Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик бардыгы УТРКнын айланасындагы окуяга байланыштуу ар түрдүү көз караштагы макалаларга, интервьюларга, ой-пикирлерге орун берди.

“Агым” гезити “Арзымат өлбөпсүң!” деген рубрика алдында “Эшик ырчы, эл акын, эл жазуучуларыбызга “ода” деген темада акын жана журналист Олжобай Шакирдин адабияттагы “арзыматчылыкка” арналган макаласын сунуш кылды. Анда кыргыздын аттуу-баштуу аксакал акындарынан тартып, азыркы күндө алардын жолун улап бараткан кийинки муундардын адабияттагы “арзыматчылыгы” жөнүндө сөз болот. Маселен деп жазат автор, эл акыны Омор Султанов учурунда экс-президент Аскар Акаевге арнап ыр жазып, бир чогулушта “Урматтуу Аскар Акаевич, сизди мен мыкты багбан деп эсептейм. Андыктан бийликте 5 жыл, 10 жыл болобу, дагы олтуруңуз. Дарактын мөмөсүн эми гана аларыңызда бийликтен кетип калганыңыз жарабайт” деп сүйлөп жүрүп эле 2005-жылы жарыкка чыккан “Ашуу төр” деген ырлар жыйнагыда ошол эле А.Акаевге:

“Күткөн бакыт күндөр жылып кечеңдеп,
Күлжигиттер, күлгүн кыздар чет элдеп.
Азына тең, а көбүнөн кем жүрөт,
Акүйдө сен сөз сүйлөйсүң тепеңдеп”, -
деп жазган.

Ошол эле Омокең азыркы президент К. Бакиевге:

“Ай туугандай Ала Тоонун бооруна,
Күн туугандай нур төшөлдү жолуңа”
же

“Ак тилейли купуя да, ачык да,
Ай азамат, алаңдаба, ашыкпа
”, - деп жазгандарын окурмандардын сотуна коет. Макалада улуу-кичүү башка-башка акындар тууралуу да сөз болот.

“Агым” ошону менен бирге эле генерал Мирослав Ниязовдун “Бизди реформа эмес адам куткарат” деген ат менен интервьюсун жарыя кылды. Ниязов кабарчынын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан буту-колунан кекиртегине чейин коррупцияга батты, буга таң калбай койсо деле болот деп билдирди. Кабарчынын: “Анда коррупцияны кантип ооздуктоого болот?” дегенине Ниязов: “ Бир эле жол бар. Ал үчүн бийлик башына эң таза, патриот, акылдуу адам келиш керек. Бизде болсо бийликке чыныгы мамлекеттик ишмер келелек. Эки адам тең кокустук менен келген. Эми үчүнчү жолу кокустук болсо биз Кыргызстандан ажырап калышыбыз мүмкүн” деп жооп берди. Ниязов баарлашуусунун акырында саясат деген өтө бийик искусство экенин, бүгүн бийликтин оппозицияга кылмыш ишин козгоп коркутканы, же оппозициянын революция жасайм деп коркутканы саясат эмес, дал ушул саясаттын деңгээлинин төмөндүгүнөн Кыргызстанда 100дөн ашык партия бар деп белгиледи.

“Кыргыз туусу” гезити Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиевдин 100 жылдыгына карата белгилүү журналист Мундузбек Тентимишовдун эки беттен турган баянын окурмандарга тартуулады. Гезитте ошондой эле окумуштуу Сооронсопунун Нурмолдо, адабиятчы Советбек Байгазиевдин “Токтогул” жөнүндөгү иликтөө макалалары бар. Гезит булардан тышкары “Эл башы болгончо суу башы бол” деген рубрика алдында “Суу жагдайы Борбор Азияга чуу салат же туңгуюктан чыгарат” аттуу макаланын алгачкы бөлүгүн жарыялады. Тарых илимдеринин доктору Ташманбет Кененсариев менен журналист Папан Дүйшөнбаевдин биргелешип жазган бул макаласында суу барган сайын талаштын чордонуна айланганы, бүгүн анын тегерегинде суу товарбы же товар эмеспи деген маселе кырынан коюлуп жатканы, кыргыз суусуна айрыкча муктаж Өзбекстан Кыргызстан менен Тажикстандын кубаттуу ГЭСтерди курушуна эмне себептен каршы болуп келаткандыгы кенен кепке алынган.

