Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Катчылыкпы же сакчылыкпы?


Бүгүн жарыкка чыккан гезиттер Арашандагы курултай тууралуу жазып чыгышты.
Бүгүн жарыкка чыккан гезиттер Арашандагы курултай тууралуу жазып чыгышты.

Өкмөттүк “Кыргыз туусу” гезити III Элдик курултай жөнүндө эч кандай маалымат берген жок. “Ачык саясат” жана “Аалам” гезиттери Арашан айылындагы жыйын тууралуу жазып чыгышты.

“Аалам” гезити эркин журналист Үсөн Касыбековдун “Төөнүн куйругу” деген макаласын окурмандарга сунуштаган. “Президент К. Бакиев бардык саясый күчтөр, анын ичинде радикалдуу оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдиргенде коомчулуктун ичинде ынтызарлык пайда болгон эле. Асыресе президенттин катчылыгы менен президентке караштуу стратегиялык талдоо жана баа берүү институту кийинки кездерде өздөрүн өз алдынча саясый күч катары жарыялап, олуттуу билдирүүлөр менен чыгып жатканы байкалат. Ушундан улам президенттин админстрация башчысы Данияр Үсөнов азыр демилгесин тарттырып жиберип, колунан жарытылуу иш келбей, четке сүрүлүп, чүнчүп калган түзүмгө айланды десек жаңылбас элек” деп белгилеген. Катчылыкты сынга алган автор аталган макаласынын аягында: “Алар улуу урматтуу президенттин кычыгына тие турган суроолордун берилишин жанына жакын жолотпоо боюнча касам ичкенби деген ой келбей койбойт. Эгер катчылык мындай ыкма менен иш алып бара берсе качандыр бир кезде убада берилген диалогдун ишке ашып кетиши арсар. Андан түңүлүп койгондон артыгы жок. Бул болсо төөнүн куйругу жерге тийгенде гана диалог болушу мүмкүн дегендикке жатат” деп жазды.

Ал эми “Арашан. Үчүнчү элдик курултай” деген ат менен жарык көргөн макаласында кабарчы Жолдошбек Зарлыкбеков:”Арашан айлында жекшембизде 3-элдик курултай өттү. КТР айткандай 3 миңдей адам топтолду деген жарыясы туура эмес го дейм. Бериси 8 миңден 10 миңге чейин адам топтолду. Элдик жыйында Алмаз Шаршенович азыркы бийликке катуу каршы сөздөрүн айтты. Курултайда канча шайлаганың менен добуш уурдалып кетет деген пикирлер көп болду” деп маалымдады.

Ушул эле курултайдан “Ачык саясат” гезити кеңири репортаж бергенге үлгүргөн. Алмаз Атамбаевге ак батасын берүү үчүн жыйынга атайын Кыргыз Эл Баатырлары Сүйүнбай Эралиев менен Сооронбай Жусуев баш болгон маданияттын ири өкүлдөрү келишкенин сүйлөгөн сөздөрүнө сүрөттөрүн кошуп жарыялаган. Белгилүү мамлекеттик ишмер Роза Отунбаева: “Бүгүн биз Кыргызстандагы демократияны жөнгө салалы, жаңы заман, жаңы системаны алып келели деп чогулдук. Кеп Атамбаевда эмес, кеп жаңы заманда болуп жатат” деп айтты.

Аталган гезит “Оптимисттик трагедия” аттуу рубрика алдында “Элмира Ибраимова партиясын “акжолтой” кылабы?” деген макала басты. Автор анысында “Ак жол” партиясынын төрага орунбасары Э. Ибраимованын президент К. Бакиевге кайрылган катын талдоого алган. Элмира айым өзүнүн ал партияга киргенин өлкөнүн туруктуулугуна жана өнүгүшүнө колдоо көрсөтө турган коомдук кыймылды түзгөндүгү менен түшүндүргүсү келгенин, а чын-чынына келгенде бул партия М. Садыркуловдун “ашкан уюштуруучулугу” менен демократиялык өң-түспөлү бар мурдагы Башмыйзамды жокко чыгарып, үй-бүлөлүк бийликке жол ачкан жаңы Конституцияны кабыл алып бергенин эске салган. Андан ары автор “Ак жолдун” өзөгүн Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигине кызмат кылган атка минерлер, ошол эле бийликтин куралы болгон “Адилет”, “Менин өлкөм”, “Алга, Кыргызстан” сыяктуу партиялардан куралганын белгилеген. Партияда кечээ эле “Бакиевдин бир туугандарын Кыргызстан багалбайт” деп кыйкырып жүргөн Кабай Карабеков, президенттин 2-мөөнөтүнүн камын жеп жүргөн Зайнидин Курманов өндүүлөр барын, кыскасы “Ак жол” аттуу партия К. Бакиев бийликтен кетери менен кошо жок болучу уюм экенине токтолгон.

Гезитке булардан тышкары ИИМ министри М. Конгантиевге ИИМ ардагерлеринин “ачык каты”, президент К. Бакиевге микровтобус айдаоочулардын кайрылуусу да басылган.

Булардан тышкары “Сасык саясатка саякат”, “Полковник Кырккелди Кыдырбаевге кол салган ким?”, “Петровкада чатак чыкты” деген макалалар бар. Ал эми “Адахан Мадумаров президент болобу?” деген макаласында Мирлан Токтошев аттуу автор: ”Адахан мырзада “Кыргызстандын президенти болом” деген саясый амбиция жок эмес. Президент Бакиев Германияда дарыланып атканда күбүң-шыбың кыла коюп, ЖК төрагалыгынан да ушул амбициясынан улам ыргыган дешет. Ак үйдө азыр бийлик, байлык бөлүштүрүүдө таасир талашкан 3-4 топ бар имиш. Анын бири - Мадумаров, Үсөнов жанан башкалардын тобу экен. Кокус ал келечекте президент болом деп чыгып калса сөзгө чечендиги менен карапайым калктын кайсы бир бөлүгүн имериши мүмкүн” деп жоромол таштаган.

“Аалам кризисинен Кыргызстан алсырайбы же утуш менен чыгабы?”, “Долларлык эмиссиялар кризисти жеңилдетеби же тереңдетеби?” Мына ушул суроолорго жооп издеген журналист Папан Дүйшөнбаевдин өлкөнүн экономикалык жагдайына сереп салган макаласы “Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санына жарыяланды. Ушул эле гезиттин дагы бир кабарчысы Мырзакат Тыналиевдин макаласы: “Бизнеске жолтоо болгондор же мамлекет башчысынын саясатын тоготпогондор” деп аталган. Анда “Совет бригады” деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун иши сынга алынган. Мындан тышкары аталган басылма “Борбор Азиядагы суу кризисинен кантип чыгууга болот?”, “Эки жылда 225 наристе чет өлкөлүктөргө берилген”, “Жаз жарышында жагдай жакшы”, “Кут даарыган Кара-Буура” деген аталыштагы макалаларга окурмандардын назарын бурган. “Илимий тактык болбосо тарых тантыган жомокко айланат” атуу макаласында автор коомчулуктун бүйрүн кызытып аткан академиялык 15 томдукту жазууда тарыхый инсандардын ишкердүүлүгүнө карата илимий жактан такталган, тарыхыйлуулук принцибине негизделген так мамиле, акыйкаттуулук жана калыстык болсо деген каалоо-тилегин билдирген.
XS
SM
MD
LG