Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Кыргызстанда революциянын доору бүттү


Петровкадагы окуялар гезит беттеринин башкы темасы болуп турат.
Петровкадагы окуялар гезит беттеринин башкы темасы болуп турат.

Бүгүндөн тартып Назира Орозалиеванын башкы редакторлугу менен орус тилдүү “Лица” гезити кайрадан жарык көрө баштады.

"Лица" гезити алгачкы санын басылманын мурдагы башкы редактору Бермет Букашеванын интервьюсу менен ачкан. Бермет айым кабарчынын айрым бир суроолоруна жооп берип келатып, калемдештери жөнүндө да айтка кеткен. Журналисттерди оппозициясы да, бийлиги да кол жоолуктай пайдалангысы келерин, пайдаланып да жатканын кеп кылган. Акыркы мезгилде алтургай аларды сабап, өлтүрүп да коюуда. Айтор оппозциянын да, бийликтин да кайнаган казаны бир.

Кабарчы: - Сиз бир ирет коомдун ушунчалык деградацияланып калганына аябай нааразы болгон элеңиз. Айтыңызчы, эл да жаңылабы?

Б. Букашева: - Эмне үчүн жаңылбайт экен? Жаңылганда да кандай жаңылат. Баарына эл күнөөлүү. Кыргызда “эшегине жараша тушагы” деген накыл сөз бар. Элинин кейпи кандай болсо, эл башкаруучусу ошондой болот. Адам өзү өзгөрмөйүн, Кудай аны өзгөртө албайт. Кудайдын кудуретине татый турган иш жасабай туруп, асмандан келе турган кереметти күтүүгө болбойт. Жакшы падыша деген ракета минип алып эле жерге өзү түшүп келбейт, ал биздин мээбизден, ичибизден өсүп чыгышы керек.

Кабарчы: - Сиз тарыхчысыз. Кыргызстанда жаңы революция болушу мүмкүнбү?

Б. Букашева: - Менин ички туюмумда революция дегендин доору бүттү деп ойлойм. Албетте, бийлик алмашат, бирок азыр эмес. Романтикалык демократия эйфориясынын күүсү тарады. Кыргызстанга прагматикалык доор келди.

Бермет айым андан ары ушу кезде өзү да жандүйнөсү менен кризиске батып, анын түпкүрүнөн же оңго, же солго бара турган жолду таппай турганын, бүгүнкү болуп аткан окуяларга, турмуш менен жашоого ал азыр таптакыр башка сезим, башка туюм менен карай баштаганын айтып берген.

Аталган гезит андан ары “Белгисиз маршрут” деген кинотасманы тарткан талантуу кинорежиссер Темир Бирназаров менен аңгеме-дүкөн курат. Темир мырза аталган тасмасы менен Тажикстандын “Дидор” деп аталган кинофестивалына барып катышканын, ага чейин “Белгисиз маршруттагы” окуялар жалгыз гана кыргызга таандык деп жүрсө, кинону көргөндөн кийин тажик көрөрмандар 15 мүнөт туруп алып кол чаап ыйлашканын, көрсө окуя тажиктерге да мүнөздүү экенин байкаганын айтат.

Т. Бирназаров художник, маданият ишмери катары кыргыз кыздарынын чет элдиктерге турмушка чыгып атканын, өздөрүн бөлөк-бөтөн элге сатып атканын орду толгус кайгы, чоң жоготуу деп эсептейт. Минтип кете берүү улутту жер менен жексен кылат деп кейийт. Аракечтик, уурдап-тоноочулук, кайдыгерлик, аткаминерлердин ачкөздүгү менен дүйнөкорлугу ашынганын кеп кылат. Кыргыздагы эң эле жаман нерсе көралбастык экенинне көңүлү зилдейт. Кыргызстандын көрүнгөн келип-кетип, түнөп баса берүүчү атканага айланып баратканына жаны кашаят.


