Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Мыйзамы бийлебеген өлкөнү кылмышы бийлейт


Санжар Кадыралиевдин сөөгүн атылган жерден алып кетишүүдө. 14-апрель, 2009-жыл.
Санжар Кадыралиевдин сөөгүн атылган жерден алып кетишүүдө. 14-апрель, 2009-жыл.

Жарык көргөн гезиттердин баары Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Санжарбек Кадыралиевдин каргашалуу өлүмү жөнүндө жазып жатышат...

“Аалам” гезити Бахтияр Шаматовдун “Санжарбек Кадыралиевдин өлүмү криминалдыкпы же партиялык “разборкабы?” деген аталыштагы макаласын басты. “Негизи мындай болушу керек эмес эле. Буга чейин да 3 депутат атып өлтүрүлүп, жоголуп кеткен бирөөсүнүн дайыны али чыга элек. Биздин коомдо азыр баары аралашып кетти, башкасын айтпаганда да парламентте олтурган азыркылардын кимиси мурда кандай адам болгон, кылмышкерби, ишкерби, тазабы, кирби, аны караган жан жок. Кечээ эле атып өлтүрүлгөн, аты көпчүлүккө али белгисиз депутат, жапжаш жигиттин өлүмү да көп ойлорго түртүп турат. Окуянын бети ачылабы, жокпу, белгисиз” деп жазса, гезиттин дагы бир кабарчысы Жолдошбек Зарлыкбеков: “Бул жигит Баямандын базарында кимдер канча акча табаарын билчү. Бакиевдердин буга тиешеси болгон эмес. Баековалар “ойногон”. Санжардын өлүмү саясат эмес, өз тобундагы иш болду көрүнөт” деп жазды.

Ушул эле журналист экинчи бир макаласына ИИМ өткөргөн маалымат жыйынында лицензия берүү боюнча башкармалыктын башчысы Канат Дүйшекеевдин айткандарын шилтеме кылат. Анын айтымында, Кыргызстанда легалдуу курал сатып алгандардын саны былтыркыдан быйыл 20 пайызга көбөйгөн. Журналист Ж.Зарлыкбеков: “Бул саясый өлтүрүү Бакиевдердин короосуна таш ыргыткан нерсе болуп калды. Санжар кезинде “Алай” мейманканасын алып коелу деген топтун башында болгон. Баяман каршы чыккан. Бүгүн Курманбек Салиевичке каршы “иттин уулу байгара” да күрөшкө чыгып аткан маалда бул саясый атыш өлкөгө жакшылык алып келбейт. Түштүктүн түмөн иши эми башталчудай” деп жыйынтыктайт, “Автомат сатам, аласызбы?” аттуу макаласынын аягын.

Белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 90 жылдыгына карата аксакалдын макалаларын жарыялоону улантып келаткан гезит экс-министр Бекболот Талгарбеков менен да маектешкен. Кабарчынын: “Сиз президенттикке бирдиктүү талапкер катары түштүктүк лидерге токтолуу маселесин көтөргөн элеңиз? Коомчулук аны кандай кабыл алды?” деп сураганына Бекболот мырза “Мен сүйлөшкөн адамдардын баары ал сунушту колдоп жатат. Учурда оппозиция 4 талапкер боюнча өз ара сүйлөшүү жүргүзүп жатыптыр. Алар - Ө.Текебаев, А. Эркебаев, Б. Бешимов, И. Исаков. Ар кыл адамдар менен пикирлешип, төртөө тең элден колдоо табарына ынандым” деп жооп берген. Бекболот Талгарбеков ошону менен бирге эле түндүктүк 4 лидер – Т. Сариев, А. Атамбаев, Р. Отунбаева, М. Ниязов тууралуу да ойлорун ортого салган.

Гезит ошондой эле өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын билим берүү тармагы эң эле коррупциялашкан тармактардын көч башында, же экинчи болуп аталганын да кабарлаган.

