр энергиясын бекер бергенге болмок, анткенге жарабасак, арзан сатканга мүмкүнчүлүгүбүз бар эле, азыр 16-17 тыйындык энергияны өзүбүздүн элге 72 тыйындан, ишканаларга 1 сомдон сатып жатышат. Эгер бийликтин эрки, каалоосу болсо элди ойрондоп жаткан ортомчуларды да тыйса болот. Бир эле мисал, түрктөр буурчакты 1 доллардан сатып алып, Европа рыногуна 9 евродон сатып жатат. Эмне ушуну да биздин мамлекет өзү жасай албайбы? Килограммын элден 1 эмес, 2 доллардан эле сатып алып, мейли Европга 9 евродон эмес 5 веродон сатса деле ортодогу 4 евро казынага түшөт эле го, бирок буга кыргыз бийлигинде эчкимдин башы оорубайт, кызыкчылыгы да жок деди.

XS
SM
MD
LG