“Жаңы ордо” гезити окурмандардын көңүлүн 1-бетинде эле “Садыркулов менен Эшимкановду өрттөштү” деген аталышка жана гезиттердин өрттөлүп жаткан сүрөтүнө бурган. Анда Эшимкановду УТРКнын баш деректирлигинен кетирүү нааразылыгы менен ачкачылык жарыялап олтургандардын ойлоруна орун берилген. Ушул эле гезит “Президенттин айылы” деген ат менен К. Бакиев туулуп өскөн Сузак районундагы Ырыс айылы тууралуу сөз кылат. Булардан тышкары гезит Карыбай Турусбеков аттуу автордун “Кыргыз оппозициясына мат” деген ат менен орус тилиндеги макаласын тартуулады. Анда азыркы оппозициянын иши жана лидерлери сынга алынат.

“Урматтуу Курманбек Салиевич, Сиз 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстанда элдик революция болгон деп бир эмес бир нече курдай баса белгилегенсиз. Эгер чын эле ошондой болсо, анда эмне үчүн Кумтөр долбоорунун мыйзамсыз түзүлгөнүнө 3 жылдан бери жооп жок? Эгер Аскар Акаев мамлекеттик кылмышкер болсо, анда сиздин Революция эмне үчүн 1992-жылдын 2-декабрындагы Кыргыз өкмөтү менен “Кумтөр Голд Компани” түзгөн генералдык келишимди жокко чыгарып, баштапкы ордуна койбойт?” Мына ушндай суроолорду 1-бетине алып чыккан “Репортер Бишкек” гезити “Путин насыя бергени жаткан 2 млрд. доллардын кайда кетерин билебиз” деген макаласын басып чыкты. Анда дагы бир эл аралык финансы мафиясынын кылтагы Кыргызстандын мойнунда салаңдай баштаган жагдайы кеп болот. Гезит саясат иликтөөчү Марс Сариевдин кыргыз саясаты өтүп бараткан жылда кандай болгонуна сереп салган ойлорун да ортого салган. Азыркы оппозиция - бул чыныгы контрэлита. Кыргызстандын 15 жылдык өмүрүндө бийликке каршы бир гана оппозиция болду. Ал орусча ИДУ деп аталат же Өзбек Ислам Кыймылы. Мына ушул кыймылдын анык идеалык платформасы болгон. Ал эми биздин оппозициядан эмне үчүн жаныңарды кыят элеңер деп сурап көрүңүздөрчү, эмне деп жооп беришер экен деп суроо салган саясат иликтөөчү, андан ары Путиндин Кыргызстанга бере турган 2 млрд. доллары түп насилинде кыргызстандыктардын аң-сезимин Орусияны көздөй бурууга багытталганын, Кремль бүгүн дал ошол Батыш колдонуп жүргөн технология менен ишке киришкенин, эми Маскөөдөн келген миллиарддарды элдин өзүнө жумшагандан бөлөк Бакиевдин чарасы да жок экендигин, анткени босогодо ач-жылаңач 2009-жыл, анын жазы тургандыгын чечмелеп берген.

“Ачык саясат” гезити Мелис Эшимкановдун ордуна президенттик администрация башчысынын орунбасары Досалы Эсеналиевди бекитүү жарлыгы жарыяланганы жатыптыр, Эшимканов 5-каналды сураса, Акүйдөгүлөр “Агым” тарапты көрсөтүптүр деп, Акүйдөн чыгарылган Үсөн Сыдыков Таштемир Айтбаев менен сүйлөшүп, Бакиевди кызматтан кетиребиз деп антташыптыр деп, такталбаган маалыматтар боюнча жакын арада Т. Сариевге, А. Атамбаевге, И. Исаковго, И. Өмүркуловго кылмыш иштери ачылганы жатыптыр деп кабарлады. Бул гезит кыргыз оппозициясынын айрым өкүлдөрүнүн Вашингтондогу жолугушуулары жөнүндө баяндаган стенографиялык текстин көчүрмөсүн орус тилинде басып чыкты.
XS
SM
MD
LG