Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

Бүгүн жарык көргөн эки гезит негизги макалаларын “Кумтөр” алтын кенинин айланасындагы маселелерге арнаса “Ачык саясат” гезити Ч. Айтматовдун элесин биротоло калтыруу маселеси менен президентке кайрылган катты жарыялады.

“Ачык саясат” гезитине “Манас Ордо” коомдук бирикмесинин президенти Анарбек Усупбаевдин каты басылды. Анарбек мырза, эми мындан ары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элеси өз эли-журту тарабынан татыктуу урматттого алынышы зарылдыгын, ал үчүн Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири Айтматовдун ысмы менен аталып, азыркы Ала-Тоо аянтына анын эстелиги коюлушун, ошондой эле Ала-Тоонун атын алып жүргөн аянт Теңир-Тоо деп аталуусу керектигин белгилеген. Кат ээси андан ары аянттын чок ортосунда турган скульптор Тургунбай Садыков автору болгон эстелик тууралуу сөз кылат. А. Усупбаевдин оюнча, кыргыздын тарыхында эч качан аял киши түндүк көтөргөн эмес. Бул салтка да, наркка да сыйбайт. Экинчиден – эстелик эркиндиктин идеаяларына жооп бере албайт. Үчүнчүдөн – бул эстеликтеги аялдын образы мурдагы экс-президенттин аялынын элесинен көчүрүлүп алынган. Ошондуктан начар эстелик койгондон көрө эчнерсе койбой койгон жакшы. Ч. Айтматовду дүйнө билет. Демек Теңир-Тоонун залкар, улуу уулунун урматына акыркы сыйын көрсөтүп калсам деген каалоочулар четтен чыкмак жана мындай демилгени бир ооздон колдомок. Кат өлкө президенти Курманбек Бакиевдин наамына жазылган.

Гезит мындан тышкары мурдагы депутат Ташболот Балтабаевдин “Элдин революциясы - Бакиевдин төңкөрүшү” деген макаласын жана “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин интервьюсун окурмандарга сунуш кылды. Т. Сариев сөзүндө, Бишкек ТЭЦи, “Түндүкэлектр” жана “Жылуулук борбору” ишканаларын бийлик акча жүгүртүүсү 100 млн. долларга жеткен компанияларга сатабыз деп шарт койгонун, бирок акчасы мындай өлчөмгө жеткен Кыргызстанда бир дагы компания жоктугун, демек мунун артында бир мандем барын, энерготармакты туура пайдаланбагандыктын аркасында быйыл казынага 5 млрд. сом түшпөй калганын баяндады. Сариевдин айтканына караганда, Торугарттан күнүнө -100, Эркечтамдан -70 машина жүк Кыргызстанга кирет. Ар бир машинадан салыктан тышкары 1500 доллардан “салык” алынат. Бир айга көбөйткөндө 6 млн. доллар болот. Бул кимдин чөнтөгүнө түшүп келаткандыгы да чоң суроо. Ошондой эле Бишкекте 100дөн ашуун оюн-зоок жайлары, 70тей казино күнү-түнү жарыгы өчпөй күйүп турат, ал эми сүт иштетүүчү ишканалар менен тигүү цехтери 10-15 саат бою өчүрүлүүдө. Партия лидери эгер президент Бакиев тез арада саясатын өзгөртпөсө, оппозициялык бирикмелер февраль-март айларында Кыргызстан боюнча ар түрдүү акцияларды баштап, анын отставкага кетүүсүн талап кылышарын белгиледи.

“Аалам” гезити “Ооматы кеткен Ош базары” деген макала жарыялады. Атын атагысы келбеген соодагер айым, бүгүн Ош базарында 1 метр жер үчүн 30 сомдон акы төлөрүн, анысы аз келгенсип милийсалар да келип, алчусун “сурап” алып турарын, кечээ жакында эле акимиаттын кишилерине деп 1500 сомдон чогултуп беришкенин айтып берген. Дагы башка бир жарандын айтымында, алар таң атканча соода кылган жерин кайтарып чыгышат. Бетондолгон сыз жерге картон кагаз салып түнөп чыгат. Антпесе жерден ажырап калат. Бир метр жерден ажыраганы бир күндүк жашоодон ажыраганы. Мына ушинтип “ачык асмандын” алдында эмгектенип келаткан кыргыздын кыз-келиндери менен жигиттери эртеден кечке ысык тамак дегенди билбей, жалаң карандай чайдын катыгын беришет. Чаңы сапырылган жерге пирожки, самсы саткандар байма-бай каттап турат. Кыргыздардын минтип “өлбө жаным өлбө” тагдырына ХХI кылымды эмес, “тезек термей” доорун тартуулаган атка минер акелер кызыкмак беле, айтор суроо көп, жооп жок... деп жазды. Ушул эле гезит дагы бир макаласын “Кумтөр” алтын кенинин бүтпөгөн чырына арнады жана анын катарына тоо-кен өнөржай адиси Орозбек Дүйшеевдин “”Кумтөр” талашы дилетанттардын айынан создугууда” деген интервьюсун жарыялады.

“Кыргыз туусу” гезитит мамлекеттик жана коомдук ишмер Кемел Ашыралиев менен айылчарба тармагынын азыркы абалы тууралуу аңгемелешти. Ашыралиев мал чарбачылыгынын оош-кыйышын айтып келип, айрыкча тоолуу райондордогу жайыт саясатына токтолгон. Адистин айтуусунда, Кыргызстан боюнча 9 млн. гектар жайыттын 3 миллион гектары Нарын өрөөнүнө туура келет. Мына ушундай мүмкүнчүлүгү бар туруп нарындыктардын жакыр жашап жаткандыгы аны таң калтырат. Эгер союз мезгилиндегидей жайыттарды толук пайдаланса өлкө эбегейсиз эт, кымыз менен камсыз болору турган иш. Азыркы күндө алыскы жайыттар түгүл атасынын айылына бара элек, жылуу кабинеттерде олтурган жетекчилер арбын, булар иштеп турганда жайыт саясаты ишке ашышы кыйын. Анын үстүнө 17 жылдан бери илгерки жайыттарга барчу жолдордун нугу жоголуп, көпүрөлөр бузулуп, ал тургай алыскы жайлоо-кыштоолорго чейин тартылган электр зымдар, зымкарайгайлар кесилип, уурдалып, тонолуп Кытайга сатылып келбедиби деп кейиш менен кеп кылды.

Гезиттин ушул эле санында сандан санга жарыяланып келаткан эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун Түгөлбай Сыдыкбеков жөнүндөгү “Өмүр сабаганын уландысы”, тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун “Кудаяр хандын куулушу жана ажо Акаевдин качуусу”, “Мыскал Өмүрканова” деген макалалар жана “Кумтөр оперейтинг компани”, 111 кварталдын жыйынтыктары” деген эки беттен турган көлөмдүү материал да бар.

XS
SM
MD
LG