С. Кадыралиеввге байланыштуу кандуу окуянын саясый өңүтүн иликтөөгө алган “Айат пресс” гезити баяндамачы Жыргалбек Касаболотовдун макаласын окурмандарга сунуштады. “Саясат жана кылмыш. Баарынын саясатка тиешеси болгон, баары кылмыштын запкысын чегишкен” деп белгилеген автор” “Үсөн Кудайбергенов – Феликс Куловдун досу. Жыргалбек Сурабалдиев – Аскар Акаевдин жактоочусу. Баяман Эркинбаев -24-март окуясынын спонсору. Абдалим Жунусов – анын атаандашы. Тынычбек Акматбаев – Рысбек Акматбаевдин иниси, ал болсо азыркы бийлик башындагылардын жакыны. Медет Садыркулов - ноябрь митингдеринен кийинки саясаттын автору, өтө көп сырлардын ээси. Сергей Слепченко – анын санаалашы, “Ак жол” партиясынын авторлошу. Санжар Кадыралиев – Баяман Эркинбаевдин душманы, Рысбек Акматбаевдин жакыны, азыркы “Ак жол” партиясынын мүчөсү” деп жазат. Жыргалбек Касаболотов андан ары: “Бийликке жакын чөйрөлөрдүн өз ара айыгышкан күрөшү муну менен эле токтоп калчу күрөш эмес. Кийинки кезек күч органдарынын көрүнүктүү өкүлдөрүнө, же бийликтин таанымал тарапкерлеринин бирине жетиши мүмкүн. Азыр бизде мамлекеттик кызыкчылык 1-орунда турбаган соң булардын ички карама-каршылыгы эмнеге алып келерин күтүүдөн башка жол жок. Агай чейин Кыргызстандын бийлик системасы Бабахандын “бөрү зынданы” бойдон кала бермекчи” деп баяндаган.

Гезитке экс-вице-премьер Элмира Ибраимованын: “Жанымды корголоп, бир жагына качайын деген ниет жок” деп аталган маеги да басылган. Дагы эле эл ичинде күбүң-шыбыңы токтобой келаткан М. Садыркуловдун өлүмү жөнүндө Элмира айым: "Медет Чокановичтин акыркы убактарда бардык күчтөрдү бириктирүүгө жасаган аракети – анын өлүмүнө себеп болуп калышы ыктымал", - деп айткан.

Гезит ага улай эле юрист Ахунбай Кошоевдин ойлоруна орун берген. Кыргыздын оппозициядагы жигиттерин бир сыйра сындан өткөргөн юрист Кошоев Кыргызстан Орто Азиядагы эң жакыр өлкө экенин, аны ушул абалдан чыгаруу үчүн буга дейре кандай гана аракеттер болгонун, Акаевди кетирип тынганыбызды, калыс бийлик орнотуп, коррупцияны жоймокчу болгонубузду, бирок мунун бири да ишке ашпаганын сөз кылып келип: “Азыркы мезгилде Путиндей кайраты бар, өлкөбүздү тартипке келтирчүлөрдүн бири – Мирослав Ниязов. Бул кишини Бакиев өзүнүн мураскери кылып көрсөтүп берсе элге да, президенттин өзүнө да жакшы болгон турат” деген оюн айтты.

“Учур” гезити “Темикенин тескери кетмейинен” деген тема алдындагы макаласында кечээ БЭКтин саясый кеңеши “Форум” ишканасынын имаратына чогулуп, оппозициядан бир лидерди алып чыгуу маселесин сүйлөшкөнүн, тилекке каршы талаш-тартыш күчөп, сүйлөшүү үзгүлтүккө учураганын, катышкан 13 адамдын 11и Алмаз Атамбаевге кол көтөрсө, Темир Сариев кайдыгер болгонун билдирген. Гезит тараткан маалымат боюнча эки- үч күн аралыганда оппозиция кимди лидер кылып алып чыгарын аныктайт.

XS
SM
MD
LG