Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

"Кыргызстанда шойкомдуу тирукмуш иштер болуп жатат"


Депутат Санжар Кадыралиевдин сөөгү анын туулган жерине Өзгөндүн Кызыл-Сеңир айылына коюлду

Депутат Санжар Кадыралиевдин сөөгү анын туулган жерине Өзгөндүн Кызыл-Сеңир айылына коюлду

Санжар Кадыралиевдин киши колдуу болгон окуясы жөнүндө “Агым” гезити "Кандуу Жогорку Кеңеш же депутаттар тараса кимге пайда, кимге зыян?” деген макала жарыялады. “Кыргыз туусу” гезити “Депутат С. Кадыралиев киллердин колунан каза тапты?” деп, “Жаңы ордо” гезити “Санжар шамшардай курч, көкжал, элинин намысына жараган, туу көтөрөр жигиттердин бири болчу деп”, “Ачык саясат” гезити “Сурабалдиев, Эркинбаев, Акматбаев, Кадыралиев, кезекте ким...” деп жазып чыгышты.

“Ачык саясат” гезити журналист Абдувахаб Мониевдин: “Улуттук лидер издейбиз. А улутубуз ким өзү?” деген макаласын сандан санга жарыялоону уланткан. Ага улай эле “Кыргызстандын ар бир жараны үчүн күйөбүз деп президент экөөбүз ант ичкенбиз” деген ат менен гезит кабарчысынын ЖК депутаты Жусупжан Жээнбеков жана жоголуп кеткен депутат Руслан Шаботоевдин бир тууган эжеси Сымбат Шаботоева менен маектешүүсү басылып чыкты.

Сымбат Шаботоева сөзүндө: “Мен Суталиновдон аябай үмүт кылгам. Бирок ал адам эч кандай көңүл бөлгөн жок. Тууганчылык катары сурансам да жардам бербеди. Азыр бир гана Жусупжан Жээнбеков байкеден үмүт кылып, ушул адамды караан тутуп калдым” деген.

Жусупжан Жээнбеков: "Кыргызстанда шойкомдуу тирукмуш иштер болуп жатат. Жаш жигиттер жоголууда. Белгилүү саясатчы Садыркулов кандай өлүмгө туш болду. Мына ушундай өкүнүчтүү окуялар болуп атса да чиркей чагып койбогонсуп бийлик унчукпай олтурат. Мамлекеттин келечеги кандай болот, билбейм. Убагында президенттен үмүт чоң эле. Шайлоодо мен ал адамдын жанында жүргөмүн. “Кыргызстандын ар бир жараны үчүн күйөбүз” деп, президент экөөбүз ант ичкенбиз. Билбейм, деги кандай заман болуп калды. Кээде карап туруп: “Эгер сенин балаң жоголосо эмне кылат элең?” деп сурагым келип кетет” деп зар какшап.

Ушул эле гезит “Садыркуловдун өлүмү саясатташууда” деген кабарында, парламент түзгөн комиссиянын мүчөсү, депутат Галина Куликова эки жумадан бери тергөө органдарынан эч маалымат алалбай айласы кеткенин, ал болгону Баш прокуратурадан ДНКнын анализдерин, “Ауди” автомашинасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновдун сурак протоколунун көчүрмөсүн сураганын кабарлап, “... демек Садыркуловдун өлүмү “саясый буюртма болгон” деген ушак чын окшойт” деп маалымдады.

“Агым” гезити аны “Кандуу Жогорку Кеңеш же депутаттар тараса кимге пайда, кимге зыян?” деген аталыш менен атаса, “Кыргыз туусу” гезити “Дептутат С. Кадыралиев киллердин колунан каза тапты?” деп, “Жаңы ордо” гезити “Санжар шамшардай курч, көкжал, элинин намысына жараган, туу көтөрөр жигиттердин бири болчу деп”, “Ачык саясат” гезити “Сурабалдиев, Эркинбаев, Акматбаев, Кадыралиев, кезекте ким...” деп, “Кыргыз руху” гезити: “Депутаттын өлүмүнө кимдер кызыкдар?” деген суроолорду коюу менен жазып чыгышты. Ушул эле “Кыргыз руху”: “Алтурсун үйбүлө курууга үлгүрбөгөн Санжарбек Кадыралиевдин өлүмүнө чын эле кимдер кол салышы мүмкүн?” деп суроо коюп, төмөндөгү төрт версияга:

1- “Карасуу” базарына байланыштуу,
2- “Криминалдык чыр-чатакка байланыштуу,
3- Саясый атаандаштыкка байланыштуу,
4-Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу
деп божомол таштап, “Маркум Баяман Эркинбаев көз жумган соң “Кара-Суу” базарына Санжар расмий эмес түрдө ээлик кылып калган. Мүмкүн базардагы контейнерлерге куда түшкөндөр түбүнө жеткендир. Эми анын ээлери да алмашат го. Экинчиден “разборкаларга” байланыштуу болушу мүмкүн.

Анткени депутат болгонго чейин бир гана спорт чөйрөсүндө алектенбестен, кылмыш дүйнөсүнө да аралашып келген деген имиштер айтылып жүргөн. Балким ал мына ушул кылмыш дүйнөсүн колуна алгысы келгендир. Бирок анын мындай ою тирүүсүндө ишке ашмак эмес, ал буга өтө эле чабалдык кылмак” деп ой жоруган гезит акыркы версияга да токтолгон.

“Маркум Медет Садыркуловдун өлүмүнө тийиштүү окуяны билген болуш керек. Санжардын оозун так ушундай жол менен жаап, сары улактай “садага чаап” коюштары деле мүмкүн” деп баяндаган.

“Айгай” гезити БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров менен маектешип жатып; “Президенттикке талапкер катары Алмаз Атамбаев көрсөтүлүп жатыптыр деген кеп тарады. Ошол чечим жөнүндө айта кетсеңиз?” дегенине: “Кечээ чечим кабыл алынды. Бир талапкерге токтолдук.

Бирок ал талапкердин аты-жөнү ким экендигин 20-апрелде жарыя кылабыз” деп жооп берди. “Добуш берилгенде эмне үчүн Темир Сариев калыс добуш берди?” дегенине Бекназаров:” Жок. Темир Сариев “Өзүмдүн партиялаштарым менен кеңешейин. Мүмкүнчүлүк бергиле, өзүм чечкендей болуп калбайын. Анткени, мени колдогон ак сакалдар, коомдук уюмдар бар” деген оюн билдирди” деп жооп берген.

“Союз мезгилинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына уйчу, койчу көп шайланчу. Анан эгемендик келип, профессионал парламент түзүлдү. Алардын ар бирине үй, кызматтык машине, кызматын кылганга катчы, жардамчы берип жылуу-жумшак жерге отургузуп койдук. Казынанын акчасын да депутаттар бөлүштүрөт. Кол тийгис укугу бар. Натыйжада текшергич органдардын запкысын тарткан акчалуулардын баары депутаттыкка аттанды. Максаты бирөө эле – депутат болуп калса, беш жыл бою мышыгын бирөө “пыш” деп койбойт” деп сөз кылган “Агым” гезити, демек криминалдагы же бизнестеги кишилер депутат болуп келсе, ал атаандаштарын көмүскөдө туруп алып муунтканга кудуреттүү экендигине, анткени ал депутаттын айтканын сот, прокуратура, ИИМ, фиксалдык органдар уга тургандыгана коомчулуктун көңүлүн бурган.

Макаласынын аягында гезит: ”Эгер депутатты кол тийбестигинен ажыратып, маянасын азайтып, үй эмес жатаканадан жай берип, кылмыш кылса участкалык милийса да кармаганга укуктуу кылып койсо азыркы дептутаттар биринин артынан бири мандаттарын тапшырат болучу” деп жазды.

“Кыргыз туусу” гезити Кыргыз –Орус Славян университетинин эларалык мамилелер кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Байбосун Бөрүбашев менен маек курган. Улуттук идеология жөнүндө сөз кылган профессор бүгүн улуттук идеологияны көтөрөлү деген бир дагы партияны көрө электигин, идеология менен экономика бирине эриш-аракак мамиледе болорун, ал эми аткаминерлер эч качан идеологияны көтөрүүгө барбастыгын кеп кылган.

Профессор маегинин бир жеринде: “Мен айтар элем Курманбек Салиевичке, “Ак жолдун” башына улуттук идеологияны иштеп чыккан, күйгөн, ошого түшүнгөн, билген кишини жетекчиликке койсо деп. Көрүнгөнгө машина белек берип, тигил же бул айылга ун-талкан таратыш партиянын иши эмес. Булардын ою эптеп эле бийликке жетиш керек. Азыр улуттун келечегин, элдин камын ойлоп, башкаруунун кемчиликтерин аныктап айтайын деген бир дагы саясый партия жок” деген оюн билдирген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG