Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

Бүгүн жарык көргөн гезиттер негизинен оппозициялык күчтөрдүн Бишкекте өткөргөн Элдик курултайы жөнүндө сөз кылышты.

“Кыргыз туусу” гезити Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Ташманбет Кененсариевдин “Тирешүү, каршылашуу эч жакшылыкка алып келбейт” аттуу макаласына орун берген. Профессор Кененсариев макаласында курултай тууралуу сөз кылып: “Бийлик органдарына А. Атамбаевдин, Ф. Куловдун, М. Эшимкановдун, Ө. Субаналиевдин келиши, “оппозициячылардын” саясый мотивдер менен куугунтуктоолордун токтотулушу өлкөдө демократиялык принциптерди ырастайт. Президент башында турган ырасмий бийлик дайыма “башкача ойлонгондордун” үндөрүн угууга аракеттенүүдө. Дүйнөлүк кризис каптап турганда кыргызстандыктар “акыл-эстүү авторитаризмге” кайрылуулары керек деп кеңеш берген. Ушул эле гезит Кара-Кулжа райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Ноябидин Салиевдин “Кылыч тийген тактан, көңүлдө калган кек жаман же оппозициядагыларга айтаар сөз” деген катын да жарыялады. Автор 2008-жыл саясый жактан бейпил жыл болгонун, социалдык экономикалык маселелер чечилип жатканына калайык шүгүрчүлүк келтирип колдоп жатканын, жөлөк пул, пенсия көбөйгөнүн, такыр таланып, тонолгон өндүрүш өрүш алып иштей баштаганын оппозиция көргүсү келбей жатканын сөз кылган.

“Ачык саясат” гезити оппозиция лидерлеринин ойлоруна орун берген. Темир Сариев, күрөш жаңы гана башталганын, бул күрөш – үйбүлөлүк башкарууга, коррупцияга, алдамчылыкка, эки жүздүүлүккө каршы күрөш экенин билдирсе, Бакыт Бешимов, мезгили келген идеяны бир дагы армия жеңе албастыгын, мезгил келгенин, эл 18 жылдан бери маңкурттардын оккупациясынын алдында жүргөнүн айтты. Аликбек Жекшенкулов, лидерлер эл алдында бийликке сатылбайбыз деп ант бергенин, мындан ары алар таза, эл үчүн иштеп, катуу талаптар менен чыга тургандыгын белгилесе, Роза Отунбаева “Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстанды мазактап “тезекстан” деп атап алышыптыр. Бакиев Камбар-Ата ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ардакталып, сый-урматта жашайм, мейманчылап манты жеп жүрөм деп ойлоодо. Азыркы электр жарыгы ошол Бакиевдин айынан туңгуюкка кептелди. Азыр ойлосом Бакиев, Касымов экөөнүн эч айырмасы жок. Бири баш-аягы жок жол курса, бири дайыны жок ГЭС курууда. Келгиле туугандар, энергетиканын түбүнө жеткендерди түбүнөн кыркып бышыгына жетели, өз укугубузду коргоп, аны “энергия” жарык, Бакиевди кара туңгуюк деп атайлы” деп айтса, Өмүрбек Текебаев, “Бүгүн мына суубуз жок деп жарыксыз олтурабыз. Бизде суу жок эмес, биздин намысыбыз жок. Көмүрдүн үстүндө олтуруп алып тезек жагып жатабыз. Бизде көмүр жок эмес, абийир жок. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү эң негизги кризис – ыйман кризиси. Бүгүнкү бийлик элден эмес, Кудайдан да коркпой калды” деп айтты.

“Аалам” гезити композитор Турдубек Чокиевдин “Шоунун шойкондуу кесепети” деген макаласын тартуулады. Автор анысында минтип жазат. “Мелис Эшимканов телеге келгенге чейин ар кандай жолдор менен өзүн мыкты телешоумен деген атка кондурган Ассоль Молдакматованын арааны жүрүп турду. Бул айым азыркынын тили менен айтканда, пиар компанияны жакшы өздөштүргөн. Кыргыз музыкасын, улуттук маданиятты анализдеп, терең чагылдыруунун ордуна кийим-кечесин, макияжын, чачынан тырмагына чейин боелушун, кыскасын айтканда өз “автопортретин” тартуу менен алектенип келди. Кыргыз тилин билбеген, кыргыз үчүн күйбөгөн, ич дүйнөсүнөн сырткы келбетине чейин батыштын менталитетин жайылткан, даңазалаган “маски-шоу” менен эсте калды” деп жазды. Композитор андан ары А. Молдакматова түзгөн “Түнкү канал”, “Браво”, “Хит-парад” көрсөтүүлөрү элдин табитин бузуп, жаштарды олуттуу көз карашка тарбиялоодон оолактатып, маани-маңызы жок маек, аңгемелешүү, телефон чалышуу, СМСке кат жазуудан арылбай койду”. Айрым жылдыз атанган жаштар ал тургай Түгөлбай Сыдыкбеков ким деп сураса, уялып койбой “комузчу” деп жооп берип жатпайбы “ деп кейиш менен кеп кылды. Ушул эле гезит “Улуу инсан Исках Раззаковдун кызы кор турмушта жашап жатат” деген макала жарыялады. Анда Элмира Раззакова Маскөө шаарынын Владимир көчөсүндөгү коммуналдык эски үйдүн эки бөлмөсүндө эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жашап аткандыгы баяндалат.

Гезит ошону менен бирге эле белгилүү мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдуразаковдун курултай жөнүндө ойлорун сураган. И. Абдуразаков: “Туура айтышты. Кризиске малындык. Улуктарыбыз ууру болуп баратат. Элдин ырасмий бийликке талабы чыңалып, нааразылыктар улам күчөй баштаганынын синдрому, чоң симптому. Менин жүрөгүмдү оорутканы коомубузда карама-каршылык болуп калды. Ошол каршылыкты жымсалдап кеткенге дараметтүү, билимдүү, зирек, таза лидер керек. Андай лидерлерди азыркылардан көрө элекмин. Чыга тургандары чыгалбай жатат. Каражаты чектелүү. Азыр элге көрүнгөндөрдүн көбү ууру жол, арам оокат менен байыгандар. Өз жон териси менен мүлк күткөндөр бар, бирок алардын канатын жайылтпай жатышпайбы” деп айтты. Абдуразаков аңгемесин аяктап баратып, бул курултайда жаштардын жана элдин арбын болгону аны ыраазы кылганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG