Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Жарык көргөн гезиттер Алмазбек Атамбаевдин шайлоого аттанышын талкууга ала башташты.

“Мен “Азаттык” үчүн ачкачылыкка да барам”. Ушинтип айткан сокулуктук жигит Өндүрүш Токтоназаровдун чакан маегин бүгүн жарыкка чыккан “Ачык саясат” гезити окурмандарга сунуш кылды. Өндүрүш мырза бийлик чындыктан корккону үчүн “Азаттык” радиосун бууп жатат деп түшүнөрүн, жакында анын жеке демилгеси менен “Азаттык” радиосунун угармандарынын кыймылы” деген кыймыл түзүлгөнүн, бийлик “Азаттыктын” уктурууларын чектөө менен бирге адам укугун чектеп, көз көрүнөө тебелеп жатканын айтат. Ал түзгөн кыймыл мындан ары кандай кадамдарды жасай тургандыгына токтолот.

Ушул эле гезитке журналист Абдувахаб Мониевдин “... Же Акүй “ясаулу” Масауловдун “долбоору” эмнени каңкуулайт?” деген ат менен макаласы басылды. Автор анысынын бир жеринде:”Дал ушул Сергей Масаулов менен Оксана Малеваная сымал дээринде Мекен, Улут деген ыйык түшүнүктөр бар экени күмөндүү адамдар мамлекеттин “келечегин аныктап”, Ата Мекенибиздин тагдыры менен ойноп олтурбайбы. Калктын мээсин тумандатып, маң кылууну максат кылган “Обращение к нации”, “Президентский курс” аталган тексттерди даярдап, өлкө башчысына окутуп атпайбы. Президент өзү жөндүү түшүнөрү да арсар тартып турат” деп жазды. Абдувахаб Мониев андан ары: “Бул бийликтен грамм да ишенич жок. Кыскасы алдыдагы саясый таймаштарда Курманбек Салиевичтин жеке натурасы, “фамилиясы” утулуштан башка жолго алып барбайт” деп бүтүм чыгарган.

“Атамбаевди биз сатып кеткенбиз. Тарых үчүн чындыкты айтып коюшубуз керек” деп айткан БЭКтин мүчөсү Азимбек Бекназаровдун интервьюсу, оппозиция өкүлдөрүнүн колдору коюлган кагаздын көчүрмөсү менен кошо басылып чыкты. Ушул эле санга генерал Мирослав Ниязовдун “Шайлоого катышканга К. Бакиевдин моралдык укугу жок” деген ат менен маеги жарыяланды. Буга удаа эле айрым бир белгилүү инсандар “Шайлоодо ким жеңет?” деген суроого өз ойлорун билдиришкен. Маселен Кыргыз Эл баатыры С. Жусуев:”Эл азыр мурункудай өз укугун тебелетпей, сабаттуу болуп калды. Кыскасы эл кимди шайлашты терең түшүнүп калды” десе дагы бир Эл баатыры С. Эралиев: “Кыргызга жандили менен күйгөн, кыргыз рухун көтөрө турган адам шайланышы керек” деп, жана бир Эл баатыры М. Мамакеев:”Бийлик элдин добушун уурдаса, чоң чатак болот. Мисалы президент болом деп аткан Мотуевди, доктор Апасты ким шайлайт? “Мания величия” деген оору бар. Бул оору менен ооруган адамдар тамтырап, оюна келгенди сүйлөй берет” деп, экономист А. Сарыбаев: “Президенттик шайлоо Бакиев кааласа таза өтөт, кааллабаса таза өтпөйт. Элди бага турган, элге күйүп иштей турган жигиттерибизди негизсиз эле басынта бергенди токтотуп, баарына тең карасак жакшы болот эле” деп, Кыргыз эл артисти Т. Казаков: “Менимче бул шайлоодо Курманбек Бакиев утат” деп жооп берген.