“Депутат Кадыралиевдин өлүмүнүн жаңы сырлары чыгууда” деп атлган макала жарыялаган “Дело №...” гезити редакцияга ушу тапта Кадыралиевге байланыштуу анын камакта жаткан жансакчысынын атасы, ички иштер кызматынын ардагери Дыйкан Мамазаиров кайрылып, уулунун эч кандай күнөөсү жоктугун, шектүү делген пистолет анын баласына (жансакчысына) эмес, депутат С. Кадыралиевге таандык экендигин айтып берген. Дыйкан Мамазаировдун сөзү боюнча уулу Эрнис Мамазаиров ок атылганын угары менен чуркап жетип, Санжардын курунда асылып турган пистолетин чечип алып, депутатты аткан киллерди кууп жөнөгөн...

“Дагы бир табышмактуу жагдай, Санжар алып жүргөн бул пистолеттен 2006-жылдын 5-декабрында кылмыш дүйнөсүнүн Базар-Коргон району боюнча “кожоюну” 30 жаштагы Болот Аширов атып өлтүрүлгөн. Мына ушул кандуу пистолет кайдан жүрүп Кадыралиевге таандык болуп калган” деп таңгалат аталган гезит.

Гезит андан ары президенттин мурдагы админстрация башчысы М. Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Галина Куликованын парламент трибунасында айткандарын, комиссия иликтеп чыккандан кийин пайда болгон айрым бир түшүнүксүз жагдайларга окурмандардын көңүлүн бурган.

Биринчиден, өрттөнүп кеткен “Лексусту” уктап кетип сүзүп алган Осмонов аттуу айдоочу “12 таш” (“12 камней”) деп аталган кафеде иштеген Айгерим деген кызына жолугуп, кайтып келатканда жол кырсыгына кабылганы жөнүндө түшүнүк берген. Бирок текшере келгенде ал кафеде деги эле Айгерим аттуу адам иштебегендиги белгилүү болгон.

Экинчиден, тергөө Кой Ташта Медет Садыркуловдун дачасы бар болчу деп көшөрүп жатат. Ошол эле учурда М. Садыркуловдун жубайы Айнагүл Токтогулова ал жерде алардын эч кандай дачасы жоктугун айтат.

Үчүнчүдөн, экспертизанын жыйынтыгы шек туудурат. Анткени лабораториялык текшерүүдө М. Садыркуловдун денесинен ичкиликтин изи табылган эмес. Бирок М. Садыркулов менен Казакстанда чогуу болгон журналист Аркадий Дубновдун айтуусу боюнча Садыркулов спирт ичимдигин ичип олтурган.

Жогорку Кеңештин депутаты Г. Куликованын ишениминде “Лексус” оңой-олтоң эле күйүп кете турган машина эмес.

Кабарчы: - Сиз бул окуяга башка депутаттарга караганда эмне эле мынча күйүп-бышып жатасыз?

Г. Куликова: - Медет Чоканович мен үчүн кымбат адам, жакшы дос болгон. Аны менен мен көп жыл чогуу иштегем. Бул адам “Ак жол” партиясын түзгөндөрдүн башында турган...

“Ошентип маркум Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу түзүлгөн парламенттик комиссия иши 1-июнга чейин улантыла турган болду. Бирок мындан деле оңчулуктуу жыйынтык чыгарына ишенүү кыйын” деп жазат жумалык.

“Петровка: чекит коюлабы же көп чекитпи?” Мына ушул аталыш менен жарык көргөн макалада акыркы күндөрү коомчулукту дүрбөлөңгө салган окуя тууралуу баяндалат. Гезит редакциясына телефон чалгандар: “Славян фондусунун президенти Валерий Вишневский деген эме эмне кылып кылып жүрөт? Бул тууралуу орус элчилиги эмне деп жатат? Эмне үчүн кенедей орус кызын кайдагы бир зөөкүр зордуктап атса, ага боор тартып болуша турган кыргыздардан башкалар жок?” деп айтышканын шардана кылат.

Бул айылдан азыр 5 үйбүлө Карл Маркс айлына көчүрүлгөнүн, бирок аталган айылдын тургундары да жаңы коңшулапрдын келишине нааразы болуп, кайра көчүп кетишин талап кылганы жатышат деген маалыматтар бар экенин, күрттөрдүн 50 үйбүлөсүн көчүрүү чечимин айыл жыйыны кабыл алганын маалымдаган.


XS
SM
MD
LG