Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:55

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин башкы темасы алдыдагы шайлоо болууда.

“Учур” гезити ЖК депутаты Иса Өмүркуловдун: “Террордук саясаттан коркпойм” деген аталыштагы маектешүүсүнө орун берди.

Кабарчы андан: “Сизди каралаган маалыматтардын ичинде “Иса Өмүркулов темир жолдон топтогон акчасына Испаниядагы курорттук зонадан вилла алып, ошол жерден кыздар менен кучакташып сүрөткө түшүптүр” деген имиш кеп бар...” деп сураганда И. Өмүркулов: “Испанияда эмес, башка жакта да виллам жок. Мунун баары далилсиз кептер. Кызматта таза иштегеним үчүн чындыкты көзүнө айтып, оппозицияда жүрөм. Эгер артым таза болбосо минтпейт элем. Жарандардын жашоосуна коркунуч туудурган, өлтүргөн, өрттөгөн, баарын саткан мамлекетте кандайча жашоого болот? Азыр биздин алдыбызда “өлкөбүз өлкө боюнча калабы, кийинки урпактарга бир нерсе калтырабызбы?” деген чоң суроо турат. Ошондуктан оппозицияда жүргөн жигиттер башты канжыгага байлап коюп ушул жолду тандап алдык. Мен күч органдарынын жүргүзгөн тергөөсүнө ишенбейм жана мен да жөн жатып бербейм. Себеби ушуну менен төрт чакырылышка депутат болуп олтурам. Мени колдоп делегациялар келип жатышат. “Эми кезек сизге келдиби?” деп сурашууда. Мен бүгүнкү бийликтин ыплас, террордук саясатынан коркпойм” деп айтты.

Гезит андан ары “Интербилим” бейөкмөт уюумунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын “Фашисттик идеологияга түшүп баратабыз” деген интервьюсун баскан. Асия айым шайлоо кандай өтөрүнө токтолуп, бул шайлоодо деле 2007-жылдын декабрь, 2008-жылдын октябрь айларындагы ыкмалар колдонуларын, шайлоо протоколдору бийлик кандай кааласа ошондой жазыларын сөз кылган.

Келаткан шайлоого талдоо жүргүзгөн саясат иликтөөчү Орозбек Молдалиев: “Кабыл алынган Башмыйзамда “президент 2 мөөнөткө 5 жылдан, октябрь айнынын акыркы жекшембисинде жалпы элдик шайлоо аркылуу шайланат” деп бакырайып жазылып турат. Эми көрбөйсүңөрбү? Кебелип да коюшкан жок, жайдын аптабына жылдырып салышты. Ары-бери жылдыра салыш Консотто олтурган он чакты кишинин гана чечими. Көз ачып жумганча Башмыйзамды буйдалап беришет. Президент өзү айтып атпайбы, “юриспруденция деген бул өтө тонкий нерсе экен, наркы жылына деле, берки жылына деле жылдырып койсо боло берет турбайбы” деп. Бул эмнеден кабар берет.? Мыйзам туруктуу болуп, аны ар бир үтүр, чекитине чейин сыйлап, аткармайынча коомдо туруксуздук боло берет, керек болсо мындан да өрчүйт” деген оюн билдирди.

Президенттик шайлоонун жайкыга жылдырышынын дагы бир себеби барынын табышмагын жандырган саясат иликтөөчү, президент 2-мөөнөткө шайланып алса ары-бери дегенче ал мөөнөт да өтөрүн, анан Консот дагы бир жолун таап чыкса К. Бакиев 65 жашка толо элек болот дагы 3-мөөнөткө аттанарын, ошондуктан азыркы жасалып аткан иштердин баары алдын ала кылдаттык менен ойлонулуп, ийне-жибине дейре изилденип, эсеп-чоту алынып туруп чечилген чечим экендигин белгиледи.

Ушул эле санга ЖК депутаты Муратбек Жураевдин: “ Өзүбүздүн жерди ижарага пайдаланып олтурабыз” деген маеги жарык көрдү. Депутат мырза Баткен аймагынын чегарага жакын жайгашкан айыл-кыштактарынын адам ыйлагыдай абалын, лейлектиктер менен баткендиктердин алдуу-күчтүү жаштарынын 80 пайызы Россия менен Казакстанда жүрүшкөнүн, оор турмуштун айынан кыргыздар там-ташын тажиктерге сатып жиберип атышканын, коңшулар алгач жерлерди убактылуу ижарага алып иштетип, анан биротоло ээлеп калышарын, Арка деген жерден 2 миң гектар жер ушундай жол менен тажиктердин колуна “өтүп” кеткенин кеп кылган. Жураев маегинин аягында: Биз 19 километр жер бердик, анын ордуна тажиктер берчү 3,5 километрден да баш тартып, 275 метр нейтралдуу зонаны Адахан Мадумаров тажиктерге “белекке” берип, кайра биз алардан өз жерибизди ижарага алып жатабыз. Ал жерде Досбол Нур уулу, Мамат Айбалаев, Рахат Ачылова төрөлүшкөн. Тим эле күйөсүң! Алтургай “белекке” берилген 275 метр жер боюнча өкмөттүн парламенттеги өкүлү М. Капаровдун да кабары жок экен” деп жаны кейиген.

“Айат пресс” гезитинин бүгүнкү санына баяндамачы Жыргалбек Касаболотов “Ата Мекенсиз” оппозиция утпайт” аттуу макаласын окурмандарга тартуулады. Анда минтип жазат: “Исмаил Исаков президенттик жарышта жеңишке жетишине үмүт кылбаса дагы, өзүнө каршы ачылган кылмыш ишин убактылуу токтотуп турууга мыйзамдуу негиз тапты. Анткени аны чектелүү түштүк электораты, ириде алайлыктар, анан армиядагы аны сыйлаган офицерлер колдошу мүмкүн.

Аликбек Жекшенкулов президенттикке койсо да ушул жагынан утат. Анткени ал айыл аралабаган, жалаң тышкы саясатта жүргөн “паркет саясатчылардан”.

Турсунбай Бакир уулу мусулмандар жамаатына таянган өңдүү. Бирок бул жагдай жетиштүү добуш алыш үчүн өтө эле аздык кылат.

Алмаз Атамбаев өзү айткан “саясый өлүк” менен кучакташып, колунан сыйлык алган, андыктан ага элдин колдоосу Чүй өрөөнү менен гана чектелет, андан ашпайт.

Бакыт Бешимов академиялык чөйрөдө, дипломаттар арасында белгилүү болсо да карапайым калк ичинде анча тааныла элек. Ага караганда эл аралап, март окуяларында көпчүлүк менен жакындан таанышкан Роза Отунбаеванын шаасы көбүрөөк.

“Акшумкар” партиясынын эң даярдыгы жетилген лидери Кубат Байболов болучу. М. Садыркуловдун табышмактуу өлүмүнөн кийин Байболов үйбүлөсү менен АКШга сапар чекти. Партиянын экинчи бир чоң башчысы Темир Сариев негизинен Сокулуктагы шайлоочулары менен гана чектелет.

Андыктан оппозициянын бирден бир жолу - Өмүрбек Текебаевдин же жок эле дегенде “Ата Мекен” партиясынан чыккан көрүнүктүү бир лидердин тегерегине баш кошуу. Эгерде андай болбосо буларды кийин чилдей таратып жок кылыш иттен оңой болуп калат да, булар өз келечегине эле балта чаппастан,элдин үмүтүно да акыркы ирет суу себишет” деп баяндады.

Гезит андан ары ЖК депутаты Иса Өмүркуловдун: "Мени каралаган казак жигитке жардам бергем” деген, БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун: “Бир жакадан баш чыгарып, биримдикке умтулабыз” деген, Өмүрбек Текебаевдин: “Таранчыдан корккон таруу экпейт” деген маектешүүлөрүн сунуш кылган. Акыркысына сизди кысташса кантесиз?” дегенине:”Андай ойлонуп көрөм” деп жооп берди.

Токтоло кетели. Кабарчынын:”Текебаевдин президент болууга шаасы бар эле, баш тартканы оппозициянын үзөңгүдөн буту тайыганы” дегендерге айтарыңыз?” деген суроосуна Текебаев: “Шайлоочуларга “адам эмес, заман тандагыла” деп айткым келет. Жаңы системаны тандоого убакыт жетти! Оппозициянын ичинен ким президент болуп шайланбасын концепцияны жарым жыл, бир жылдын ичинде ишке ашырууну убада кылышкан. Биз бир адам үчүн эмес, команда үчүн добуш бергени жатабыз” деди.
XS
SM
MD
LG