“Депутат дегениң Кыргызстанда атып өлтүрүлүп, соттолуп, куугунтукталып жаткан журналисттер сыяктуу эле өтө кооптуу адиске айланды” деп кеп баштаган эркин журналист Үсөн Касыбековдун “Элдин үнү чымын чаккандай” аттуу макаласын “Аалам” гезити сунуш кылды. Автор саясый ишмерлердин киши колдуу же кырсыктан апат болгондугунун бети ачылбагандыгы кадыресе тенденцияга айланып баратканын, көп эксперттер бийлик криминалдашып, ал эми криминал саясатташып кеткенин бекеринен айтып жатпаганын белгилейт. Саясат иликтөөчү Марс Сариевдин “Кыргызстан түз эле бандиттик мамлекетке айлануунун босогосунда турат” дегенин шилтеме кылган Ү. Касыбеков: Бийлик олимпинде “кербен жүрө берет, ит үрө берет” деген принцип биротоло орноду. Коррупция өстү, компотентсиз чиновниктер жайнап көбөйдү, алардын азабынан экономика эңшерилип, кедерине кетти. Криминал өз эркин таңуулай баштады” деп баяндады.

Шайлоо маселесине “Аалам” гезити аркылуу оюн билдирген академик Жамин Акималиев: Алмаз Атамбаевдин талапкер болгону оппозициянын жетишкендиги. Алмазды мен абдан жакшы билем. Сабаттуу, тың, көз караштарын бетке айткан жигиттердин бири. Мен үчүн негизгиси оппозициянын бириккени болуп жатат. Булар бириге албай талашка түшөбү деп ойлоп жаттым эле. Бирок андай болбой, биримдикке келишти. Эми кимди шайлап алат, аны убагы келгенде эл өзү чечип алат” деп айтты.

Бүгүн массалык маалымат каражаттарынын катарын “Көк асаба” деп аталган дагы бир жаңы гезит толуктады. Гезиттин биринчи бетиндеги алакандай кабарда режиссер Жаныш Кулмамбетовдун “Чыңгыз жана Бүбүсара” аттуу көркөм тасмасын кино сынчы Гүлбара Төлөмүшова Маданият жана маалымат министри Султан Раевге кайрылып, фильмди элге көрсөтпөй тыйып салуу керек деп талап койгонун, аталган кинотасманы сынчы “порнография” деп атаганы үчүн Ж. Кулмамбетов Төлөмүшованы сотко бергенин маалымдады. “Коомдук жана рухий” гезит деп аталган “Көк асаба” гезитинин башкы редактору буга чейин “Агым” гезитинин жооптуу катчысы болуп иштеп келген журналист Салтанат Кыдырмаева. Гезит 3 жарым миң нуска менен жарыкка чыккан.

“Кыргыз туусу” гезитинин кабарчысы Мырзакат Тыналиев жакында базарда өрүк саткан баткендик таанышы менен сүйлөшүп калганын, көрсө биздин базарларда “Баткендин өрүгү” деп сатылып аткан өрүктөр чынында кытайдан алынып келинерин, Кыргызстанда килограммы дүңүнөн 70 сомдон сатыларын, андан кийин сатуучулар өз билген баасын кошуп алып сата берерин жазып чыкты. Автор андан ары таластык бир үй-бүлө кытай алмасына ууланганын, ага чейин Суусамырдагы сатылган кымыздардын көпчүлүгү Кытайдан келген порошоктордон жасалары аныкталганын, тилекке каршы сырттан ташылып келинген азыктарга толук лабораториялык көзөмөл жүргүзүлүп жатат деп айтууга болбостугун белгилеп, мына ушул көрүнүштөр мындан ары туристтердин келишине да тескери таасирин тийгизе тургандыгына токтолгон. Гезитке мындан тышкары “Кадыралиевди аткандар табылбаса ИИМ реформага кабылабы?”, “МАИ кызсматкерлеринин айыбын сот аныктайт?”, “Барышева айымдын кезектеги курмандыгы”, “Алдамчылык менен жер саткан, бирок жазасыз калган” деген ат менен макалалардын топтому да окурмандарга сунуш кылынды. Ошону менен бирге эле сандан санга жарыяланып келаткан тарыхый баяндарды жарыялоо улантылган.
XS
SM
MD
LG